Октагондун сыртында: Валентина Шевченко Кыргызстан, үй-бүлө жана чемпиондуктун барк-баасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун жана Элдик дипломатия эл аралык шериктештигинин вице-президенти Ассоль Молдокматованын "Дүйнө лидерлери" автордук рубрикасы.
"Дүйнө лидерлеринин" бүгүнкү каарманы – легендарлуу спортчу, аралаш мушташ өнөрүндөгү эң күчтүү аялдардын бири, UFC чемпиону Валентина Шевченко.
Биз көп жылдан бери таанышпыз. Балким, дал ушул себептен улам бул жолу наамдар, курлар жана рейтингдер жөнүндө эмес, алардын артында турган адам жөнүндө сүйлөшкүм келди. Мен Валентинага чексиз суктанам. Ушул жылдар аралыгында анын айланасында дээрлик баары өзгөрдү: өлкөлөр, ареналар, беттештердин масштабы, популярдуулук, дүйнөлүк таануу. Бирок таң калыштуусу, эң башкысы – өзү Валя өзгөргөн жок. Ошол эле жөнөкөйлүк, ички сабырдуулук, адамдарга урмат-сый, үй-бүлөгө жана машыктыруучуга берилгендик, Кыргызстанды сүйүү.
Жылдар бою бийиктикте турган адам кандай сезимде болот? Бүткүл спорт дүйнөсү таанып турганда өзүн жоготпоо үчүн эмне кылуу керек? Аренанын жарыгы өчкөндөн кийин чемпиондун ичинде эмнелер калат? Ондогон жылдар бою эң катаал кесиптик спортто болуп, жумшактыгын, адамкерчилигин, достукту жана жакындарын баалай билүү жөндөмүн сактап калууга болобу? Мен ушул суроолорго жооп тапкым келди.
– Валечка, сизди ар дайым күчтүн символу катары көрүшөт. Бирок лампочкалар өчүп, беттеш аяктап, октагондон түшкөндө чемпион эмнени сезет? Ичинде эмне калат?
– Чынында, бул суроого этап-этабы менен жооп бере алам. Беттешке даярдануу мени өзгөчө режимге салат: толугу менен көңүл топтойм, тышкы эмоциялар жана сезимдер дээрлик жок болот. Беттешке мүнөзүмдүн эң мыкты, эң чыдамкай жана татыктуу сапаттары көрсөтүлүүгө тийиш болгон кичинекей салгылашууга чыккандай чыгам. Беттеш аяктап, колум көтөрүлүп, мейманканага кайтып келгенде, адреналин дароо эле жоголбойт – ал дагы эки күнчө менин ичимде калат. Эң татаалы – беттештен кийинки биринчи жума болот го дейм. Организм нон-стоп режимде жашоого, туруктуу физикалык жана психикалык жүктү көтөрүүгө көнүп калгандыктан, күтүлбөгөн жерден баары бүткөндө, ал эмне болуп жатканын түшүнбөйт. Уйку өзгөрөт, режим өзгөрөт. Сырттан баары тынч көрүнгөнү менен, ичинде беттештин чыңалуусу дагы эле калат. Бир жумадай өткөндөн кийин гана акырындап түшүнө баштайсың: мен жеңдим, баары бүттү, баары жакшы, эми эс алсам болот. Анын үстүнө, жеңиштен кийин менде ашыкча эйфория болбойт. Тескерисинче, тынчтык пайда болот: мен өз милдетимди аткардым, жана жан дүйнөм тынч.
– Чемпион болуу үчүн эмне маанилүүрөөк: талант, тартип, чыдамкайлык же сабырдуулук?
– Баары чогуу. Эгерде кандайдыр бир сапат жетишпесе, аны башкалар менен толуктоого болот. Бирок баары тең салмактуулукта жана гармонияда болгондо, анда чындап эле жакшы натыйжалар жаралат. Дагы бир факторду сөзсүз түрдө кошот элем – кесипкөй машыктыруучу. Жөн гана өз ишин билген адам эмес, окуучусун, өзүнүн мушкерин сезе билген, бир кичинекей деталь менен глобалдык нерселерди оңдоп, спортчуну жеңишке жеткире алган машыктыруучу. Мен тагдырыма Павел Федотовго жолуктурганы үчүн абдан ыраазымын. Ал мени бийиктиктерге жетелөөдө. Андагы машыктыруучулук жөндөм табияттан берилген.
– Мен Павел Федотов менен көп жылдан бери таанышмын, бир убактарда телеканалда чогуу иштегенбиз. Азыр экөөңөрдү карап туруп, убакыт сизди да, Павелдү да өзгөртпөгөнүн байкап жатам. Жөнөкөйлүк, боорукердик, кең пейилдик, ички жарык сакталып калыптыр. Спорттун чоң, катаал дүйнөсүндө бул сапаттарды кантип сактап калгансыз?
– Өзүм боюнча айтсам, баары абдан жөнөкөй. Суроолор жаралса, кыйын болуп кетсе же кеңеш керек болсо, жанымда ар дайым кайрыла турган адамдар бар. Павел абдан акылдуу адам, ал укмуштай көп нерсени билет жана ар дайым жардам берет. Апам бар. Эжем бар, ал менин жашоомдун тиреги жана ар дайым жанымда болуп келет. Алардын бардыгы жана колдоосу чындап эле абдан жардам берет. Негизи адам канчалык бийикке чыкпасын жана кайда болбосун, адамдык сапаттар сакталышы керек деп ойлойм. Мен үчүн достук сезими абдан маанилүү. Татыктуу деп эсептеген нерсеңди эч кандай жагдайга алмаштырууга болбойт. Эгер досуң кыйынчылыкка кабылса жана жардамга муктаж болсо, жардам беришиң керек. Азыркы дүйнө артыкчылыктарды бир аз өзгөртүп жатат. Мисалы, азыр "өзүңдү сүй" деген сөз көп кайталанат. Мага бул бир аз жат көрүнөт. Мен аны "Өзүңдү сыйла. Дүйнөнү сүй" деп алмаштырмакмын. Анткени "өзүңдү сүй" деген формула кээде бир аз эгоисттик нерселерди пайда кылат. Менимче, мындай ураандардан жогору турган нерселер бар.
– Апаңызды жана эжеңизди айттыңыз. Елена Аркадьевна өзү спортчу, өтө туруктуу жана сабырдуу адам. Албетте, көптөгөн руханий принциптериңизди ал салгандыр. Антонина экөөңөрдү кантип тарбиялашты? Эже-сиңдилердин ортосунда көп учурда атаандаштык жаралат. Силерде да ушундай болгонбу?
– Биздин үй-бүлөдө тескерисинче болду. Антонина экөөбүз тең спорт менен абдан эрте машыга баштадык. Мен беш жашымда спортко келдим. Антонина менден улуу, ошондуктан ал биринчи баштаган. Апам өзү спортчу, тхэквондо боюнча кара белбоонун ээси, тай бокс федерациясынын президенти. Бизди спортко апам алып келди. Тхэквондо менен машыга баштадык, ал жерде чыгыштын жекеме-жеке күрөш философиясы бар. Бул жөн гана дене көнүгүүлөрү эмес – бул машыктыруучуга, улууларга, команданын тажрыйбалуу мүчөлөрүнө урмат. Ал эми Кыргызстан өзү эле мындай мамилени тарбиялайт. Биздин маданиятыбыз көбүнчө улууларды сыйлоого негизделген. Кыргыз маданиятын сактап, коргоп, муундан-муунга өткөрүп берүү зарыл деп ишенем, анткени анда көп нерсе камтылган. Урмат – эң негизги сапаттардын бири. Ошондуктан Антонина экөөбүздүн ортобузда эч качан чыныгы атаандаштык болгон эмес. Ал менден улуу жана ар дайым мени коргоп турчу, мелдештерде мени карап, бирдеме болуп калбасын деп байкап турчу, машыгууларда жардам берчү. Түшүнбөгөн нерсемди түшүндүрүп берчү, айтор, жакшыраак болушум үчүн баарын жасачу. Ал эми эл аралык мелдештерге чыга баштаганда, дээрлик ар дайым чогуу болчубуз. Бири-бирибизге ушунчалык таянып алгандыктан, атаандашууга орун калган эмес.
– Жашоо адамдарды абдан көп өзгөртөт, айрыкча адам чоң атак-даңк, акча жана популярдуулук дүйнөсүнө туш болгондо. Валя, мен сизди көп жылдан бери билем, ал кезде кандай болсоңуз, бүгүн да ошондойсуз. Ички дүйнөңүздү сактап калууга эмне жардам берди?
– Менимче, көп нерсе жашоо образына жана жаныңдагы адамдарга байланыштуу. Мен үчүн өзүм бойдон калуу маанилүү. Башкалар ойлоп тапкан образга дал келүүгө аракет кылуунун кереги жок. Эгер кырдаал менден күч талап кылса — мен күчтүүмүн. Мүнөз көрсөтүү зарыл болсо — көрсөтөм. Бирок бул катуулукту кадимки жашоого алып келүүгө милдеттүү эмесмин. Балким, ошондуктан баары табигый түрдө болууда.
– Спортчулардын бир нече мууну спортко келип, карьерасын жыйынтыктап кетишти, ал эми сиз эң жогорку деңгээлде калып келесиз. Бүгүнкү күндө спортчулардын жашы тууралуу өзгөчө көп сөз болуп жатат. Сиз үчүн бул чек кайда?
– Адамдын жашы маанилүү эмес. Эгер ал туура тамактанып, машыгуу режимин, калыбына келүүнү жана уйку режимин сактаса, жаштык абдан узакка сакталышы мүмкүн. Эң биринчи ката – бул жаштын белгилүү бир чеги бар деген ойду аң-сезимге киргизүү. Коом: «Бул курактан кийин күрөшүү кыйын болот» деп айта баштайт. Эгер адам бул ойду кабыл алса, ал ага таасир эте баштайт. Аны дароо эле четке кагуу керек. Мен үчүн жаш деген түшүнүк жок. Эгер дене мындан ары мүмкүнчүлүк бербесе — анда макул. Бирок эгер каалаган жашта сен менен эч ким теңтайлаша албашын, эч ким сени жеңе албастыгын сезсең, демек, баарын туура кылып жатасың. Мен азыр дал ушундай сезимдемин. 33 жылдан бери жекеме-жеке кармаш менен алектенип, өмүр бою спорттомун. Карьерамда мушкерлердин үч-төрт мууну алмашты. Спортчулардын пайда болгонун, өскөнүн, чокуга жеткенин, эң жогорку чегине чыкканын, анан карьерасын жыйынтыктаганын көрдүм. Алардан кийин кийинки муун келди, андан кийин дагы бирөө. Ал эми мен дагы деле чокудамын, анткени, спорттук жашоомду болушунча узагыраак кылуу үчүн оор жүк менен эс алууну кантип туура тең салмактоону билем. Интернетте же дагы бир жерде айтылгандарды укпаш керек. Бир гана өзүңдү кантип сезип жатканыңа көңүл бур. Ички абалын сенин башкы индикаторуң: уланткың келеби же токтой турган мезгил келдиби.
– Октагондун сыртында Валентина Шевченко жалгыздык сезеби?
– Мен бул суроого жок деп айта алаарыма кубанам. Сонун досторум, сонун командам бар. Алар ар дайым мени колдоп, жанымда болушат. Бири-бирибизден алыс болгон учурда да, алардын бар экендигин сезем. Айланамдагы адамдар менен баарыбыз бир толкунда экенибизди абдан баалайм жана ыраазымын. Менин жакын чөйрөмдө рухий жактан мага жакын эмес адамдар жок. Биз — бир командабыз. Алар мени колдоп, алдыга умтулууга энергия беришет. Ошондуктан менин жашоомдо чыныгы жалгыздык сезими жок.
– Америкага келгениңизде, бул дээрлик алгачкы кадамдардын мезгили болгон. Сиз бул дүйнөгө кирип, ыңгайлашып, жеңип, Кыргызстанды даңазалагандардын бири болдуңуз. Ошол мезгилдеги Валентина Шевченко азыркыдан эмнеси менен айырмаланат?
– UFCдеги биринчи беттешиме чейин эле тай боксу боюнча 17 жолку дүйнө чемпиону болчумун. Ал эми ММА боюнча биринчи дүйнө чемпиону наамын 2003-жылы Түштүк Кореяда алгам. Кореялык спортчуга каршы беттешип, аны өз үйүндө жеңгенмин. Ошол учурда дээрлик эч бир кыз ММАда профессионалдуу түрдө чыккан эмес. Азыр Роунда Роузи, Жина Каранону бул спорттун алгачкы аялдары катары көп айтышат. Балким, алар чындыгында эле Америкада биринчи белгилүү ысымдар болушкандыр, анткени алар ошол жерден баштап, таанылышкан. Бирок 2003-жылы алар ММА боюнча профессионалдык карьера менен алектенишкен эмес, кийинчерээк келишкен. Менин жолумду оор деп айтуу кыйын, анткени өзүмө кызыктуу болду. Жумушуңду сүйүп, бул сенин жашооң экенин түшүнүп, чындап жактырган ишиң менен алектенгенде, кыйынчылыктар тоскоолдук катары кабыл алынбай калат. Биз абдан көп саякаттап, мелдештерге үзгүлтүксүз барып, ар кайсы өлкөлөрдө жашадык. Дээрлик сегиз жыл Латын Америкада, Перуда жана Амазонканын жунглисинде жашадык. Бул укмуштуудай окуя болду. Бирок спорт дайыма биринчи орунда турду.
– UFCге өз алдынча чоң жолду басып өткөндөн кийин келдиңиз десек болобу?
– Так ошондой. Мага эч нерсе оңой келген эмес, бирок жолум ушундай болгонуна абдан ыраазымын. Азыр беш-жети беттеш өткөрүп, UFC менен келишим түзгөн спортчуларды көрүп жатам. Менин жолум такыр башкача болгон. Узак жолду басып өтүшүм керек болчу, спорт дүйнөсүн ичинен таанып-билишим, ар кандай промоушендердин кантип иштээрин түшүнүшүм керек болчу. Таиландда беттештим, Кытайда көп жолу чыктым. Ар кандай: күлкүлүү жана чындап коркунучтуу кырдаалдар жаралган. Анын баарын көрдүм, ошондуктан бүгүнкү күндөгүмдү баалай алам. UFC – бул дүйнөлүк деңгээлдеги эң жогорку уюм. Ал жерде адамдар укмуштай кесипкөйлүк менен иштешет, баары башынан аягына чейин саат сыяктуу иштейт. Алар чындап эле спортчуларга кам көрүшөт. Муну так айта алам, анткени башка көптөгөн уюмдарды көрдүм, аларда азыркы UFCдегидей деңгээл жакындашкан да эмес.
– Эмне үчүн кээ бир спортчулар катуу чыгышат, тез эле көтөрүлүшөт, кайра тез эле жоголуп кетишет? Ал эми сиз ондогон жылдар бою чокуну багындырып келесиз?
– Бул жерде көп факторлор бар: спортчунун өзүнүн мүнөзү, машыктыруучу, тартип, ийгиликке болгон мамиле. Текеберчилик абдан коркунучтуу. Адам өзүнүн баарына жеттим, дүйнөдөгү эң улуу адаммын деп ойлой баштаганда, жашоо белгилүү бир учурда бул туура эмес экенин сөзсүз көрсөтөт. Кээде бул абдан катуу тиет. Кээ бирлери андан кийин сынып калышат, баарын кайра нөлдөн баштоого күч табышпайт. Албетте, тартип керек. Мен кечки саат ондо уктап, эрте турам, дайыма эле кечелерге бара бербейм, ичпейм, тамеки тартпайм. Бирок мен муну курмандык катары кабыл албайм. Бул менин жашоом, менин ритмим, мен ушундаймын. Бул режим жылдар бою курулган жана мага иштейт. Ошол эле учурда тең салмактуулук абдан маанилүү. Жаш спортчуга көп машыгуу, формага келүү, техниканы жана стратегияны үйрөнүү, ар кандай атаандаштарды көрүү зарыл. Бирок айрымдар бул процессти жасалма түрдө тездетүүгө, өзүн кыйноого аракет кылышат, анан жыйынтыгында “күйүп” кетишет. Бул туура эмес. Эс алуу машыгуудай эле маанилүү. Эгерде дене калыбына келбесе жана кийинки сыноого даяр болбосо, бир күнү ал физикалык жактан чыдабай калат. Травма, операциялар да ушундан башталат, анан кайсы бир күнү адам улантууга күч таппай калат. Ошондуктан тең салмактуулук абдан так түзүлүшү керек. Бул жерде машыктыруучунун да жоопкерчилиги чоң: спортчуну болушунча кыйнап жибербөөгө тийиш, андай болсо, спортчу үч жыл катуу чыгат дагы, токтойт. Ошондуктан аны узак дисциплинага үйрөтүшү керек. Океан шашпайт жана токтобойт. Ал алдыга жылат, толкундары чоң күчкө ээ. Менимче, спортчу да океандай болуп алдыга жылыш керек: кубаттуу, тынч, сабырдуу.
– Миллиондогон адамдар сиздин машыгууларыңызды көрүшөт. Бирок Валентина Шевченко машыккысы келбеген күндөр болобу? Чуркоону өткөрүп жиберип, эс алып, эч нерсе кылбай отургусу келеби?
– Албетте, мындай учурлар болот. Эң башкысы – жалкоолук менен чыныгы чарчоонун ортосундагы айырманы түшүнүүнү үйрөнүү. Кээде бул жөн гана жалкоолук, а жалкоолукту жеңүү керек. Ал эч качан эч кандай жакшылыкка алып келген эмес. Эгер жөн гана жалкоолонуп болуп жатканымды түшүнсөм, баары бир залга барам, акырындык менен созулуп, жылынып баштайм, анан бир маалда машыгуу учурунда баары ачылгандай болот – энергия келет, жана мен толук кандуу иштей баштайм. Бирок дене чын эле: «Мага эс алуу керек» деп айткан да абал болот. Ошондо жок, бул жалкоолук эмес, организмге чын эле калыбына келүүсү керек деп түшүнөм.
– Кайра жүктөөбү?
– Ооба, кайра жүктөө. Бул айырманы сезе билүү өтө маанилүү.
– Валя, бир нече муундагы спортчулар алмашып кеткенин, ал эми сиз дагы эле алдыңкы орунда турганыңызды айттык. Кеңири карап көрөлү, чемпиондорду тарбиялоо үчүн эмне кылуу керек? Дүйнөлүк деңгээлдеги спортчунун пайда болушун эмне аныктайт?
– Менимче, биринчи кезекте туура машыгуу ыкмасы, туура беттешүү ыкмасы жана албетте, тажрыйба керек. Мисалы, мага көп саякаттап, ар кайсы залдарда машыкканым чоң роль ойногон. Ар кандай спарринг-өнөктөштөр менен иштейм, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген көптөгөн ыкмаларга жана мектептерге туш болом. Ушунун аркасында мен үчүн кайсы бир атаандаш кандай алып барарын билүүдө дээрлик эч кандай сыр жок. Ар кандай стилдерди көрүшүң, аларды түшүнүшүң, кайрадан ыңгайлаша билүүң керек. Анан албетте, машыктыруучунун туура көз карашы чоң мааниге ээ. Ушундан көп нерсе көз каранды.
– Азыркы учурда Кыргызстанда ММА таптакыр башка масштабга ээ болууда. Сиздин оюңузча, бул спорттун системалуу колдоосу канчалык маанилүү?
– Кыргызстанда азыр ММА Ассоциациясы өнүгүп жатканына абдан кубанычтамын. Мен мамлекеттин күчтүү колдоосу менен бул спорт бизде көкөлөп кетиши мүмкүн деп эсептейм. Мен ар дайым айтып келгем жана айта берем: Кыргызстан — контакттык согуш өнөрлөрү өзгөчө жакын болгон өлкө. ММА, бокс, күрөш, чыгыш согуш өнөрлөрү — мунун баары ар дайым чоң кызыгууну жараткан. Панкратион боюнча биринчи турнирлер, аны канча адам көрүүгө келгени эсимде. Бизде өткөн кикбоксинг боюнча турнирлерди да унуткан жокмун. Бул жөн гана спорттук мелдеш эмес — бул чыныгы шоу, чоң окуя, майрам болгон. Көп жыл мурун бизде өткөн турнирлердин атмосферасы укмуштуудай болгон дей алам.
Кыргызстандыктарда жекеме-жеке кармаш өнөрүнө болгон өзгөчө сезими бар окшойт. Биздин адамдар атаандашууга жөндөмдүү, көпчүлүгү кичинекей кезинен спорт менен машыгышат, мелдешке чыккылары, жеңгилери келет. Бул абдан маанилүү. Менин оюмча, дал ушунда келечектеги жеңиштердин чоң потенциалы жатат.
– Анда мындай потенциалы бар биздин балбандардын эмне үчүн, мисалы, UFCде азырынча көп эмес?
– Анткени Кыргызстандан чыккан спортчу басып өтүүчү жол Америка же Бразилиядагы балбандын жолуна караганда бир топ узун. Ал жакта спортчу кээде 5:0 эсеби менен эле келишим алат. Биз болсо бизди байкап, көрүш үчүн дүйнөнү кыдырып, чоң айлампаны басып өтүүгө аргасызбыз. Ар кайсы өлкөлөрдө, ар кайсы уюмдарда чыгып, деңгээлиңди тынымсыз далилдешиң керек. Бирок Кыргызстан дүйнөлүк спортто абдан олуттуу орунду ээлейт. Азыр бизде UFCде төрт балбан бар, эжемди кошкондо бешөө болчубуз. Бизде ONE Championship, RIZIN чемпиондору, башка эл аралык промоушендердин чемпиондору бар. Ошондуктан Кыргызстан буга чейин эле жогорку деңгээлде. Биз башынан эле чемпиондор өлкөсүбүз.
– Биринчи кезекте бул сиздин шарапатыңыз менен. Бирок чемпиондук карьеранын башталышы бар жана качандыр бир кезде аягы да болот. Чоң спортко туура кирип, ошондой эле татыктуу чыгуу маанилүү. Валентина Шевченко бир нече жылдан кийин, кесиптик карьерасын аяктагандан соң кандай жаңы иш менен алектенет?
– Мен карьераны аяктоо темасынан айланып өтүүгө аракет кылам. Философиям ушундай: ойдун күчү чоң роль ойнойт. Адам алдындагы акыркы чекитти көргөндө, ал ошол чекитке акырындык менен жыла баштайт. Ал жогору карай эмес — акырындык менен ылдый карай тартат. Ошондуктан азыр бул чекитти жараткым келбейт. Жашоо өзү “болду, токтот” деп айта турчу убакыт келгенге чейин, бүгүнкү аракеттерге көңүл буруп, машыгууну улантып, мелдешке чыгып, алдыга жылууну артык көрөм.
– А эгер сизге тасмаларга тартылуу боюнча сунуш киргизсем, жообуңуз кандай болмок?
– Макул болмокмун. Мындай сунуштарга кубануу менен карайм. Болгону азыр жашоомдо спорт абдан көп, съемкаларды чектөөгө туура келет. Азырынча эки тасмага тартылдым. Биринчиси – Холли Берри менен тартылган тасма, бул анын дебюттук режиссердук эмгеги. Экинчиси – Крис Пратт менен. Андагы ролум анча чоң эмес, анткени тартуу иштери жүрүп жаткан маалда кытайлык атаандашка каршы беттешке даярданып жүргөм. Башкы каарманга жардам берген агенттин ролун аткарам. Тасма тартуу процесси абдан кызыктуу экен, эгер келечекте дагы роль жаратууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, кубанып кабыл алам.
– Холли Берри менен болгон жылуу мамилеңизге күбөмүн. Ал сизди абдан жакшы көрөт, беттештериңизге келип, жеңиштериңизге чын жүрөктөн кубанат. Бул жерде чоң спорттун башка жагы жөнүндө сөз кылгым келет. Аялдардын атаандаштыгы, көрө албастык, атаандашуу – атаандаштарыңыз жөнөкөй адамдар эмес, дүйнөнүн эң мыкты спортчулары эмеспи. Октагондон тышкары мамилелер кандай? Дос болгон атаандаштарыңыз барбы же такыр тил табышууга мүмкүн болбогондору барбы?
– Ошол сыяктуу эле болот. Көбүнчө мен октагондо эч качан кездешпей турган спортчулар менен достук мамиледе болом: алар жеңилирээк же оор салмак категориясында чыгышат. Эгерде бир адам менин потенциалдуу атаандашым болушу мүмкүн экенин түшүнсөм, албетте, жакындашпайм. Жалпысынан алганда, спортчулардын арасында көп досторум жок, анткени бул спорт белгилүү бир из калтырат. Бир жылдан кийин, эки же үч жылдан кийин эмне болорун эч качан билбейсиң. Бүгүн чогуу машыгасың, эртең октагонго чыгып, бири-бириң менен беттешишиң керек болот.
Кээ бир спортчулар үчүн бул таптакыр нормалдуу: бүгүн биз досторбуз жана чогуу машыгабыз, эртең чыгып күрөшөбүз. Мен муну башкача карайм. Мен үчүн достук – бул достук. Алжамейн Стерлинг менен Мераб Двалишвилинин, Ислам Махачев менен анын командасынын мисалдарын жакшы көрөм. Алар достук баалуулуктар коммерциялык кызыкчылыктан жогору тура аларын көрсөтүшөт. Ооба, кесиптик спорт көп акча алып келет. Ооба, коомчулук, балким, белгилүү бир беттешти көргүсү келет. Бирок адам үчүн андан жогору турган нерселер бар. Мен муну абдан туура жана маанилүү мисал деп эсептейм, айрыкча азыркы жаштарга. Адамдарга, достукка, сен алектенген нерсенин баарына урмат-сыйды жоготпоо керек.
– Биз өзүбүздү кантип сактап калуу жөнүндө сүйлөштүк. Жашооңузда дүйнөлүк атак-даңк, жеңиштер, таануу сыймыктанууну учурлар болду беле? Же сиз алган тарбия жөнөкөйлүккө дайыма кайтарып турган ички коңгуроо болуп калдыбы?
– Жок. Бир жагынан – тарбия, экинчи жагынан – машыктыруучу Павел. Мындан тышкары, менимче, жашоо образымдын өзү да жардам берет. Кыргызстанга келгенде абдан ыраазы болом. Бул менин мекеним, эң сонун жер. Жаратылышыбыз кооз, адамдарыбыз кандай сонун, боорукер, жан дүйнөсү бай! Бул жерде чындап эле жан дүйнөм сергип эс алам. Албетте, жолугушуулар, иш-чаралар өтүп турат, көптөгөн көңүл буруу бар — бул да абдан жагымдуу. Бирок кадимки жашоом бир аз башкача курулган. Мен саякаттоону жакшы көрөм. Мисалы, беттештен кийин машина менен да, кайык менен да саякаттарга чыктык.
– Кайык менен болгон саякаттарыңыз кадимки туристтик сейил эмес экенин билем. Ал жерде жумалап, атүгүл айлап жашай аласызбы?
– Ооба. Кээде биз кайыкта бир ай же эки ай жашайбыз. Ал Вашингтон штатындагы Пьюджет-Саундда жайгашкан. Бул туздуу суунун чоң системасы, дээрлик бүтүндөй деңиз. Ал жерден дельфиндерди, киттерди көрүүгө болот, алар жээкке жакын келишет, ар жолу сууга чыкканда аларды көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Биз балык уулайбыз – лосось, креветка, краб кармайбыз. Анын баарын дароо эле кайыкта бышырабыз. Мурда бизде Nordic Tug болчу, азыр ылдамдыгы жогору кайыгыбыз бар, ал көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Бирок эң кызыгы башкада: кайыкты башкаруу үчүн абдан көп билим талап кылынат. Бул сен кооз яхтага келип, сүрөткө түшүп, кимдир бирөө сени алып келип, анан алып кеткен окуя эмес. Капитан же капитандын жардамчысы болгондо, навигация эрежелерин билишиң, кайыкты туура байлоону түшүнүшүң, шамалды, ташкындарды жана толкундарды, агымдарды эске алышың керек.
– Укмуштуудай карама-каршылык жаралат: бүгүн сиз аренага чыгасыз, миллиондогон адамдар ар бир кыймылыңызды көрүп турат, камералар, жаркылдаган жарыктар, бүткүл дүйнөнүн көңүлү сизде. Анан – кайык, суу, шамал, балык уулоо, жаратылыш жана сырткы ызы-чуунун дээрлик толук жоктугу. Балким, бул өзүңүздү жоготпоого жардам берет?
– Ооба, балким. Менимче, дал ушундай жашоо образы мага тең салмактуулукту сактоого жардам берет. Бир учурда көңүлдүн так борборундасың, анан дээрлик жалгыз өзүң жана жаратылыш менен каласың. Бул ички тең салмактуулукту калыбына абдан жакшы келтирет.
– Ал эми Валентина Шевченко үчүн бакыт деген эмне? Ушунчалык көп жеңиштерден, саякаттардан, дүйнөлүк таанууга ээ болгондон кийин — ал кайда?
– Бакыт, балким, жакындарымдын ден соолугунун жакшы болушунда. Алар кубанып, баары жакшы болуп, эч ким оорубай, жашоо жөн гана өз нугунда өтүп жатса. Мейли, жай ыргакта болсо дагы. Дайыма эле бир нерсе жаркып, жаркылдап турбаса да. Жакындарыңа телефон чалганда, алардын: «Бизде баары жакшы» дегенин угуу – бакыт эмеспи.
– Бул абдан жөнөкөй, бирок ошол эле учурда абдан терең жооп. Бирок дагы бир укмуштуудай карама-каршылык бар. Миллиондогон адамдар Валентина Шевченкону планетанын эң күчтүү спортчуларына туш болгон мушкер катары билишет. Ал эми мен бийлегенди, кооз кийимдерди кийгенди, кадрда укмуштуудай аялдык ийкемдүүлүгү көрүнгөн, саякат учурунда сүрөткө тартканды жакшы көргөн башка Валяны билем. Спорттун ушунчалык катаал дүйнөсүндө бул назиктикти кантип сакташ керек?
– Балким, бул белгилүү бир тең салмактуулук, инь жана ян сыяктуу нерсе, адамда бир эле учурда күч жана жумшактык болгондо, гармония жаралат. Мен үчүн бул кадыресе жана табигый нерсе. Менде жок нерсени көрсөтүүгө аракет кылбайм. Эгер кырдаал менден күч талап кылса, мүнөз көрсөтүү керек болсо — мен ошондоймун. Бирок кадимки жашоодо бул катуулуктун мага кереги жок, өзүмдү кандай сезсем, ошондой алып жүрө алам.
Эң башкысы – башка бирөөгө окшош болууга аракет кылбоо жана башкалардын жашоосун көчүрбөө деп эсептейм. Өзүңдү табуу, чындыгында кандай адам экениңди көрүү, сезүү керек, жөн гана өзүңө табигый жана жеңил болгон нерсеге жол берүү керек. Анткени башка бирөөгө окшош болууга аракет кылуу – бул түбү жок оюн, акырында адамды өзүнөн алыстатат.
– Валя, мен муну көп жолу сизге айткым келди эле. Биз дайыма кайсы бир жакка чуркайбыз, кокус жолугушуп калсак, басып баратып сүйлөшөбүз. Ошондуктан бүгүн токтолуп, жөн гана ыраазычылык билдиргим келет. Валентина Шевченко – Кыргызстандын өзгөчө сыймыгы. Сизге чоң дүйнөлүк ареналарда көп жылдан бери көтөрүп жүргөн желек үчүн рахмат. Эл чындыгында сиз менен сыймыктанат. Ал эми бүгүн улуттук көйнөк кийип интервьюга келгениңиз да абдан символикалуу жана баалуу. Бирок мен түз суроо бергим келет: сиздин оюңузча, мамлекет көп жылдан бери өлкөнүн жана элдин ар-намысын коргоп, Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап келе жатканыңызды татыктуу бааладыбы?
– Мен үчүн эң башкысы – элдин сүйүүсүн сезүү. Мен муну спортчунун башынан өткөрө турган эң сонун сезимдердин бири деп эсептейм. Элдин сүйүүсү – абдан таза сезим. Ал энергия жана мотивация берет. «Сиздин мотивацияңыз кандай?», - деп көп сурашат. Адамдар мени колдоп, «Кандай жыйынтык болбосун, биз сени мененбиз. Валентина, алга!» деп жатса, кантип мотивация болбойт? Мен үчүн эң баалуу нерсе ушул. Мени карьерамдын башынан бери колдоп келген күйөрмандарыма, адамдарга абдан ыраазымын. Алар менин беттештеримди жылдар бою көрүп, мен менен бирге кубанып, кайгырып келишет. Биз мунун баарын чогуу өткөрөбүз. Ал эми спортчу үчүн мындай сүйүүнү сезүү – чоң бакыт.
Кесипкөй спорт дүйнөсүндө дээрлик бардык нерсени өлчөөгө болот: жеңиштердин санын, наамдарды, раунддарды, сый акыларды, рейтингдеги орунду. Бирок Валентина менен болгон сүйлөшүү статистика менен өлчөөгө мүмкүн болбогон нерселер бардыгын туюндурат: достук, берилгендик, сый-урмат, үй-бүлө, өз денеңди угуу жөндөмү, адамдардын сүйүүсү.
Балким, ошондуктан октагондун катуулугунун артында бир ай бою кайыкта жашай алган, толкундарды жана агымдарды изилдеген, лосось балыктарын кармаган, океанды карап, дүйнөлүк наамды эмес, жакындарынын "баары жакшы" деген жөнөкөй сөзүн бактылуулук деп эсептеген адам турат.
Уландысы бар...
