Полина Фурсова: Баланын гиперактивдүүлүгү менен күрөшүү керекпи? 
16 февраль

Полина Фурсова: Баланын гиперактивдүүлүгү менен күрөшүү керекпи? 

Биздин коомчулукта балдарды психологго көрсөтүү анчалык колдоого ээ эмес, анын айынан ата-эне бул адиске барууну кечеңдеттирип жатып, учурду колдон чыгарып жиберет дагы, кырдаалды оордоштурат. Психологго кайрылуу ооруп калганыңда врачка баруудай эле нерсе да, деп эсептейт биздин туруктуу экспертибиз, педагог-психолог Полина Фурсова. Ал окурмандарга балаңызга адистин жардамы керектигин убагында байкап жана учурду колдон чыгарып жибербөө боюнча кеңеш берет. 

– Бизде айрыкча, балдарга келгенде психологго кайрылууну анчалык колдой беришпейт. Эмнеге? 

– Коомчулукта ушул кезге чейин психологго олуттуу психикалык бузулуулары барлар кайрылат же адистердин жардамы бир гана “көйгөйлүү” балдарга керек деген түшүнүк жашап келет. 

Ата-эне ата-энелик милдетине компетенттүү боло албаганы үчүн уялышы мүмкүн же туугандарынын, досторунун, ал турмак педагогдордун талкуусунда калам деп коркушат. Коом көбүнчө мындай көйгөйүн ачык айтып чыккандарды катуу сынга алып, муну бир уяттуу нерседен кабыл алат. Бул ата-энелерди баласынын көйгөйүн жашырууга, адистерге кайрылууну кырдаал такыр эле начар жагына оогончо кийинкиге жылдырууга мажбур кылат. 

– Балага профессионалдуу жардам керектигин кантип билүүгө болот? 

– Чындыгында, белгилер өтө көп, мен анын эң негизгилерин гана атоого аракет кылайын:

Эгер сиз балаңыздын жүрүм-турумундагы кескин өзгөрүүлөрдү байкап калсаңыз, мисалы, жайдары жүргөн бала капысынан эле түнт тартып, байланыштардан качып, жакшы көргөн нерселери менен алектенүүдөн баш тарта баштаса. 

Эгер тез-тез ачуулануу, тынчсыздануу пайда болсо. Мисалы, 10 жаштагы бала мектепке бараарда паникалык коркунучка кабылса. Ата-эне аны жалкоолонуп жатат деп ойлошу мүмкүн, бирок чындыгында, бала мугалимдин ашыкча талабына санааркаган болуп чыгат.  

Эгер бала теңтуштары менен мамиле куруудан кыйналса, достору жок, көп чырдашат же тескерисинче, өтө эле жумшак мүнөз. 
Баштын, ичтин оорусу, коркунучтуу түштөрдү көрүү психосоматикалык симптом болушу мүмкүн. 

Эч кандай себепсиз эле окуудан кыйналып баштаса. Мисалы, 9 жаштагы кыз такыр окуй албай койгондуктан, аны жалкоо деп урушушкан. Көрсө, кыздын маалыматты кабыл алуусу өзгөчө болгон. 

Ата-эненин ажырашуусу же жакындарын жоготуу. 

Баланын психикалык саламаттыгына камкордук көрүү анын физикалык абалына камкордук көргөндөй эле маанилүү. Психологго кайрылуу – ооруп калганда врачка баргандагыдай эле процесс. 

– Балдардагы гиперактивдүүлүк менен күрөшүү керекпи? 

– Балдардагы гиперактивдүүлүк – бул балада кыймыл активдүүлүгү, импульсивдүүлүк жана бирдемеге көңүл токтото албаган абалдын күчөшү. Акыркы учурда бул тема көптөгөн талаш-тартышты жаратууда. Бири гиперактивдүүлүк деген жок, бул болгону баланын терс мүнөзү же тарбия туура эмес берилип жатат дешет. Кыскаса айтканда, “эрке балдар”.  Дагы бири өнүгүү нормасы боюнча билиминин аздыгынан улам, ар бир экинчи бала гиперактивдүү болот деп ойлошот. 

Практикамда ата-энелердин “Үч жаштагы балам өтө гиперактивдүү!” дегенин көп угам. Мына, ушул жерде көңүл бура турган нерсе – айрыкча, мектепке чейинки жана кенже класс курагындагы балдар ардемеге кызыккан, активдүү жана кыймылдуу болушат. Эгер ата-эне баласынан курагына ылайык келбеген токтоолукту күтсө, анда жаңылыштык менен гиперактивдүү деп атап алышы мүмкүн. 

– А сиздин оюңузча, гиперактивдүү балдар кандай болушат? 

– Мен нейробиологдордун жана психиатрлардын изилдөөсүнө таянам, алар СДВГ (көңүл буруунун таңкыстыгы жана гиперактивдүүлүк) – бул  баш мээнин иштөөсүнө байланышкан нерв системасынын активдүүлүгү жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, деген тыянакка келишкен. 
Элестетип көрүңүз, баланын башында дайыма жогорку ылдамдыкта иштөөчү мотор жайгашкан. Мисалы, сиз балага оюнчуктарды жыйна деп айттыңыз, а ал аларды ыргытып, жаңы оюнга алаксып кетет, анан терезеге чуркап барат, ошол замат эмне кылышы керектигин унутуп коет. Ал сизди атайылап укпай койгон жок, анын мээси бир нерседен экинчи нерсеге тез секирик жасайт. 
Же башка мисал: класста мугалим теманы түшүндүрүп жатат, а бала тынч отура албай, ары-бери карап, жанында отурган окуучу менен сүйлөшүп жатат. Бул аны аң сезимдүүлүк менен жасап жаткан жок, болгону денеси тынч тура албайт. Гиперактивдүү бала буларды атайылап жасабайт. Бул “начар жүрүм-турум” же “начар тарбия” эмес. Болгону баланын мээси тез иштейт дагы, маалыматтарды кабыл алууга үлгүрбөйт, ошону менен өзүнүн аракетин көзөмөлдөй албайт. 

– Гиперактивдүүлүк менен күрөшүү керекпи? 

– Күрөшүү эмес, адаптациялоо маанилүү. Бул демек, балага өзүн көзөмөлдөөнү үйрөнүүгө жеңил боло турган шарт түзүү зарыл. Мисалы, так күн тартибин белгилөө, спорт жана активдүү оюндарга берүү, алар баладагы ашыкча энергияны чыгарат. Ошондой эле, көңүл буруусун жакшыртуу үчүн тыныгуу менен майда тапшырмаларды берип, эмоционалдык колдоо көрсөтүү керек. Адаптация кыйындашып жатса, ата-энелерге адистердин жардамына: психологго, нейропсихологго кайрылууга кеңеш берем.