Айсалкын Осмонова, КР эл артисти: “Тоскоолдуктарга карабай сыйыбыз, сүйүүбүз сакталып калды”
23 февраль

Айсалкын Осмонова, КР эл артисти: “Тоскоолдуктарга карабай сыйыбыз, сүйүүбүз сакталып калды”

Кыргыз театр сахнасында жана кино дүйнөсүндө опол тоодой эмгек сиңирген, элдин сүймөнчүгүнө айланган инсандардын катарын Кыргыз Республикасынын эл артисти Айсалкын Осмонова эжебиз толуктайт. Анын сахнадагы жаркын образдары, көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткен ролдору кыргыз маданиятынын алтын казынасына айланып үлгүрдү. Ошол эле учурда ал – залкар инсан, көрүнүктүү актёр Эгемберди Бекболиевдин өмүрлүк жубайы экенин да көпчүлүк жакшы билет. Элүүгө жакын жыл бою бирге түтүн булатып, сүйүү менен сый-урматты сактап келген бул кош талант бүгүн бактылуу карылыктын даамын татып отурушат. Биз бул ирет улуу өнөр ээси менен маек курдук.

– Чыгармачыл үй-бүлөнүн катарын толуктайсыздар. Канча жылдан бери бирге ээрчишип келесиздер?

– Театрга 1976-жылы келип, студияга тапшырып калдым. Анда Эгемберди ал студияны аяктап, театрга жаңыдан актёр болуп орношкон кези экен. Башында экөөбүз тең чүйлүк болгон үчүн байке-карындаш болуп сүйлөшүп калчубуз. Ортобуздагы сыйыбыз кийин чоң сүйүүгө айланып кетти. Кийин Ташкенттеги Островский атындагы институтка Күмөндөр Абылов, Чоро Думанаев, Эгемдерди Бекболиев баштаган бир топ артисттердин арасында мен да тапшырып бирге окуп, бирге иштеп  калдык.  Ошондон бүгүнкү күнгө чейин иште да, үйдө да бирге жүрөбүз.

– Канча жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүңүздөр? Үй-бүлө куруу сунушун дароо кабыл алдыңызбы?

– Кыз-жигит болгондон жылга айлантпай эле баш кошуу сунушун киргизди. Мен Эгембердинин түз жүргөн, абдан интеллигент, бирөөгө жаман ою жок, бир мүнөздүү экенин баалап абдан жакшы көрдүм. 1977-жылы кышында үйүнө алып барды. Ал күнү кайненем ооруп жаткан экен. Ошентип тоюбуз жазга жылып, апабыз жакшы болгондон кийин 22-апрелде той көйнөгүмдү кийип, ата-энебиздин ак батасын алып той бергенбиз. Бирге түтүн булатканыбызга  кийинки жылы 50 жыл болот экен.

– Чыгармачылыгыңызды түшүнгөн, колдогон үй-бүлөгө бардыңызбы?

– Атам: “Ары жагы Токмокко, бери жагы Кара-Балтага чейин турмушка чыксаң экен. Алыс кетсең биз менен катташа албай кыйналасың” дей берчү. Атамдын тилеги орудалып Сокулуктан Кара-Балтага келин болдум. Барган жерим абдан маданияттуу адамдар экен. Үйдө эч кимдин үнү катуу чыкчу эмес. Көз караш менен эле маселе чечилчү. Жолдошум өзү 9 бир тууган. Төрт кайнежем, эки кайним, эки кайынсиңдим бар болчу. Кийин кайнежем менен кайнимди ээсине бердик. Чоң бүлөгө келин болуп түшкөнүм менен эч кимиси мага кандайдыр бир туура эмес мамилени көрсөтүшкөн жок. Чыгармачылыгымды да туура түшүнүштү. Гастролдоп кеткен учурларыбызда балдарыбызды алып калып жардамдарын берип турушту. Барган жеримен куру келбей кайненеме жаңы чыккан көйнөк, жапон жоолуктарын, индийский чай, идиш-аяк алып  келе берер элем. Байкуш апам убагында мага сыр бербегени менен курбу-курдаштарына мени көп мактачу экен.  Ал үйгө  келин эмес, өз кызындай болуп калган экемин, бүгүнкү күнгө чейин сыйыбыз жогору.  

– Үй-бүлө бекем болуш үчүн эмне кылыш керек? Жарым кылымга тете мамилени кантип сактап келе жатасыздар? Шуруга тизгендей жашоо болбосо керек...

– Үй-бүлөлүк бакыт жана дөөлөт тоголок болот деп коёт эмеспи. Ошону колдон түшүрүп, жерге чачып албай аяр мамиле калыш керек. Эң башкысы бири-бирин көз караштан түшүнө билүүдө. Тоскоолдуктарга чыдап, кыйынчылыкты сабыр менен көтөрө билип, ортодогу сыйды сактап калганда үй-бүлө бекем болот. Жарым кылымга тете жашоодо биз да кыйын күндөрдү башыбыздан өткөргөнбүз. Жокчулукту көрдүк, орустардын квартирасында алардын ар кандай кыялына түтүп далай көчүп-кондук. Ошондой оор мезгилдерде бири-бирибизге катуу айтпастан, тескерисинче  колдоп, сүйөдүк. Ийгиликтерге бирге жеттик. Ачуу-таттууда бирге болгондо гана үй-бүлө бекем сакталат.

– Келишимдүү, таланттуу инсанга көз салган кыз-келиндер болгондур. Аялзаты катары андай учурда кандай кадам кылчу элениз?

– Узак убакыт бирге жашаган бүлөлөрдүн ортосунда мамиле солгундаган сыяктуу учурлар болот. Ошол учурда аялзаты акылмандык кылыш керек деп ойлойм. Эгембердиге көз арткан кыз-келиндер көп болду. “Ажырашып кетсе экен” деп сырттан карап ортого от жаккандарды да көрдүк. Бизди  ишеним, бири-бирибизге болгон сый жана  махабатыбыз ажыраткан жок. Убакыттын өтүшү менен бузукулук кылам дегендер, бактылуу жашоону көрө албагандар,  жашообузга аралашкысы келгендер өз жолу менен кетишти. Аларга кек сактабай, таарыныч кылбай кечирип гана узатып койгом.  

– Артисттердин жашоосу оор дешет. Аткарган романтикалык ролдордо кызганыч болду беле?

– Биз дайыма бирге болгон үчүн ишибизди  жакшы түшүнөбүз. “Чиркин өмүр” сериалында экөөбүз бир үй-бүлөнү ойнодук.  Мен го тасмаларда эненин образын көп жаратам. Ал эми Эгемберди менен бирге роль ойногон кесиптештеримди жакшы билген үчүн кызганычка себеп болгон жок.

– Негизи эле чыгармачыл инсан катары сиздин ишиңизди колдойбу?

– Сахнада, тасмада эле эмес турмушумда да чоң кеңешчим анан сынчым менин жолдошум болду. Кээде, “Баланча деген чыгармада баланча ролду ойногум келет” десем ал образды чыгарууга абдан чоң кеңеш берет. Бирок бир да жолу режиссёрго же жетекчиге сүйлөшүп, “менин аялымды минтип койгула!” деп суранып көргөн эмес. Мындай иш Эгембердинин сапатына туура келбейт. Сыйлыкка көрсөтүүдө да жалпы коллективим дайыма “Айсалкын алсын” деп добуш беришет. Жалгыз эле Эгемберди кол көтөрбөйт. Бир ооз сөз менен эле “эл, коллектив колдосо мен да арасындамын” деп коёр эле. Ушунчалык сыпаа жана интеллигент, жулунбаган жайы бар.

– Казан-аяк кагышкан учурлар болобу?

–  Жолдошум үнү катуу чыкпаган, түшүнбөстүк учурда үн катпаган бүлөдөн тарбия алган.  Ушунча болуп жаңжал, уруш дегенди көргөн эмесмин. Өмүрү эркек сүрүн көрсөтүп чаап же жаман сөз айтып тилдеген эмес. Абдан жини келгенде: “Эмнеге акмактай болуп калдың?”- дейт. Эң катуу урушканы ушул. “Акмактай” деген сөзүн укканда ачуусу катуу келгенин түшүнүп, абалды түздөгөнгө аракет кылам. Жаш кезде бир нерсе жакпай калса 1-2 күнгө чейин унчукпай жазалачу. Азыр ал адаты калып, чай кайнамда эле унутулат.

– Канча балаңыздар бар? Балдарыңыздар сиздердин кесипти уланттыбы?

– Кудайым бизге бир уул, бир кыз берди. Балдарыбыз биздин жолубузду жолдогон жок. Кызым англис тилинен мугалим. Үч балалуу болуп, азыр үй-бүлөсү менен Ирландияда жашайт. Уулум жаратылышты коргоо багытын тандаган, жакшынакай келиндүү кылып үч неберебиз менен жаныбызда. Тынч, кыска өмүрдө бактылуу жашоону жашап келе жатабыз.