Алмазбек Акматов: “Биздин ишибиздин башкы көрсөткүчү – элдин ишеними”
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Шаршенбиевич Акматов менен маек.
– Урматтуу Алмазбек Шаршенбиевич, 19-октябрь – Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү. Бул күн сиздин эмгек жамаатка жана жалпы эле өлкө үчүн кандай мааниге ээ?
– Ооба, 19-октябрь – бул биз үчүн өзгөчө күн. Календардагы көп күндөрдүн бири эмес. Ал улуу миссиянын символу – мамлекеттик финансы тармагындагы ачык-айкындуулуктун, жоопкерчиликтин жана акыйкаттуулуктун бекемделиши.
Эсептөө палатасы элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн, анткени ар бир сомдун артында жарандардын эмгеги жана ишеними жатат. Биздин милдет – мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу жана толук колдонулушун камсыз кылуу.
– Эсептөө палатасы кантип түзүлгөн жана өз тарыхында кандай этаптарды басып өттү, ушул тууралуу айтып берсеңиз?
– Эсептөө палатасынын тарыхы эгемен Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланышкан. 1992-жылы ал Көзөмөл палатасы катары түптөлгөн жана мамлекеттик ресурстардын коомдун кызыкчылыгына колдонулушун көзөмөлдөп баштаган.
1996-жылы "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, мекеменин жаңы укуктук статусун аныктаган. Ошол учурдан тартып Эсептөө палатасы көз карандысыз жогорку мамлекеттик аудит органы болуп калды. Бул мыйзамдуулукту жана ачык-айкын мамлекеттик башкарууну бекемдөөдөгү маанилүү кадам болгон.
Ал эми 2000-жылы Өкмөткө караштуу Финансылык контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын функциялары Эсептөө палатасына өткөрүлүп берилип, анын ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилген. Ошондон бери Палата мамлекеттин финансылык туруктуулугунун жана бекемдигинин кепили болуп калды.
– Эсептөө палатасынын иши бүгүнкү күндө кандай принциптерге негизделген?
– Биздин ишмердүүлүгүбүздүн негизин төрт принцип түзөт: мыйзамдуулук, объективдүүлүк, көз карандысыздык жана ачыктык. Ар бир текшерүү – бул жөн гана документтерди же сандарды талдоо эмес, бул эл алдындагы жоопкерчилик. Биз мамлекеттик ресурстардын канчалык натыйжалуу пайдаланылып жатканын баалап, башкарууну жакшыртууга багытталган сунуштарды беребиз. Эсептөө палатасы – бул профессионализмдин жана ак ниеттүүлүктүн мектеби. Ар бир кызматкер жасап жаткан иши өлкөнүн өнүгүшүнө таасир этерин түшүнөт.
– Эсептөө палатасынын эл аралык кызматташтыгына кандай баа бересиз? Кыргызстан эл аралык аудитордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө канчалык активдүү катышат?
– INTOSAI, ASOSAI, ECOSAI сыяктуу уюмдардын – эл аралык аудитордук коомчулуктун активдүү мүчөсүбүз, ошондой эле КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жогорку аудит органдарынын кеңештерине мүчө болгонбуз.
Бул жөн гана формалдуу мүчөлүк эмес. Ал биздин адистерге жаңы билим алууга, дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны өздөштүрүүгө жана мамлекеттик аудиттин улуттук маданиятын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
2021-жылдан бери биз Мамлекеттик сектордун аудитинин эл аралык стандарттарын (ISSAI) толугу менен колдонууга өттүк. Бул Кыргызстандын мамлекеттик аудит системасы эл аралык талаптарга жооп берерин тастыктайт.
– 2023-жылы Эсептөө палатасы жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Андан кийин эмне өзгөрдү?
– Бул мыйзамдын кабыл алынышы биздин уюмдун укуктук статусун жана көз карандысыздыгын – уюштуруучулук да, каржылык да – бекемдөө үчүн эң маанилүү кадам болду. Эми бардык аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Эсептөө палатасынын расмий сайтында ачык жарыяланат. Бул коомдук отчеттуулук маданиятын жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берди. Мисалы, 2024-жылы эле мамлекеттик жана расмий тилдерде 180ден ашык, 2025-жылдын 9 айында дагы 90 пресс-релиз жарыяладык. Биз коом менен ачык диалогго умтулабыз.
– Акыркы жылдары кандай негизги натыйжаларга жетиштиңиздер?
– 2024-жылы Эсептөө палатасы 88 аудиттик иш-чара өткөрүп, анын ичинде 1 150 бюджеттик мекеме, 351 чарба жүргүзүүчү субъект жана 339 жергиликтүү уюм болуп, жалпы 1 848 объектини камтыды. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 13,1 млрд сом суммасындагы финансылык бузуулар аныкталган, анын 76,3 пайызы – болжол менен 10 млрд сому калыбына келтирилген. 2025-жылдын 9 айында бул көрсөткүч дагы өстү: 73,2 млрд сом суммасындагы бузуулар аныкталды, анын 88,8 пайызы буга чейин эле кайтарылган. Мындан тышкары, 84,5 млрд сом өлчөмүндөгү кошумча бюджеттик резервдер жана 11,3 млрд сом суммасындагы натыйжасыз пайдаланылган ресурстар аныкталды. Бул сандар – биздин ишмердүүлүгүбүздүн реалдуу натыйжалуулугунун жана мамлекеттик каражаттарды коргоого кошкон конкреттүү салымыбыздын көрсөткүчү.
– Эсептөө палатасы санариптик технологияларды активдүү киргизүүдө. Санариптик трансформация жөнүндө кененирээк айтып бериңиз.
– Ооба, санариптештирүү – биздин приоритеттерибиздин бири. 2023-жылы санариптик өнүгүү боюнча атайын бөлүм түзүлдү. Бузууларды автоматташтырылган классификаторду, 1С 8.3 базасындагы веб-интерфейстүү маалыматтык системаны, ошондой эле автоматташтырылган тестирлөө системасын киргиздик. Бул инструменттер кадрларды тандоонун ачыктыгын камсыздайт жана аудитордук процесстердин сапатын жана ыкчамдуулугун жогорулатат.
– Эсептөө палатасынын жакынкы жылдарга карата стратегиялык максаттары кандай?
– 2022–2026-жылдарга карата Өнүктүрүүнүн стратегиялык планыбызга ылайык, биздин алдыбызда эки негизги максат турат:
- биринчиден, мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу, ачык-айкын жана отчеттуу башкарууну камсыз кылуу;
- экинчиден, коомдун Эсептөө палатасына кесипкөй жана көз карандысыз уюм катары болгон ишенимин бекемдөө.
Бул үчүн биз методологиялык базаны өркүндөтүп, аудиттин эл аралык стандарттарын киргизип, коррупциялык тобокелдиктерди аныктап, алдын алабыз, ошондой эле укук коргоо органдары жана коом менен өз ара аракеттенүүнү күчөтөбүз.
– Эң акырында, сиз үчүн жеке өзүңүздөн Эсептөө палатасынын күнү эмнени билдирет?
– Бул күн жоопкерчиликти, адилеттүүлүктү жана ак эмгекти символдоштурат. Ал ар бир мамлекеттик кызматкерге ачык-айкындуулуктун жана элге кызмат кылуунун маанилүүлүгүн эскертет. Биздин миссиябыз өзгөрүүсүз – мамлекеттик ресурстарды жарандардын кызыкчылыгына багыттоо, ишенимди жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу.
– Маегиңиз үчүн рахмат, Алмазбек Шаршенбиевич. Сизди жана эмгек жамаатыңызды Эсептөө палатасынын кесиптик күнү менен куттуктайбыз!
– Рахмат! Кесиптештериме жана жарандарга ачыктыкты, жоопкерчиликти жана эртеңки күнгө болгон ишенимди каалайм. Эсептөө палатасынын күнү – бул өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн ак ниет кызмат кылуу күнү.
