Токон Мамытов: Биринчи кезекте коопсуздук, ал болбосо ички, тышкы саясат да, социалдык программалар да суу кечпейт
Кыргызстан 2025-жылы ЖККУ уюмуна төрагалык кылууда. Жакында Чолпон-Ата шаарында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чогулуп, коопсуздук маселеси талкууланды жана радикалдаштырууга, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатында чогуу-чаран аракет көрүү максатында жалпы билдирүү кабыл алынды. Мамлекеттик жана саясий ишмер Токон Мамытов бул жыйында Кыргызстан президенти Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди комментарийледи.
Айтымында, кыргыз президентинин ШКУ, КМШ уюмдары менен ЖККУнун мамилесин, байланышын жандандыруу сунушу өз учурунда айтылган туура сунуш.
«ЖККУ негизи саясий аскердик багытындагы уюм. Ал 10-15 жылда абдан жигердүү аракеттенгендиктен, дүйнө жүзү таанып баштады. Ошондуктан, кийинчерээк БУУ жана ШКУ менен эки тараптуу келишимдерге кол коюуга жетишти.
ШКУ, ЖККУ жана КМШ уюмдарынын структуралары окшошуп кетет. КМШда гана бир топ кеңейтилген, мисалы, чек ара боюнча маселелер да камтылган. Азыркы жаңы коркунучтардын чакырыгы маалында күчтү, аракетти чачыранды кылбай, бириктирип, бир муштумга биригүү, коркунучтарга карата жалпылап күрөшүү актуалдуу», – деди Мамытов.
Ошол эле маалда коомчулукта кайра-кайра кыргыз жергесинде ЖККУ мүчө –мамлекеттердин улам бир структурасынын башчылары жыйналып, талкууларды өткөрүп жатканын сындаган эксперттер бардыгын эске салган саясий ишмер, бул төрагалык кылуунун милдети экенин баса белгиледи.
«Кыргызстан өткөн жылдын күзүнөн тартып, ушул жылдын күзүнө чейин төрагалык кылат. Анын алкагында, мүчө-мамлекеттердин башчылары, Коопсуз кеңешинин катчылары, коргоо министрлери чогулат. Андан сырткары орчундуу болбосо да жумушчу топ жана комиссиялар бар, алардын жыйыны өтөт. Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде маселени кабыргасынан койгондуктан, маалыматтык коопсуздук маселеге өзгөчө маани берилип, жумушчу топ түзүлдү. Мисалы, виртуалдык дүйнө жашообуздун бир бөлүгүнө айланып, азыр көп коркунучтар ошол жактан да келе баштады. Интернет мейкиндиги аркылуу террористтик актылар даярдалып жатат, жаш балдардын өз өмүрүнө кол салуусу күчөп баратат. Ошондуктан, виртуалдык мейкиндиктеги процесстерди көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Аны чыгарып салгандыктан абал оорлошту. ЖККУ коопсуздук маселесине басым жасаган уюм. Чынында коопсуздук бекем болбосо, ички, тышкы саясат, социалдык өнүктүрүү программалары ишке ашпайт», – деди ал.
Ал Афганистандагы окуялар, Израиль менен Ирандын ортосундагы 12 күндүк согуш Орто Азиянын коопсуздугуна терс таасирин тийгизгенин белгилеп, аймакта акыркы 1-2 жылда суу талаш маселеси кайрадан жанданып, күчөп келатканын эске салды. Айтымында, Афганистанга байланышкан маселени чечүү үчүн ал өлкөгө жардам колун сунуу зарыл. Аталган өлкө учурда экономикалык, саясий туңгуюкка кабылып, коркунучтарды көзөмөлдөөгө күч таппай жатат. Мындай учурда аларды туңгуюктан чыгарып, катарына кошуу менен Борбор Азия ал тараптан болчу (согушкерлер, наркотрафик) коркунучтардын алдын алууга жетишет.
Коомчулукта ЖККУ уюмун натыйжасыз деп атагандар да бар. Бул көбүнчө Армения-Азербейжан жаңжалына байланыштуу. Карабак аймагы талашта калган чакта, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалга ЖККУ кийлигишпей четте карап турганынан улам айрым эксперттер «аты бар, аракети жок» уюм катары баа берип калышкан. Буга токтолгон Токон Мамытов, уюмдун четте туруусунун себебин чечмеледи.
«ЖККУ өзүнүн 33 жылдан берки ишмердүүлүгүндө көптөгөн жаңжалдарды жөнгө салууга жетишти. 1995-96-жылдары Тажикстанда жарандык согуш орун алганда, бир гана ЖККУ эмес, КМШ, ШКУ уюмдары биргелешип, тажик бийлигине, өкмөтүнө жардам берип, кырдаалды чечүүгө кол сунган.
1994-жылы Карабак маселесинин жөнгө салынышына таасири зор болду.
1999-2000-жылдары Кыргызстандын башына да мүшкүл түшүп, Баткен окуясы орун алган. Анда да ЖККУ, коңшу мамлекеттер жардам берип, кырдаалдан ийгиликтүү чыгып кеттик.
2022-жылдын январында Алматыдагы окуяда да казак президентинин суранычы менен ЖККУ аскерлери кирип, акыбалды жөнгө салды.
Бирок буга карабай айрым эксперттер Азербейжан-Армения чатагын карманып, ЖККУга таарынычын билдиришет.
Буга бир нече себептер бар, биринчиден, Карабакты Армения мыйзамсыз басып алганын тастыктаган үч документ - БУУнун, ЕККУнун жана Минск тобунун чечими бар болчу.
Анын үстүнө ЖККУнун уставында – мүчө-мамлекеттерге тыштан агрессия болгондо гана кийлигишет деп турат», – деп белгиледи Токон Мамытов.
