Мадин Итикеев: Мени акча төлөбөгөн “рахмат” той эле жылдыз кылып койгон
12 ноябрь

Мадин Итикеев: Мени акча төлөбөгөн “рахмат” той эле жылдыз кылып койгон

Мугалимдиктен тамадалык кесипке өтүп, тойлордун ажарын ачкан  Мадин  байке менен тамадалык кесип боюнча баарлаштык

– Мади байке, неге мугалимдик кесиптен тамадалык кесипке өтүп кеттиңиз. Сизди жакшы тааныгандар мыкты мугалим болчу дегенин көп угам. Кесип алмаштырышыңызга эмне себеп болду?

– Ар бир нерсенин өзүнүн тарыхы болот экен. Мен Айыл чарба институтун бүтүп, айылга барган учурда Союз урап,  күтүрөгөн колхоз-совхоздор тарап быт-чыты чыгып жаткан мезгил эле. Эгемен эл болуп, жаңы президент деген түшүнүк пайда болуп, өз алдыбызча мамлекет куруп баштаган кезболчу. Ал убакта жаңы легендарлуу парламент болуп, өз тагдырыбызды түз багытка бурууга далалат кылып, ошол кездеги  атка минерлер реформа жасайбыз деп малды, жерди элге үлүшкө бөлүп, эл өз киндигин өзү кесип тирилик баштаган. Институтту аяктап эми мына элиме, колхозума пайдамды тийгизем деп туулган жериме барсам мени күткөн эч ким жок.

Экиге бөлүнүп кеткен колхоздун башкармасына кирип,  дипломумду көрсөтүп жумушка алыңыз деп кайрылдым. Башкарма суз көз караш менен карап “уулум малды элге таратып бүтө жаздап калдык, эми бизге ветврачтын кереги болбой калды. Азыр жумушка ала албайм”, – деди.

Өзүмдү кызыктай абалда сезип, анда биз 5 жыл бекер мээнет кылып окуган экенбиз да дедим. “Билбейм, балам. Берки колхоздун башкармасына барып көрчү”-деди ыңгайсызданып. Жолдо катар жугуштуу  ылаң чыгып кетсе, элдин малы кырылып калса эмне болот? Чындап эле мал догдур эми кереги болбой калабы деп ойлондум. Үйгө келсем, атам раматылык короодо жүрүптүр, “ай башкарма, эмне болду сабырың суз?” деп какшык аралаш суроо салды.

“Берки колхоздун башкармасына бар” дегенин айттым. “Балам, акылың болсо, колхозго барба. Алар малды, жерди бөлүп, жегени жеп, ичкени ичип баарынын ашмалтайын чыгарып жатышат. Сталиндей бирөө бийликке келсе көпчүлүгүн аттырып салат. Жумуш табылаар сенин колуң таза турсунчу”- деди. Үйгө кирип, көңүлүм эч нерсеге чаппай жаңы келген “Талас турмушу” деген гезитти барактап отуруп, “Айыл чарба” техникумуна мугалим болууга сынак  жарыяланганын, сынак 3күндөн кийин болорун, жогорку билимдүү айыл чарба адистигине ээ болгондор  катышса болот деген жарнаманы көрүп калдым. Сынакка катыштым. Комиссия мүчөлөрүнүн  бардык суроолоруна жооп бердим. Эртеси мугалимдикке кабыл алындым.

Бара-бара мугалимдик кесип жагып калды. Жан дилим менен болгон билимимди студенттерге бергенге  кириштим. Студенттеримдин тең жарымы менден улуу, жарымы мени менен тең, он чактысы менден кичүү болду. Башында студенттер тоготпогонсуп, жаш агай эмне билет дегендей ойлошту окшойт, бирок беш алты сабактан кийин кадимкидей агай деп сыйлай башташты. Ошентип тогуз жылдай мугалим болдум. Бирок, айлыгым үй бүлөмдү бакмак түгүл, өзүмдүн тамак ашыма жетпесе да ишиме берилип иштедим. 

1998-жылдары тойлор чатырда өтө баштаган. Техникумдун коллективи техникумдун мүдүрүнүн орун басарынын үй тоюна барып калдык.  200дөй конок  чатырда  отурабыз. Эмнегедир той башталбайт. Бир маалда “сени эшикте директоруң чакырып жатат” деп калышты. Барсам  “Мади, сен жакшы жигитсиң деп сөз баштап, Шаршенбай агай тоюна чакырган тамада келбей калыптыр. Сен тамада болосуң. Конок болгонго кийин жетишесиң, азыр микрофонду алып тойду башта. Ушул тойду жакшы өткөзүп берсең айлыгыңа дагы жарым штат кошуп көбөйтүп берем” деп шыктандырып койду.

Анда мага жакшы костюм шым, туфли бергиле дедим. Тойдун ээсинин кымбат костюму, кымбат туфлисин беришти. Анын баары мен өзүм тандап  алгандай чак келип, жарашып эле калды. Тойду баштап, колумдан келген, мыкты сөздөрүмдү, куюлушкан ырларды айтып, конкурстарды өткөрүп, тойду шаңына чыгардым. Сый тамак тартылгандан кийин  бата суралып, эл ыраазычылыгын айтып, той ээлери да ыраазы болуп, мен да “рахмат” айтып,  тойду бүтүрдүм. Эртеси эле эртең менен “сага бирөөлөр келиптир, чакырып жатат” дешти. Эшикке  чыксам,  эки машине турат. Андан түшүп келген төрт-беш киши “Мади деген түндө той алпарган сенсиңби?” деди. Ооба десем “айланайын жакшы бала экенсиң, мен сендей тамада көргөн эмесмин.

Биздин тойду дагы алпарып бер, сураганыңды берейин”- деди. Наркы машинеден түшкөн экөөсү да, “биздин тойду да жазып кой, гонорарың канча?” дешти. Мен болсо өңүмбү же түшүмбү деп коём. Ошентип бир эле тойдон кийин жылдыз болуп ойгонгом. Бир-эки жылда эле такшалган, кара жаак, шатыра-шатман тамада болуп чыга келдим. Элдин баары эле “сары бала” дейт. Көрсө, эл менен жакшы таанышыш керек турбайбы деп, бир тойдо жоолуктун жакшысы Жади, машиненин жакшысы ауди, бүгүнкү тамаданын аты Мади деп таанышып алып тойду баштадым. Таластын баш аягына чейин жетип, атым Бишкек, Ысык- Көл, Нарынга чейин дүңгүрөп чыга келдим. Колхоз башкарган башкарма болбосом да,  элдин жакшылыгына жарап, тойду башкарган тамада болдум. Ошентип жакшы мугалим, жакшы тамадага айланып кетти.

– Студенттериңиз менен кабарлашып турасызбы?

– Эки ай мурда мен унутуп калган бир студентим бал берип жибериптир, бир ай мурда бир студентим Ветнамда өткөн дары-дармек көргөзмөсүнөн ден соолугуңузду караңыз агай деп бир жакшы дары берип жибериптир. Баасын жасалма интеллекттен карасам 200 доллар деп жүрөт. Мен аябай жакшы мугалим болгон окшойм деп сүйүнүп калдым.

– Акча төлөбөгөн той эле сизди тамаданын мыктысы Мади, жоолуктун жакшысы Жади кылып,  популярдуулукка жеткирген экен да... 

– Ооба, мени бир эле акча төлөбөгөн “рахмат” той эле жылдыз кылып койду. Чейрек кылымдан ашык миңдеген тойлорду өткөзүп элиме жактым. Тамадалык башында хобби болсо, кийин кесип кылып алдым. Азыр да көп тойлорду башкарып жатам. Жакында эле улуу журттун өкүлүнө уча тарттырып, ызы-чуу жараттым. Аябай резонанс болду, менин чындыгым өзүмдүн оюмду бербей беттеп келгендигимде. Мүмкүн убакыттын өтүшү менен муун алмашып бара жатканда популярдуулугум төмөндөшү да ыктымал. Анткени, “жаргамыш” дегендердин муунуна башкача тамадалар керектелиши мүмкүндүр. Бирок, чейрек кылым алдыда келдим, муну менен сыймыктанамын. Жади, аудилер Мадилер өз мезгилинин мыктылары болду.

– Тамадалыктан жылдызыңыз жанган жылдары канча жашта элеңиз?

– Жылдызым жанган жылдары 28 жашта болчумун. Ал жылдыздар азыр да шоолаларын чачыратып келе жатат, өчө элек. Шүгүр кылам, кээде тойлорду жаштар алып барсынчы деп баш тартып коём. Анткени, дин менен жашаганга аракет кылып жүрөм. Келгенибизди билгенден кийин кетээрибизди да ойлоно жүрөлү дейм.  Жаназаң окулгандан кийин сен жөнүндө 2 сааттан кийин унутулуп калган заманда эл эмне дейт деп жашабашыбыз керек. Ансыз да жакшы адамдар дайыма элдин жүрөгүнөн түнөк табат деп ойлойм.

– Тамадалык кесиптин  жоопкерчилиги барбы же  той шаңына чыкса эле милдетин аткарган болобу?

– Тамадалык кесиптин жоопкерчилиги өтө чоң. Тойдо салт-санаа, үрп адат, тарыхтын тамыры жатат. Тойдо устуканды туура тартуу, сөздү туура берүү өтө чоң ролду ойнойт. Кыргыздын салтын билбеген, жазылбаган мыйзамдарын билбегендер тамада болбой эле койсо болот.  Элди туура нукка, туура багытка салган, ошол эле тойдо жаштарга насаат айткан да тамада болуш керек. Эгерде башчы жакшы болсо өнүгөбүз дейбиз го, тамада жакшы болсо коомго туура багыт берип, элди той менен эле тарбиялап коёт. Кыргыздын уңгусу мына ушул жакта жатат.

– Эл издеп араң тапкан тамада болуш үчүн талант керекпи же эмгекпи? Тамадалык кирешелүү кесиппи?

– Тамадачылык, чечендик, тапандык, харизма бул чоң өнөр. Өнөрүң болсо өргө чап деп коёт эмеспи. Азыркы заманда байпак сатып байып кеткендер деле, “биз бизнесменбиз” деп жүрүшөт го. Товар сатып базарда иш кыла албасак, жок дегенде өнөр сатып жан багалы деген заманда жашап жатабыз. Жакшы тамадалардын гонорары жакшы, байып кетпесең да тың жашаганга жетет. Эл издеп араң тапкан тамада болуш үчүн көп адабий китептерди, тарыхый китептерди, эпосторду окуш керек. Көптөгөн макалдарды колдоно билиш керек. Кээ бирөөлөр  көп китеп окуганы менен аны керектүү жерде колдоно албайт. Эң башкысы, тамаданын дүйнө таанымы кеңири болуш керек. Ошондой эле башка элдердин маданиятын, салтын салыштыра билген аналитик болуш шарт. Анан жаштыктын шарданын кошуп, мотивация бергенди жакшы өздөштүрүү зарыл. Ошондой эле ыр, бий, күлкү тартуулаган касиеттериң да болуш керек. Эл үнүңдү жагымдуу кабыл алгандай куйкумдуу сүйлөгөнгө аракет кылыш керек. Андан тышкары азыр реклама деген балакет бар  аны да өздөштүрүү зарыл. Ошондо гана эл издеген тамада болосуң. Тагыраагы, ким көп изденсе, эмгек кылса, окуса анан 10 пайыз таланты 90 пайыз эмгеги болсо, ошолор мыкты  издеген тамада болушат. Кээ биринин жылдызы эрте жанат. Кээ биринин жылдызы кеч жанат. Айрымдардын жылдызы жанбай да калат. Бул жашоо...

– Балдарыңызга кандай ата, жубайыңызга кандай өмүрлүк жолдош болдуңуз? Кандай балдарды тарбияладыңыз?

– Балдарыма жакшы эле ата болдум го деп ойлоп жүрөм. “Баланы барчылык, кызды жокчулук бузат” дейт эмеспи. Кыздарыма жумшак аяр мамиле жасап, эч нерседен кем кылбаганга аракет кылдым, балдарга болсо катуураак “общевойсковой” мамиле болот. Анткени кыз бирөөнүн бүлөсү, бала болсо ата журт. Ушундай принциптер менен тарбиялап жатам. Азырынча отчёт берүүгө эрте, окууларын бүтүрүп элдин ишине жарап уулуң жакшы жигит болуптур дегенде анан билинет кандай ата болгондугум. Чечкиндүү мекенди сүйгөн, патриот балдарды тарбиялап жатам деп  ойлом. Анткени, акчаны кенен бере албасам да, жакшы окууга багыттап койгом. Азыр чет элде окуп, иштеп жатышат. Өлкөмдүн экономикасын келечекте көтөрөм деген ойлору, бийик максаттары бар. “Жакшы жигит эл багат, жаман жигит жан багат” деп кулактарына куюп койгом.

Жубайыма кандай жолдош болгонумду билбейм, өзүнөн сурасам “бактылуумун” дейт. Менин көңүлүмдү улап коёбу же чыны ушундайбы билбейм...