Равшанбек Сабиров: Ажырашууларды азайтуу, үй-бүлө институтун бекемдөө – башкы максаттардын бири
28 май

Равшанбек Сабиров: Ажырашууларды азайтуу, үй-бүлө институтун бекемдөө – башкы максаттардын бири

Кыргызстан үй-бүлөлүк институтун бекемдөө, үй-бүлөлүк баалуулуктар өзөгүнө кайтып баруу аракетине билек түрө киришти. Бул боюнча тийиштүү иштерди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги да жүргүзүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, акыркы эки жылда өлкөдө ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүп, ар бир төртүнчү жубайлар эки бөлөк жолго түшүшкөнү маалым. Үй-бүлө баалуулуктарын кантип калыбына келтирүү керек жана мамлекет бул багытта кандай иш аракеттерди жүргүзүүдө? Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Караван Инфо менен болгон маегинде айтты.

– Равшанбек Азатович, Түркияда үй-бүлөлүк институтту бекемдөө максатына арналган эл аралык форум болуп, ага сиздер да барып катыштыңыздар. Ал форумда кандай маселелер көтөрүлдү?

– Түркия мамлекетинде 2025-жыл президенти Режеп Тайып Эрдогандын жарлыгы менен үй-бүлө жылы, демек, үй-бүлө институтун бекемдөө жылы деп жарыяланган. Анын алкагында эл аралык үй-бүлөлүк форум өткөрүштү. Жалпысынан 26 мамлекеттен өкүлдөр барды. Биз Кыргызстандагы бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк институтту бекемдөө жаатында болуп жаткан иштер, салттуу үй-бүлө, үй-бүлөдөгү эненин, атанын жана баланын ролу тууралуу маалымат бердик, башкача айтканда, Кыргызстандын салтын жеткирдик. Башкалар да өздөрүнүн жасап жаткан иштери боюнча видеоотчетторду беришти. Жакшы сунуштар болду, Түркиянын үй-бүлө министри (аларда ушундай министрлик бар) үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча бүгүнкү заманбап талаптарга, стандарттарга жооп берген стратегияны түзүү пикирин айтты. Азыр дүйнөнүн булуң-бурчтарында түрдүү окулар болуп жатат. Мисалы, Палестинадан келген министр көзгө жаш аларлык сүйлөдү. Уруштан нечен үй-бүлө, миңдеген балдар каза болгонун эстеди. Ошол эле учурда балдарды коргоо, балдарга жакшы камкордук көрүү боюнча да сунуштар айтылды.

– Кыргызстандын Үй-бүлө кодекси өзгөртүүгө даярдалып жатат, эмне себептен, кандай зарылчылдык бар?

– Эки жылдан бери КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Кыргызстандагы учурдагы Үй-бүлө кодекси 2003-жылы кабыл алынган. Андан бери социалдык-укуктук реалдуулуктун өнүгүшүнө байланыштуу үй-бүлө институтун өркүндөтүүгө, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, үй-бүлөнүн коомдогу ролун жогоруталууга, баланы жоопкерчиликтүү тарбиялоону күчөтүүгө жана ата-эненин камкордугусуз калган балдарга үй-бүлөлүк чөйрөнү камсыз кылууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. Кодекстин долбоорун иштеп чыгууда төмөнкү негизги багыттар эске алынат:

1. Үй-бүлөлүк колдоо жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо;

2. Үй-бүлөнү мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана анын негизги функцияларына көмөк көрсөтүү;

3. Үй-бүлөлүк мамилелердин жана салттуу үй-бүлө институтунун руханий-адептик салттарын кайра жаратуу жана сактоо.

Белгилей кетсек, 3-Элдик курултайда президентибиз Садыр Нургожоевич бизге үй-бүлөлүк институтун бекемдөө боюнча жаңы Үй-бүлөлүк кодекс долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Анын алкагында, Бишкектеги Илимдер академиясынын имаратында коомдук ишмерлер, илимпоздор, мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, диний аалымдар жана жарандык коом катышкан бир нече отурумдарды өткөрдүк. Үрп-адат, каада-салт, тарыхыбыздын өзөгүнө кайтып барып, үй-бүлө институтун бекемдеп, анын негизинде балдарды мекенчилдикке тарбиялап, атанын, эненин, баланын орду так берилиши керек.

– Ошондо, кандай өзгөртүүлөрдү сунуштап жатасыздар?  Өлкөдө акыркы эки жылда ажырашуулар 31 пайызга көбөйгөнү айтылды, бул дагы эске алындыбы?

– Биз бир нече беренелерге өзгөртүү киргиздик. Мен министр болуп келгенге чейин эле талкуулар жүргөн, ошол маалда Балдар жөнүндө кодексти жокко чыгаруу боюнча сунуштар берилген экен. Бирок азыр ал кодексти калтырууну чечтик. 

Ал эми бүгүнкү күндө ажырашуулар көбөйүп жатканына келсек, биринчиден, ар бир жаран үй-бүлө куруунун алдында абдан терең ойлонушу керек. Эмне себептен ажырашуулар көп? Анын бир мисалы, майыптуулугу бар балдардын төрөлүшү же үй-бүлө ээси мезгилдик оор кырдаалга кабылып, жумушсуз болуп, үй-бүлөсүн багуу мүмкүнчүлүгүнө жете албоо. Анын айынан жубайлардын бири миграция агымына кошулууга аргасыз.

Биз бул маселелерди ар тараптуу карап жатабыз. Жаштар турмуш куруунун алдында медициналык текшерүүдөн өтүшү керек дегенди мен мурда туура эмес кабыл алчумун. А азыр келечектеги балдардын ден соолугу чың болушу үчүн болочок жубайлар текшерилип, андан кийин гана баш кошушса туура болооруна ынандым. Статистика боюнча, майыптуулугу бар балдардын төрөлүшү жылдан жылга көбөйүп жатат. Бул туугандардын баш кошушуусунан же жубайлардын кандары бири бирине шайкеш келбегенинен жаралып жаткан нерсе. Ошондуктан бүгүн үй-бүлө институтун салттуу  негизде кармап, эркек менен аялдын ыйык мамилесинен түзүлгөндөй кылып, ошол эле маалда баланы мекенчилдик сезимдерге сугарып тарбиялоо багытына таянышыбыз зарыл.

– Дегеле ажырашуунун себептери иликтенгенби? Бир гана жаштар эмес, баш кошконуна 20 жылдан ашкан үй-бүлөлөрдүн да эки жолго түшүп жатканы жашыруун эмес. 

– Буга көп факторлор себеп болууда, бири – миграция. Ошондой эле, социалдык-экономикалык абал. Балдарын бага албай калтырып кеткен учурлар да кездешет. Бул багытта кодекстин концептуалдык базасы каралып, маанилүү өзгөртүүлөр, үй-бүлө милдеттери, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар жана терминдер киргизилди. Медициналык текшерүүлөр консультативден милдеттүү түргө өзгөртүлдү. Ал эми асырап алуу, камкорчулук, көзөмөлчүлүк жөнүндө жобо алынат, анткени ал Балдар жөнүндө кодекс менен жөнгө салынат.

Ажырашуу эмнеден болуп жатканын билүү чынында кыйын. Бул эксперттер тарабынан талданууга тийиш. Мен бирден бир фактору деп миграцияны айта алам, анткени жубайлар эки башка жашап, бири биринен алыстыкта болуп калса, мамилелери да салкындайт.

– ЮНИСЕФтин отчетунда Кыргызстанда интернат тибиндеги билим берүү мекемелеринде 11 миңдей бала тарбияланаарын жана алардын 91 пайызынын ата-энеси бардыгы айтылган. Ушундай ата-энеси бар туруп жетим калган балдарга камкордук көрүү кандай шартта ишке ашат?

– Турмуштук оор кырдаалга кабылып, ата-эненин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоонун үч альтернативдүү форматы бар: асырап алуу, камкордукка алуу жана фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштыруу. Эгерде балдарды үй-бүлө курчоосунда тарбиялоо мүмкүнчүлүгү такыр болбой калса, анда акыркы чара катары интернат тибиндеги балдар мекемелерине которулат. Алар: билим берүү, дарылоо, социалдык коргоо ж.б. мекемелери.

– Фостердик үй-бүлө тууралуу айтып берсеңиз, бул Кыргызстанда качан пайда болгон жана тартиби кандай?

– 2012-жылы КР Өкмөтүнүн токтому менен фостердик үй-бүлө боюнча жобо бекитилип, алгачкы фостердик үй-бүлөлөр иштеп баштаган. Азыр кошуна мамлекеттерде да бул практика жүзөгө ашууда.

Фостердик үй-бүлөдө ким апанын ролун аткарат дегенде, ал 30 жаштан 65 жашка чейинки КР жараны болууга тийиш. Бул багытта билим алышы, сертификаты болушу маанилүү. Мындай бир үй-бүлө беш балага чейин тарбиялоого ала алат. Айлык акы статистикадагы жашоо минимумунан 1,5 эсеге көбөйтүлүп бекитилет.

– Турмуштук оор акыбалдагы үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатындагы «Социалдык контракт» программасы боюнча да айтып берсеңиз, анын жыйынтыгы кандай болууда?

– «Социалдык контракт» 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 35 миңден ашуун үй-бүлөгө жайылтылды. Өзүңүздөр билгендей, мында жөлөкпул алган муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон кайтарымсыз социалдык төлөм берилет, бул каражатка алар жеке чакан бизнесин түптөйт. Биз бул боюнча окутууларды жүргүзүп, финансылык сабаттуулук боюнча да маалымат беребиз. Жыйынтыгында, 35 миңден ашуун үй-бүлөдөн мал чарбачылыгы, набайчылык, такси кызматы ж.б. менен алектенгендер пайда болуп, ал турмак сом менен алганда 4 миллионерибиз да бар. Өздөрү кирешеге чыккандан тышкары, 4-5 адамды жумуш менен камсыз кылып, салык төлөп, миллионер болуп кетишкенине кубанып отурабыз. Бул жакырчылыктан чыгаруунун эң жакшы механизми деп айта алам, аны эл аралык деңгээлде тастыктап бере алдык. Биздин министрликтин кызматкерлери Испанияга тегерек столго барып¸аны презентация кылышканда, уккандардын баары жогору баа беришкен. Быйыл президентибиз Садыр Нургожоевич колдоп, сумманы 150 миң сомго көтөрдүк. Республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнүп берилет. Ошентип, быйыл дагы 13 334 үй-бүлө соцконтракт алат. Бул программа бир гана жакырчылыктан чыгаруунун эмес, үй-бүлөлүк институтту бекемдөөнүн да жолу деп айтсак болот – жубайлар чогуу ишкерчилик ачып, чогуу иштешип жаткан учурлар көп, бул демек, ынтымакка башталган жол.

– Үй-бүлө кодексинде никеге турууга мүмкүн болгон жаш курак да өзгөртүлдүбү?

– Үй-бүлөлүк институтту бекемдөөнүн алкагында, кызга 18 жашка чыккандан кийин гана никеге турууга уруксат берүү сунушталып жатат. Бүгүнкү күндө айрыкча түштүк жергесинде 15-16 жаштагы кыздарды турмушка берген көрүнүштөр катталып, нике кыйган молдолорго кылмыш иши козголгон жагдайлар бар. КР Жарандык кодексинин 56-беренесиндеги каралган нике курагын жана аны 17 жашка төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн алып салуу сунушталды. Ошондой эле бул өзгөртүүлөр аталган кодекстин 75-беренесине да – расмий никеге турмайынча, нике кыюуга тыюу салуу боюнча - таасирин тийгизет.

– Эмгек министрлиги жарандарды чет өлкөлөргө убактылуу жумуштарга орноштуруу боюнча да иштерди жүргүзүүдө. Бул мүмкүнчүлүктөн канча жараныбыз пайдалана алышты?

– Чет өлкөлөрдөгү мезгилдик жумуштарга жөнөтүү Бишкектеги Жаш Гвардия жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан офисибизде жүргүзүлөт. 2025-жылы 10 миңден ашуун кыргызстандык мезгилдик иштерге тартылды. Алар 6 ай иштешет, татыктуу айлык алышат. Англиялагы компаниялардын өкүлдөрү тестирлөө өтүп жатканда барып, жумушчулардын шарттары кандай, канча төлөнөт, тамак-аш, жатакана кандай болот сүйлөштүм. Жарандар баары жакшы экенин айтып ыраазычылык билдиришти. Компаниянын өкүлдөрү дагы ар бир жердин өзүнүн мыйзамы, эрежелери болоорун, кыргызстандыктар ошол мыйзам-эрежелерди бузбай, абдан жакшы иштеп жатканын айтып, ыраазы болушту.

Жакында Японияга барып келдим. Ал жакта кыргызстандык жарандарга мамиле жакшы. IT компанияларынын өкүлдөрү менен жолукканда, кыргызстандан жумушчу күч күтүп жатышкнын айтышты. Бирок ал өлкөгө баруу бир аз татаалырак, биринчи тил үйрөнүп, анан тесттен өтүшү керек. Компаниялар «эки жыл өзүбүз окутуп, андан соң ишке алмакпыз» дешти.

– Майыптуулугу бар жарандарга төлөнүүчү жөлөкпул көбөйтүлөөрү белгилүү болгон, качантан баштап көбөйтүлгөн көлөмдө төлөнүп баштайт?

– Бүгүнкү күндө 16 категориядагы акчалай компенсация алуучуларга сумма көбөйтүлдү. Алар: Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлери, Ленинград блокадасынын катышуучулары, Афганистан согушуна жана Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкандар ж.б. Ушул жылдын 18-апрелинде буга байланыштуу президентибиздин жарлыгы чыккан. 23-майда Министрлер Кабинетинин тескемеси чыкты. 2025-жылдын 1-январынан баштап 7 миң сомдук компенсациялар 10 миң болуп көбөйтүлөт, афганчыларга 2 миң сом кошулуп жатат. Азырынча бул төлөмдөр төлөнө элек, бирок ушул жылдын 1-январынан тартып эсептеп, баарын төлөп беребиз.

– Алдыда 1-июнь Балдарды коргоо күнү келе жатат. Бул датага карата кандай иш чараларды өткөрүүнү пландап жатасыздар?

– Балдар күнүнө карата пландалган иш чаралар көп. Бишкектеги «Сейил» багында Агартуу министрлиги менен биргеликте көңүл ачуучу программалары түзүлдү, бизден – интернет тибиндеги мекемелердин, фостердик үй-бүлөлөрдүн 800 тарбиялануучулары жана Агартуу министрлигинен дагы 800 бала театрдаштырылган оюн-зооккө күбө болуп, белек-бечкек алып кетишет. Андан тышкары, балдарды кинотеатрларга алып баруу, балмуздак берүүнү да караштырып жатабыз. Ар бир райондогу башкармалыктарыбызга балдарды коргоо күнүнө карата өзгөчө программаларды түзүү боюнча тапшырмалар берилген. Мисалы, Ош шаарында 400 баланы камтыган иш чаралар өтөт. Өзүңүздөр билгендей, ар бир министрлик, мекемелер интернат тибиндеги мекемелерди жетекчиликке алышкан, аларга да кат жүзүндө кайрылып, 1-июнда балдарга көңүл буруп, маанайын көтөрүп, мээрим тартуулап коюуларын суранып жатабыз.