Нургазы Жакшылыкбек уулу: «Мен кандай болсом келинчегим ошондой кабыл алганына ыраазымын»
12 июль

Нургазы Жакшылыкбек уулу: «Мен кандай болсом келинчегим ошондой кабыл алганына ыраазымын»

Жашоодо ар кандай адамдар бар. Кээ бир адамдар төрт тарабы төп келип турса да жашоосуна нааразы болушат. Ал эми айрымдар мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай айланасын шаң бөлөйт, шык берет. Бүгүнкү биздин коногубуз Нургазы Кочкор жеринде күн кечирип, коомго өз өнөрүн тартуулап ырдап ал гана эмес жаркылдаган келинчектүү болуп коомчулукту суктандырып турган учуру. «Куш бооңор бек болсун» деп Нургазы менен баарлаштык. 

«Жашоомо, мени жараткан Кудайыма, ата-энеме ыраазымын»

Мен өзүм 1997-жылы 28-августта Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Эпкин  айылында жарык дүйнөгө келгем. Беш бир туугандын улуусу болом. Башка бир туугандарымдан өзгөчөлөнүп төрөлгөндө эле майыптуулук менен жарык дүйнөгө келиптирмин. Врачтардын болжолдуу айтымында, курсакта жаткан кезде апам билбестик кылып дары-дармек ичкенден дешет. Ата-энем балким өзүлөрүн күнөөлүү сезишкендир, бирок мен жашоомо, жараткан Кудайыма ыраазымын, жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме чоң рахмат. Эрезеге жеткиришти…
    
«Менин арабам жүргүдөй шарттын жоктугунан окубай калгам»

Балалыгым Эпкин айылында өтүп, ошол жердеги мектепти аяктадым. Мен үчүн өмүрүмдөгү эң азаптуу учурлар - эки чакырымдай жердеги мектепке жетүү жана кайтып келүү эле. Айыл жергесинин жолун билесиздер да, таштак болуп ыңгайсыздык жаратчу. Арабам сынып калып жаанда, суукта жолдо калган учурларым да көп болду. Андай учурларда кошуналарым,  досторум жардам берип жүрүштү. Кийин иним чоңоюп арабамды түртүп мектепке жеткирип, кайра алып келе баштады.  Ошентип жүрүп орто мектепти  аяктадым. Кийин коңшу айылдагы кесиптик лицейге тапшырып компьютерди жакшы өздөштүрдүм. Бала кезимден эле чыгармачылыкка аябай кызыкчумун, лицейди аяктаганда Бишкекке барып С.Чокморов атындагы окуу жайга  тапшырып, тилекке каршы барып-келүүдөн кыйналып окубай калгам. Бишкекте деле менин арабам жүрө тургандай шарт жок экен. Ал эми ырчылык өнөргө эч ким деле устат болгон жок. Үйдө жана жакындардын тоюнда ырдап жүрүп чакан чөйрөгө таанылып калдым.

«Тик-ток мага бакыт алып келди»

Замандын талабына ылайык социалдык желелерди баарыбыз колдонуп жүрөбүз го. Кимдир бирөөлөргө зыян алып келиши мүмкүн, бирок тик-ток мага бакыт алып келди десем болот. Күндөрдүн биринде ал жактан Алина деген сулуу менен таанышып калдым. Эмнегедир анын акылдуулугу, тарбиясы, жашоого болгон көз карашы, мүнөзү жакты. Мага окшоп ырга да жакын экен. Түз эфирде отуруп тик-ток колдонуучулары  менен баарлашып, кээде бирге ырдачубуз. Катталуучуларыбыздын көпчүлүгү «экөөңөр дуэт ырдабайсыңарбы» деп айтып калышчу. Ошентип жеке баракчадан баарлаша баштадык. Бири-бирибизди жакындан билген соң күнүгө телефон аркылуу сүйлөшүүгө өттүк. Бара-бара биздин жакындык жылуу сезимдерди пайда кылып өмүрүмдө биринчи жолу сүйүү деген сезимге кабылдым. Менин сезимимди Алина да четке каккан жок. Мен жөнүндө баарын билди. Мен жашоодо кандай болсом ошондой кабыл алганына өзгөчө ыраазы болуп жакшы көрдүм.  Бир күнү турмуш куруу сунушун киргизип, колун сурадым. Алина экөөбүздү виртуалдык жашоо жана чыгармачылык бириктирди десем болот. 

«Бактыбызга эч ким тоскоол болгон жок»

Албетте, башында «балким баш тартып койсочу» деп тынчсызданган учурларым болду. Бирок  Алинанын  мага болгон жакшы мамилесине, сезимине, махабатына  ишендим. Сунушума «макул» деген жообун алган соң алдыдагы жашообузду бирге кыялдана баштадык, жакындарыбыздын алдында ак тоюубузду берип батасын алдык. Коомчулукта «келинчегиңдин жакындары каршы болгон жокпу?» деген суроолор болушу мүмкүн. Тескерисинче сүйүнүштү, кубанышты, колдошту. Келинчегим беш бир туугандын ортончусу болот. Эки эжеси жана эки инисинин ортосунда чоңоюп өскөн. Өзү 1999-жылкы жана Чолпон-Атанын кызы. Кайын журтум да түшүнүү менен кабыл алышты. Биздин турмуш курушубузга, бактыбызга эч кандай деле каршылык, тоскоолдуктар болгон жок. Алинадан «Мени кантип жактырып калдың?» деп сурасам, адамкерчилик сапатымды, жөнөкөйлүгүмдү жана жашоого болгон көз карашымды баалаганын айтат. Жакындарыбыздын  тилеги биздин бактылуу болуп жашап кетишибизде болду. Кайын журтуна жаркылдаган келин болду. Буйруса жакшылыктын баары алдыда…

«Келинчегим экөөбүз дуэт жаздырып бирге ырдайлы дедик»

«Ар бир адам өзүнүн жашоосунун сүрөтчүсү» деп коёт эмеспи.  Туура кыялданып ой жүгүртсөң, түз жүрүп жакшы пландарды алдыга койсоң Жараткан тараптан ошол нерсенин баары аткарылат деген ойдомун. Учурда келинчегим экөөбүздүн алдыга койгон көптөгөн пландарыбыз бар. Дуэт жаздырып бирге ырдайлы деп аракет кылып жатабыз. Себеби келинчегим да жакшы ырдайт. Чыгармачылыкта да, жашоодо да бири-бирибизге арка-жөлөк болуп түбөлүктүү бирге болобуз деп ниет кылып атабыз. Ар тараптан колдоп турган өмүрлүк жубайга жолуктурган Жаратканга ыраазымын.

«Атам көрбөгөн жакшылыктарды апам көрсө экен...»

Кичинекей чагымда, «Эмнеге мен баспайм?» деп ойлоно берчүмүн. Бала экемин да, балдар ойносо кошо чуркап футбол ойногум келген, велосипед тепким келген учурлар көп эле болгон. «Өз алдыңча баскан кандай болду экен?» деген суроолорду өзүмө көп берчүмүн. Кийин эс тартып калган кезимде жашоодо менден да жаман абалда, төшөктө жаткан замандаштарымды көрүп, «мен эч качан нааразы болбойм. Эки колум, көргөн көзүм, уккан кулагым бар» дегем. Жакындарыма жана классташ досторума ыраазымын. Мүмкүнчүлүгүмдүн чектелгенин билгизишкен жок. Кичине кезимден тартып кандай учур болбосун катарларынан калтырбай бүгүнкү күнгө чейин коштоп жүрүшөт. Өмүрүмдө бир өкүтүм атамдын бул жашоодон эрте кеткени болду. 2015-жылы каргашалуу окуя болуп жол кырсыгынан каза болуп калган эле. Беш баласынын биринин да жакшылыгын көрбөй калды. Баарыбыз кичинекей элек.  Жок дегенде келининин ысык чайын ичип калса болот беле деп калам. Атам көрөбөгөн жакшылыктарды апам Гүлнур көрсө деп тилейм...