
Өзгөчө балага инклюзивдик чөйрөнү кантип түзүү керек?
Инклюзия, өзгөчө балдарды окутуу жана тарбиялоо темасына кызыккандар көп болгондуктан “Караван-Инфо” педагог-дефектолог Алтынай Кубатбекова менен болгон маекти улантат.
- Инклюзивдүү чөйрө деген эмне?
- Инклюзивдүү чөйрө – бул ар бирибиз коомубузга алып келген уникалдуу тек-жайыбызды, суроо-талабыбызды, жөндөмүбүздү жана тажрыйбабызды кабыл алган чөйрө.
Педагог-дефектолог өзүнүн ишмердүүлүгүн окуу процессинин алкагында ар бир окуучуга көңүл буруп, анын мектеп жашоосуна катышуусуна, билим алуусуна ылайыкташтырышы керек. Ал үчүн жеке суроо-талаптарды, өзгөчөлүктөрдү, адаптацияларды эске алуу менен алдын ала структураларды жана процедураларды түзүп алат.
- Биринчи кезекте эмнелерди эске алуу керек?
- Сиз мейкиндикти, убакытты, материалдарды кантип колдоносуз, ойлоп көрүңүз. Окуучуларга ийгиликти багындыргыдай шарт түзүңүз. Алагды кылуучу нерселерди алып салып, окууга ылайыктуу материал тандап, окуу процессине катышууга жардам берчү кошумча ыкмаларды колдонуңуз.
Нейроартүрдүүлүктү пландаштыруу зарыл. Биз дүйнөнү ар башкача кабыл алабыз. Айланаңызда өзгөчө балдардын кыжырына тийген добуш, жарык, температура жана башка нерселер жокпу, караңыз. Ошондой эле инклюзивдүү чөйрөнү калыптандыруу үчүн бала менен мамиле түзүү маанилүү. Мамиле түзүлдүбү жана ал канчалык натыйжалуу болуп жатканын билүү үчүн визуалдык жана вербалдык эмес белгилерди байкаңыз.
- Дагы кандай сунуштарды бере аласыз?
- Күн тартибин түзүүдөн баштаңыз. Анан ошону менен иш аткарыңыз. Эгер майыптыгы бар балдарга сабак берсеңиз, жолугушуунун башында сабак бүткүчө же ошол күнү эмнелерди аткарышаарын айтууну сунуштайт элем, ошондо ар бир окуучу аны эмне күтөөрүнөн кабардар болот.
Сабакты үйдөн өтүп, бала апасы менен катышкан учурда дагы азыр эмнелерди жасаарын алдын ала түшүндүрүп бериңиз.
Мындай балдар тез чарчайт, ошондуктан убак-убагы менен тыныгуу жасап, эс алуучу жай да даярдап коюу керек.
Анан, албетте, сабак учурунда окуучунун кызыгуусун кармап калуу үчүн окутуу ыкмаларын өзгөртүп туруу зарыл. Эгерде окуучу аралашпай же аралаша албай жатса же кызыкпай отурса көңүл буруңуз. Бала аралаша албай жатса, иштин багытын же окутуу ыкмасын өзгөртүүгө туура келет.