Бакыт Бакетаев: Шайлоо өнөктүктөрүнүн жакын болушу башаламандыкты жаратып, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин татаалдатат
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев менен мөөнөтүнөн мурун боло турчу шайлоонун күңгөй-тескейи боюнча баарлаштык.
– Бакыт Кушбекович, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда таратуу логикабы же эсеппи?
– Кыргызстанда парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу демилгеси коомчулукта кеңири талкууга алынууда. Учурдагы чакырылыштын ыйгарым укуктары 2026-жылы аяктайт, бирок бир топ депутаттар шайлоону 2025-жылы, президенттик өнөктүк башталганга чейин өткөрүүнү туура деп эсептешүүдө. Бул сунушту айтып чыккан депутаттардын позициясы эмоцияга эмес, мамлекеттик көз карашка негизделгени менен коомчулукта талкуу жаратууда.
Алардын жүйөөсү жөнөкөй: 2026-жылы парламенттик жана президенттик шайлоолорду бир убакта өткөрүү мамлекеттик институттарга чоң күч келтирет, укуктук жана уюштуруучулук тобокелчиликтерди жаратат. Ошондой эле саясий туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн. Андан тышкары, шайлоо өнөктүктөрүнүн аралыгынын жакын болушу коомдо башаламандыкты жаратат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин татаалдатат. Бул нерсе жарандардын шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенимин азайтат.
– Сиздин баамыңызда парламенттик шайлоо 2025-жылы болсо, кайсыл маселелерди жеңилдетет?
– Эгерде парламент 2025-жылы таратылса, бул бир нече маселени чечмек. Маселен, эки чоң шайлоо өнөктүгүн бөлүп, шайлоо календарын жеңилдетмек. Ошондой эле президенттик жарыш баштала электе жаңы парламентке толук мандат берилмек. Эң башкысы, бир убакта өтө турган шайлоолордон келип чыгуучу кагылышуу тобокелдигин азайтмак.
Кээ бир сынчылар бул кадамды өз кызыкчылыгын көздөгөн саясий топторго пайдалуу деп эсептешсе да, көптөгөн эксперттер бул демилгенин логикасы бар экенин моюнга алышууда. Демилгечилер баш-аламандыкты эмес, тартипти сунуштап жатышат. Кыргызстандын өткөн шайлоо тажрыйбасын эске алганда, мындай мамиле прагматикалык кадам катары көрүнөт.
Саясаттан алыс турган жарандар да шайлоолорду этап-этабы менен өткөрүү идеясын колдоп жатышат. Себеби, эл туруктуулукту каалайт. Ошондуктан депутаттардын бул демилгеси саясий манёвр эмес, эски каталарды кайталоодон качуунун аракети катары кабыл алынып жатат.
– Ошондо парламент тарасын деген депутаттар өлкөнүн келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылып жатышабы?
– Ошондой десек да болот. Парламентти таратууну сунуштаган депутаттардын аракеттери өлкөнүн келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуунун белгиси катары карасак болот. Тагыраагы, алардын аракети артка кадам эмес, тескерисинче, туруктуу жана алдын ала болжолдонгон саясий процессти куруу. Кыргызстандын татаал саясий шартында мындай кадам – бул калыптанган саясатчылыктын жана мамлекеттик жетилгендиктин белгиси десек болот.
