Канат Оморов, хирург: «Кант диабетинен биротоло кутулуунун эң жакшы жолу – операция»
17 сентябрь

Канат Оморов, хирург: «Кант диабетинен биротоло кутулуунун эң жакшы жолу – операция»

Мындан бир нече жыл мурун кант диабетинен операция жолу менен кутулса болот деген түшүнүк жок эле. Болсо да, бул чет мамлекеттерде гана ишке ашчу. Медицинанын өнүгүшү менен азыр мындай олуттуу операциялар Кыргызстанда да жасалып калды. 2-типтеги кант диабетин операция жолу менен дарылоо ыкмасы тууралуу тажрыйбалуу хирург, эндовидеохирург, бариатрия боюнча мыкты адис Оморов Канат Рысбекович айтып берди.

– Канат Рысбекович, кант диабетине операция жасоо ыкмасы Кыргызстанда качантан бери ишке ашырылып келе жатат?

– Бул операция Европа өлкөлөрүндө көптөн бери эле жасалат. Ал эми бизге келгенине 5–6 жыл болуп калды. Жылдан-жылга диабеттин 2-тиби менен ооругандар көбөйүп, ошого жараша операция жасатууну каалагандардын саны да өсүүдө.

– Бул көрсөткүч эмнеден улам деп ойлойсуз?

– XXI кылымда туура эмес тамактануудан, кыймылдын аздыгынан улам ашыкча салмактуулук күчөп кетти. Адам семиргенде ички органдарын, анын ичинде уйку безин май басат. Ал эми бөлүнүп чыккан инсулин майдан өтө албай, өз функциясын толук аткара албай калат. Мындан улам инсулин менен кант бири-бирине дал келбей, кандагы канттын деңгээли жогорулап кетет. Учурда кант диабетинин көбөйүшүнүн биринчи себептеринин бири – ашыкча салмак.

– Операциядан кийин бейтап диабеттен биротоло кутулабы?

– Өзүңүздөр билгендей, диабет биринчи жана экинчи типке бөлүнөт. Биринчи типтеги диабетке операция жардам бербейт. Мындай учурда өмүр бою инсулин сайдырып жашоого туура келет.

Операция 2-типтеги диабетке гана жасалат. Ал кандай жасалат? Ашказандын бир бөлүгүн алып салабыз да, калган бөлүгүн ылдыйкы ичеги менен бириктиребиз. Анткени ылдыйкы ичегиден кант азыраак сиңет. Жыйынтыгында инсулин менен канттын деңгээли бири-бирине дал келет же жакындайт.

Андан кийин бейтап дарыларын убагында ичип, биздин көрсөтмөлөрүбүздөн чыкпай, туура тамактанса, бара-бара диабеттен кутулат. Диабет менен ооругандар үзгүлтүксүз дары ичип, инсулин алгандан тажап калышат. Операция ушул үзгүлтүксүз дары-дармектен арылуунун эң жакшы жолу.

Анын үстүнө операция акыркы үлгүдөгү заманбап аппарат менен жасалат. Анын жакшы жери – тери чоң кесилбейт. Үч жерден тешип, ашказандын кесилген бөлүгүн ошол тешиктердин бири аркылуу алып чыгабыз. Аягында тешиктерди тигип коёбуз. Мындай учурда жара тез бүтүп, бейтап 3–5 күндүн ичинде үйүнө чыгып кетет.

– Бул операциядан кийин бир ок менен эки коёнду атып, кант диабетинен да, ашыкча салмактан да арылууга мүмкүн экен да?

– Ооба. Ар ким организмине жараша ар кандай салмак таштайт. Айрымдар бир айда 5 килограммга арыктаса, кээ бирөөлөр 15 килограммга чейин ашыкча салмагынан арылат.

Ушундай эле операцияларды диабети жок адамдарга да арыктатуу максатында жасайбыз. Бариатриялык операциялар учурда абдан актуалдуу болуп жатат. Бирок анын жасалуу ыкмасы башкача.

Тактап айтканда, ашказандын 80 пайызын алып салабыз, ал эми ичеги-карындын башка жолдору өз ордунда калат. Ошонун эсебинен адам аз тамак жеп, салмак таштайт.

– Иш тажрыйбаңызда мындай операциялардан канчасын жасадыңыз?

– 13 жылдык иш тажрыйбамдын эки жылын Түркияда иштеп өткөрдүм. Ал жакта абдан көп операцияларды жасадык. Кыргызстанда акыркы беш жылдын ичинде жасаган операцияларымдын саны 300дөн ашты.

– Маегиңизге рахмат. Элдин саламаттыгына кам көрүп жүрө бериңиз!