Аширкул Молдалиев: Пенсияга чыккандан кийин өмүрүмдүн иштей турган убагы ушуну менен бүтүп калдыбы деген ой «жеди»
1-июль салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Салык кызматынын ардагери, Салык кызматынын I рангдагы кеңешчиси, Салык кызматынын отличниги Аширкул Молдалиев бул тармакта иштеген жылдары жана дайыма иштеп жүргөн адамдын жашоосу пенсияга чыккандан кийин кандай өзгөрүлөөрү тууралуу айтып берди.
– Салык кызматына качан келгениңиз тууралуу айтып берсеңиз, маегибизди ошол күндөрдөн баштайлы?
– Салык системасында 1973-жылдан тартып иштедим. Союз маалында салык эмес, киреше бөлүмү деп аталчу. Анткени, социалисттик системада салык деген болбошу керек деген түшүнүк бар эле. Киреше бөлүмү бюджеттин киреше жагын толтурчу. Финансы-экономикалык техникумда так ушул киреше бөлүмү боюнча тайпа бар болчу, ошондон билим алып, окууну аяктагандан кийин эле иштеп баштадым. Катардагы кызматкерден тартып облустук финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчыга чейин иштедим.
Кийин Салык кызматы түптөлгөндөн соң мени Ош облусундагы Салык кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындоо боюнча буйрук чыкты. Андан бери узак жылдарга созулган салык тармагындагы жолум көптөгөн шаарларга, райондорго алып барды. Жалал-Абад облусуна караштуу бир нече райондордо, шаарларды Салык башкармалыгынын жетекчиси, жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп иштедим. Айтор, көп жол бастым. 2007-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Эсептөө палатасынын төрагалыгына которушту. Пенсияга ошол жактан, 2010-жылдан кийин чыктым.
– Дайыма иштеп жүргөн адам бош отуруп калган биринчи убактарды оор өткөрсө керек, сизде кандай болду?
– Өзүмдү абдан жаман сезгенмин. Туура, дайыма иштеп жүргөн адам капысынан эле бош отуруп калса, абдан кыйналат экен. Түнү уктайын деп жатып көзүмдү жумаарым менен эртең эмне кылам, ушуну менен өмүрүмдүн иштей турган курагы бүтүп калдыбы деген ой келет, эртең менен көзүмдү ачканда да ушул ой мээмде турган болот. Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн артында карагат өсүп кеткен экен, бак-дарактарга чырмалган, чаржайыт кеткен. Бактын алды таштандыга толгон. Кой, жөн отурбай, кыбырайын, өзүмдү алаксытайын деп Мамат аттуу өзүмө окшогон ыктыярчы жигитти кошуп алып, тазалоого өттүм. Карагатты жыйнактуу кылып, ашыкчасын кыркып, үч «Самосва́л» унаага жүктөп таштандыга жеткирдик. Жерге шагыл төгүп, тегиздедик. Отургучтарды оңдодук. Айтор, бала-чака ойногонго, кишилер отуруп эс алганга ылайыктуу жайга айланттык.
Ошентип, 15 күндүн ичинде ал иш да бүтүп, кайрадан бош калдым. Мурдагыдан да катуу ойлонуп баштадым. Анан кызым менен Ош шаарынын Батыш кичирайонундагы жаңы ачылып жаткан базарга окуу куралдарын алууга барып, соодагер жубайлар менен сүйлөшүп калдым. Ошолор мага абдан чоң жардам беришти. Бишкектен товар ташышат экен, алар алып келген товарларына сатып алган наркына жол киресин кошуп, мага беришет, мен үстүнө дагы бир аз кошуп, чакан контейнерде отуруп алып сатам. «Кымбат сатсаңыз эч ким албай коет», – дешкенинен аз эле кошом, анан ошол базардагы эң арзан товар меники болуп калса боло. Кардарлар абдан көп келет, август айы болчу.
Мектеп ачылып, окуу куралдарына суроо-талап азайганда, ошол жердегилердин кеңеши менен Кара-Суу базарына барып маасы-көлөч алып келип сата баштадым. Ал дагы жакшы өттү.
Анан базардын аянты кеңейип, контейнерлер көбөйдү. Ага жараша тазалык маселеси келип чыкты. Анысын да мен алып алдым. Мага ыңгайлуу экен, базар тарагандан кийин шашпай шыпырып-тазалайм. Бул мээмдеги ойлордон арылтат, өзүмдү коомго керектүү сезем, бош убактым азайды. Негизи, адам убактысы тартыш болуп жумуштан башы чыкпай жүргөндө өзүн жакшы сезет экен. Адал эмгек менен нан таптырган эч бир иштин уяты болбойт. Ошентип, бир жылдай ишкерчилик менен алектендим.
– А эмнеге улантып кеткен жоксуз?
– Эң сонун болуп, эми ордумду таап баштаганымда балдарым Жалал-Абадка кел деп башташты. Алар Жалал-Абадда, биз Ошто, туугандарыбыз Ноокатта болчу да. «Баарыбыз ар кайсы жерде жүрбөй биригели, сизден кабар алып турганыбызга жакшы», – дешкендери жөндүү көрүндү. Айылга кетким келди, бирок ал жакта там-таш болбогондуктан, Жалал-Абадга, уулумдун үйүнө көчтүк. Кээде катачылык кетирген экенмин деп өкүнүп калам, анткени, ошол бойдон кеткенимде балким, ушул убакка чейин мамлекетке бараандуу салык төлөгөн ишкерге айланмакмын.
– Азыр Жалал-Абад облусундагы финансы жана салык жаатынын ардагерлеринин коомунун төрагасы экенсиз. Бул милдетти кандайча алып калдыңыз?
– Жалал-Абадка келгенден кийин кайрадан бош күндөр башталды. Бир жылча жөн эле убакыт өткөрүп жүрдүм. 2012-жылы Бишкекке бир иш чарага барып калсам, өлкөнүн бардык облустарында ардагерлер кеңеши түзүлүп жаткан экен, а мени төрага болот деп сыртымдан эле чечип коюшуптур. Жалал-Абад облусундагы Аксакалдар кеңешинин Абыш Кочкоров аттуу төрагасы бар эле, имаратынан бир кабинет бөлүп берип, «ушул жерге келип иштейсиң» деп койду. Ошону менен уставдарды жазып, документтерди даярдап, Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, түйшүгүнө берилип кеттим. Албетте, кыйынчылыгы көп болду. Өткөн жылы ден соолугумдан бир аз көйгөй жаралып, төрагалыкты башка бирөөгө өткөрүп берейин десем, эч кимиси макул болбой коюшту.
– Сиз үчүн мурунку Салык кызматы менен азыркы Салык кызматынын айырмачылыгы барбы?
– Салыштыруу үчүн көп анализ жүргүзүү керек. Мурда баары жөнөкөй болчу, бирок салык аз түшчү. Жакшы эсимде, Жалал-Абад облусунда иштеп жаткан чагымда, бир айга облус боюнча – ал маалда 8 район, 4 шаар бар эле – 73 миллион сом план тапшырма берилди. Эки жагыбызды, мурунку эсептерди карап ызы-чуу түшүп жатып калганбыз. Бул абдан көп аткара албай калабыз деп жетекчиликтер суранып, далилдерди көрсөтүп жатып, 63 миллион сомго түшүргөнбүз. Аны да араң аткарганбыз. А азыр Жалал-Абад шаарына эле 130 миллион сом план тапшырма берилет экен. Бул эмнени билдирет? Демек, көмүскө экономика азайды, ири салык төлөөчүлөр пайда болду, салык төлөөчүлөрдүн салык төлөө маданияты жогорулады.
Менин бир сунушум бар – экономиканы көтөрөбүз десек, салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү керек, толук кандуу.
Акыркы учурда буга чейин салык төлөөчүлөрдү кыйнап келген көп эрежелер жокко чыгарылды. Мен эл арасында жүрөт эмесминби, ошондуктан көп пикирлерди угам. Мисалы, салык төлөөчүлөр кагаз иштеринен, ошол эле отчеттордон, декларациялардан тажашчу. «Мага канча салык төлөй турганымды гана көрсөтүп коюшсун, ошого жараша төлөй берем, бирок Салык кызматына барып, кандайдыр бир кагаз иштерин тапшыруу ашыкча убакытты, күчтү алат, түйшүк жаратат», – дешчү. Ишкерлердин кыжырына тийген нерсе ушул болчу.
Дагы бир айта кетчү нерсе – айрым учурда Салык кызматынын ишмердүүлүгүнө болгон бир катар сындар айтылып калат. Белгилүү эле адамдардан. Бир нерсени билүү керек – сын айткан адам сунушун да кошо айтууга тийиш. Сунушу болбосо, сын да айтып кереги жок.
– Бүгүн салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы эмеспи. Бул күнгө карата кесиптештериңизге кандай каалоо айтасыз?
– Жалал-Абал облусунун жана Жалал-Абад шаарынын ардагерлер кеңешинин атынан учурда иштеп жаткан жана ардактуу эс алууда жүргөн салыкчыларды куттуктайм. Иштеп жаткандардын иштери ийгиликтүү болсун, туура, таза иштеп, эмгегинин үзүрүн көрсүн. Эс алуудагыларга эң негизгиси ден соолук каалайм, үй-бүлөсү менен аман-эсен болушсун. «Карыганда берсин дөөлөттү» дейт, дөөлөтүбүз бекем болсун. Бардыгыбыздын бактыбызга заманыбыз тынч болуп, өлкөбүз өнүгө берсин.
