Чыңгызхан Кожошев, төкмө акын: " Сахна көйрөңдүктү, өзгөчөлүктү талап кылат экен"
18 октябрь

Чыңгызхан Кожошев, төкмө акын: " Сахна көйрөңдүктү, өзгөчөлүктү талап кылат экен"

Асанбий уулу Алымбек датканын 225 жылдыгында төкмө акындарга 6 миллион сом байге сайылып, баш байгеге үй коюлган. Биз бай байгенин ээси  Чыңгызхан Кожошевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Чыңгызхан, Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтышта  батирди  утуп алдыңыз. Ички туюмуңузда жеңишке  жетээриңизди билдиңиз беле?

– Чынын айтсам, үй алам, баш байгени утуп алам деген ой болгон  эмес. Өнөр жарышы болгондуктан катышып көрөйүн,  сөздүн, өнөрдүн ырахатын сезейин. Акындар менен айтышайын элге да ырахат тартуулайын деп келгем. “Күлүк күлүктү көрсө,  төрт туягы тыбырайт,  чечен чеченди көрсө,  оозу – мурду кыбырайт” дегендей  акын акынды көрсө,  айтышкысы келет.  Насип экен баш байгеге ээ болдум. Эң башкысы айтышыбыз элге жагып, айтыштын атагы, кадыры көтөрүлө берсин.

– Баш байгеге ээ болгонуңузду укканда кандай сезимдер болду?

– Жеңүүчү болуп, эл кубаттап  дуулдаганда  мен элдин көңүлүнө толгудай айтыштымбы? Калыстар өз  баасын берип, эл ыраазы болду бекен деген ой келди.  Анткени, тандоо турунда айрым акындар өз баасын албай калган учурлар да болду...

– Президенттин колунан үйдүн сертификатын алдыңыз. Үйдү көрдүңүзбү? Канчанчы кабат экен?

– Сертификатты алгандан кийин ачкычты алып, үйдү көрдүм. 14 -кабаттын биринчи этажы экен.  Буюрса, үй -бүлөм менен барып, жакындарымды чакырып, бата алсам деп турам.

– Айрым акындар бул акын менен, тигил акын менен айтышкан айтышым  элдин купулуна  толгон. Мага да керемет сезимдерди тартуулаган дешет экен. Сиз кимдер менен болгон айтышта сөздүн ырахатын сездиңиз эле?

– Талас жергесинен Сапарбек Зулпуев  менен болгон айтыштан, Караколдогу Амантай Кутманалиев менен болгон айтыштан, Бишкекте Болот Назаров экөөбүз айтышкан айтыштан  ырахат алгам.  Ал эми кыз-жигит айтышынан Гүлкайыр Айнаш кызы, Изат Айдаркуловалар менен болгон айтыштар да абдан жакшы болгон. Негизи андан башка деле айтыштарым болсо керек. Азыр эсиме келгени ушулар болду. Акындар сөздүн ырахатын сезип, айтам дегенин айтып, сөздүн жүйөсүн табасың.   Бирок, сенин атаандаш акының сенден да күчтүү жүйө таап, сени сөзгө жыкканга аракет кылат.  Сен андан да ашыгасың. Соккунун артынан сокку берген боксчудай саптын артынан сап берип турасың. Образдуу айтканда акыркы дем менен жүйө издеп, кыргыздын сөз казынасынан отурган жерден жүйө табасың. Айтыш өнөрлөрдүн төрөсү болгондуктан, ар бир сөздү ичиңден акыл элегиңден өткөрөсүң.

– Бири бириңерди кубаттаган же сөзгө жыккан уйкаш  саптар кантип келет? Эл дуулдап колдогондо келеби же минтип айтса, тигинтип жооп берем деп алдын ала даярдык көрөсүңөрбү?

– Экөө тең. Акындар көргөн адамдан да, уккан адамдан да бир нерсе алып калгысы келип,  ар дайым изденүүдө жүрөт. Сөз, окуя издейт. Жыгач уста сайдан кандай  жыгач көрсө, не жасасам экен деп изденген сыяктуу акындар да сөз, сөздүн жүйөсүн, курч окуяларды  издейт. Казынасы толгондо кымыз ачып көбүргөндөй, бышкан мезгилде калпып каймагын берет.

– Бул айтышта кимди өзүңүзгө атаандаш көрдүңүз?

– Ыктымалдуулук деген болот. Айтыштын практикасында, жүрүшүндө акыркы үч жыл аралыгында жакшы көрсөткүчтөрдү эске алганда,  Мамбет Токто Мамбет Орозо уулу, Асылбеков Марат, Баян Акматов, Изат Айдаркулова, Турат Жумаев, Нурсултан Абдикаримов, Темирбек Матыбаев, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасовдордун баары эле атаандаш болот. Негизи  ар бирини өзүнүн артыкчылыгы бар, биринен бири кем калбаган таланттуу жигиттер. Баары өз алдынча даярданып келгендиктен алдын ала бул алат же тигил алат деп айталбайсың. Анткени, байге буйруктан. Акындын чабыты  күлүктүн табындай эле болот. Табына келип турганда бирде күлүккө чабандес жарашпай калат. Бирде чабандес менен күлүк бири-бирине төп келип, озуп чыгат.

– Формаңызды  атайын Алымбек датканын дооруна ылайыктап тиктиргенсизби?

– Андай десем калп айткан болом го. Бул форманы руханий устатым деп тамашалап коём. Дизайнер, философ досум Миррахим Опош тигип берген.  19-кылымдагы көчмөндөрдүн нукуралуулугуна басым жасап тиккен.  Анткени, акыркы мезгилде улуттук орнаменти бар кийимдер кыргыз кийим болуп, элге сиңип баратат.

– Тебетейди эмнеге кый шайтып кийип алдыңыз эле?

– Сахна көйрөңдүктү, өзгөчөлүктү талап кылат экен. Анын үстүнө көрпө тебетейди баса кийип алсаң, адамды улгайыңкы көрсөтүп коёт. Ошон үчүн кырдантып кийдим. 

– Акындык өнөр ата каны, эне сүтү менен келеби?

– Ошондой десе да болот. Бизди Болот уулу деп коёт. Болот уулунан Эсенжан  деген аталарым дастанчы термечи болсо, чоң атам Кожош санжырачы болгон. Тай жагымда сөзгө чечен, сөздүн кадырын билген, сөздүн жүйөсүн түшүнгөн адамдар  болушкан. Казактарда төөгө минген казак 4 ооз сөз кантип билбейсиң дегендей  ар бир кыргыз жамакчы деп ойлойм.

– Өнөрлөрдүн төрөсү болгон айтышты канча жылдан бери аздектеп келе жатасыз?

– 2011-2012 жылдан бери Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев агаларым  менен бирге “Айтыш” коомдук фондунда мүчө болгом. Ошондон бери улуу өнөрдү аздектеп,  изденип келе жатам.