Мээрим Байболова: Өспүрүмдөр жана фейк жаңылыктар: маалыматтын чын-төгүнүн кантип аныктоо керек
Мээрим Байболова
23 октябрь

Мээрим Байболова: Өспүрүмдөр жана фейк жаңылыктар: маалыматтын чын-төгүнүн кантип аныктоо керек

Фейк жаңылыктар социалдык тармактарда заматта жайылып кетет — мунун да себеби бар. Медиа-эксперт Мээрим Байболова эл эмне үчүн жалган маалыматка бат ишенерин жана аны чындыктан кантип айырмалоону түшүндүрүп, санариптик дүйнөдө манипуляциядан өспүрүмдөрдү кантип коргоо боюнча кеңештери менен бөлүшөт.

— Эмне үчүн фейк маалыматтар социалдык тармактарда тез тарайт?

— Адамдар көбүнесе коркуу жана кыжырданууну жараткан эмоционалдуу постторду бөлүшөт. Анын эсебинен фейк, башкача айтканда, жалган маалыматтар тез тарап кетет. Социалдык тармактардын өзүнүн алгоритми бар. Кандайдын бир маалымат көп жагуу белгисиз алып, коммертарийлер жааган болсо, ошончолук көп колдонуучулардын баракчасынан чыга баштайт. Анын натыйжасында жалган маалыматтар бат тарап кетет десек болот. Социалдык тармактын колдонуучулары көп учурда тигил же бул маалыматтын чын төгүнүн териштирбей, аягына чейин окубай эле бөлүшө баштайт. Ал дагы өз кезегинде жалган маалыматтын бат тарашына өз салымын кошот. 

— Жалган маалыматты чыныгы жаңылыктан кандай айырмалоого болот, анын кандайдыр бир жолдору барбы? 

— Көбүнчө фейк маалыматтар чоң тамгалар менен (Caps Lock), же болбосо көпчүлүктүн көңүлүн буруу максатында кызыктуу темалар менен чыгарылат. Анткени алардын башкы максаты элдин назарын өздөрүнө буруу. Элдер көп учурда ошол эле маалыматты бир нече булактан текшерүүнүн ордуна жалган маалыматка ишене калышат. Алар даталарга, эсперттерге, окуянын жүз берген жерине маани бербей эле дароо башкалар менен бөлүшө баштайт. Жыйынтыгында алар шылуундардын тузагына илинет. 

— Постту же жаңылыкты текшерүүдө биринчи кезекте эмнеге көңүл буруш керек?

— Азыркы учурда жалган менен расмий маалыматты айырмалар билүү абдан маанилүү. Санарип дүйнөдө анын текшерүү жолдору оңой. Биринчи кезекте посттун же маалыматтын чыккан датасына маани бериңиз. Аны жазган эксперттин аты-жөнүн, маалыматка кошулуп тиркелген сүрөт-видеолорго көңүл буруңуз. Маалыматтын чын-жалганын текшерчү бир катар ресурстар бар. Алардын бири Factcheck.kg сайты, сүрөттү Google Lens`аркылуу текшерсе болот. Андан тышкары, жалаң гана ырасталган маалыматтан кабардар болуп туруш үчүн расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына тиркелүү керек. Анткени, расмий ЖМКлар жалган маалыматты таратуудан алып болууга аракет жасашат. Эгерде тигил же бул жаңылык бир гана сайттан чыкса, ал эмне болгон сайт экенин текшерип көрүү керек. Анткени, ал маалымат жалган болуп чыгышы толук ыктымал. 

— Маалыматтын автору ким жана анын максаты кандай экенин кантип түшүнсө болот?

— Ал үчүн биринчи кезекте автордун расмий баракчасына кирип, ал жөнүндө маалыматтарды карап чыгыш керек. Балким ал жалган маалымат таратуу аркылуу акча табуу, жарнама, өзүнө ат жасоо максатын көздөп жаткандыр. Анан да анын баракчасы же сайты канча убакыттан бери иштеп жатканын текшерүү керек. Критикалык ой жүгүрткөн ар бир адам жөн гана бул маалымат эмне үчүн тарап жатат деп өзүнө суроо салышы абзел. Дагы бир ирет кайталайм такталган маалыматтардан кабардан болуп туруш үчүн ишенимдүү жана расмий маалымат булактарына катталуу керек. 

— Өспүрүмдөр фейк жаңылыктарга кабылганда көбүнчө кандай каталарды кетиришет?

— Көп учурда өспүрүмдөр фейк маалыматтын чын-жалганын текшербейт. Достору, жакындары бөлүшкөнүн көрүп андан ары тарата баштайт. Анан да маалыматты  ачыптолугу менен окуп чыгышпайт, темасын окуган соң башка достору менен шашылыш түрдө бөлүшө баштайт. Мындай учурда бир аз сабыр кылып, маалыматтагы айрым жагдайларга көңүл бурууга чакырат элем. Ал сүрөт же видео болобу, андагы деталдарга көңүл буруш керек. Азыр жасалма интеллекттин доорунда көп маалыматты бурмалап, өзгөртүп же болбосо таптакыр башка видео жасап койсо болот. Бул жерде критикалык ой жүгүртүү абдан маанилүү, себеби өзүбүз билип-билбей жалган маалыматты таратып коюшубуз мүмкүн. Балдардагы критикалык ой жүгүртүүнү өстүрүү үчүн көп китеп окуш керек. Санариптин заманында маалыматтар ушунчалык көп, айрым учурда кайсы жалган, кайсы чын маалымат экенин айырмалар албай калышыбыз мүмкүн.