Карганбек Самаков: Көп мамлекеттерди байланыштырган темир жол ишке кирсе, жаңы Жибек Жолу пайда болот
13 июль

Карганбек Самаков: Көп мамлекеттерди байланыштырган темир жол ишке кирсе, жаңы Жибек Жолу пайда болот

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоору үч өлкө, анын ичинде биздин өлкө үчүн кандай артыкчылыктарга ээ? «Күн алдындагы өлкө» Кытай менен туруктуу кызматташуу, алака-катыш Кыргызстанга кандай пайда алып келет? Мына, ушул суроолордун тегерегинде экс-депутат Карганбек Самаков менен маектештик.

Бу сапар экономиканы жакшы түшүнгөн экс-депутат Карганбек Самаков менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу баарлаштык.

– Кытай дүйнө лидерлигине чыгып, ар тарабынан өнүгүүнүн жолунда баратат. Биздей өлкөгө канткенде жарыгы тийет? Кытай менен кандай мамиледе болгонубуз оң?

– Кытай аргымактын ооздугун коё берип, дүйнөлүк лидерликтин тизгинин кармаганы калды. Кытайдын ички дүң продуктысынын көлөмү 4,5 триллион долларды түзөт. Кыргызстандын ички дүң продуктысы 6,5 миллиард доллар болуп, Кытайдын ВВПсынын 0,15% тин араң түзөт. Биз коңшу мамлекетибиз менен достук келишимдин негизинде иш алып барып, өз деңгээлибизде экономикалык жашоо формулабызды чечип турушубуз керек.

Өлкөбүздө ири долбоорлор коңшу Кытай мамлекети менен бирдикте ишке ашырылууда. Бизге жарыгы тийип турат десек болчудай.

Жыртыгы жок ак тондуу агасынын жанында, кемтиги жок боз тондуу инисиндей болуп, ынтымактуу жакшы мамиледе болгонубуз дурус.

– Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу өлкөбүздүн экономикасы жогорулашына шарт түзөбү?

– Мени Европага чейинки соодо жүгүртүүнүн бир бурчу Кыргызстан аркылуу болоору кубандырууда. Экинчиси кесипкөйлөрдүн анализине таянсак, өлкөбүзгө 200 миллион доллардан ашык каражат түшүп турат.

– Демек, Кыргызстан үч өлкөнү байланыштырган темир жол аркылуу өнүгүүгө багыт алабыз деп ишенсек болобу?

– Бул темир жол башка мурунку транспорттук коридорлорго караганда 1000 километрге  жакын кыскарат. Демек кытай тарапка дагы жакшы шарт алып келет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аркылуу Түркмөнстан, Иран, Түркия андан ары Европанын темир жол түйүндөрүнө туташып, өзүнчө эле жаңы жибек жолу пайда болуп жатпайбы. Буюрса Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, өнүгүүнү көздөгөн багыт деп ишенсек болчудай.