Насыят Керимбаевна, сюцай чебери: “2026-жылы жаңы идеялар жакшы иштейт”
Акыркы жылдары аялдар өзүн таанып-билүүгө, ички мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, жашоосундагы кыйынчылыктардын себептерин түшүнүүгө көбүрөөк кызыгып калышты. Ушундай суроолорго жооп издеп жүргөндөр үчүн «сюцай» аттуу илим барган сайын популярдуу болууда. Бул ыкма аркылуу адам өзүнүн мүнөзүн, жашоодогу сабактарын, күчтүү жана алсыз жактарын тереңирээк түшүнө алат.
Бүгүн биз сюцай илиминин адиси Насыят Керимбаевна менен маектешип, бул багыт эмне экенин, кимдерге жана кандай пайдасы бар экенин жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүүнү сурандык.
– Насыят айым, сюцай деген кандай илим? Окурмандарга жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп бериңизчи?
– Сюцай – бул сан илими. Ал адамдын туулган күнүнө таянып анын мүнөзүн, жашоодогу сабактарын, күчтүү жана алсыз жактарын ачып берет. Жөнөкөй айтканда, сюцай адамга өзүн түшүнүүгө жардам берген карта сыяктуу.Бул илимде ар бир сан белгилүү бир энергияны билдирет. Ошол сандар аркылуу адам эмне үчүн жашоосунда кыйынчылык болорун, кайсы багытта оңой ийгиликке жете аларын, кайсы сапаттарын өнүктүрүшү керектигин түшүнө баштайт. Бул илимди байыркы Кытай илими деп да айтып жүрүшөт, аны илгери императорлор колдонгон экен. Азыркы заманда карапайым калкка да жеткиликтүү болуп калды. Сюцайдын негиздөөчүсү катары бүгүнкү күндө казак жараны Жанат Кожомжаровду тааныйбыз. Мен ошол агайдан окуганмын. Азыркы учурда бул илимди Гарвард университетине киргизди.
– Сюцай менен нумерологиянын кандай айырмачылыгы бар?
– Сюцай менен нумерология экөө тең сандарга таянат, бирок максаты жана колдонуу жолу такыр башка. Нумерология көбүнчө адамдын мүнөзүн сүрөттөп, «сен ушундайсың» деп жөн гана түшүндүрөт, маалымат берет. Ал эми сюцай муну менен эле токтоп калбайт. Ал: эмне үчүн ошол сапаттар берилгенин, кыйынчылыктар кайсы ички себептен кайталанып жатканын, аларды кантип оңдоого болорун көрсөтүп берет, багыт берет. Сюцай адамды «тагдырга моюн сунууга» эмес, жоопкерчиликти өз колуна алууга үйрөтөт. Ошондуктан бул илим практикалык жактан пайдалуу деп эсептелет.
– Ошондо бул илим адамга жөн гана багыт береби же тагдырды өзгөртө алабы?
– Сюцай тагдырды өзгөртөт деп кесе айтууга болбойт. Бирок ал адамга өз тагдырын аң-сезимдүү түрдө башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Медалдын эки тарабы болгондой сандын да оң жана терс деген эки тарабы болот. Бир эле адам өз санынын оң тарабын же терс тарабын иштетиши мүмкүн. Ошол тандоону өзгөртүү – тагдырдын өзгөрүшү. Сюцай дал ушул түшүнүктү берет, өз санынын оң тарабын иштетүүгө багыт берет.
– Сюцай анализинен кийин жашоодо эмне өзгөрөт?
– Эң биринчи – түшүнүк пайда болот. Адам өзүн күнөөлөбөй, башкаларды айыптабай, кырдаалга башкача көз карашта карай баштайт.Андан кийин коркуу азаят, өзүнө болгон ишеним күчөйт. Кыскасы, сюцай – бул адамды өз жашоосунун автору болууга жетелейт.
– Демек, сюцай бардык эле адамдарга керек экен да?
– Ооба. Өзгөчө жашоосунда кайталанган көйгөйлөр бар адамдарга, мамиле, үй-бүлө, акча темасында түшүнүксүз тыгындарга туш болгондорго, өзүн таппай жүргөндөргө, баласын тереңирээк түшүнгүсү келген ата-энелерге пайдалуу. Өзү менен иштөөгө даяр адамдар үчүн бул илим абдан ылайыктуу.
– Сиз кайсы себептен улам сюцайга келип калдыңыз эле?
– Менин жашоомдогу өйдө-төмөн окуялар, өзүмө өзүм суроо берген убактарым 25 жашымда башталган. Ал кезде азыркыдай психологдор көп эмес, болсо да аларга болгон көз караш башкача эле. Ошол 2015-жылдары мен бир жерде тура албай калдым. Эки кызым эрезеге жете элек ,эркек балдарым кичине экенине карабай Түркияга кеттим. Көрсө, ал кезде менин миссиям башталган экен. А миссиям – максатка умтулуу экен. Мен эгерде максат койсом – эч кандай тоскоолдукка карабайт экенмин. Үй-бүлөлүү экениме, балдарымдын кичине экенине карабай Түркияга кеткеним ошондон болуптур. Аны психологияга, сюцайга келген кийинки эле жылдары түшүнүп жатпаймынбы.
– Түркияга баргандагы максатыңыз ишке аштыбы?
– Ал жакка баруудагы менин максатым - көп акча табуу болчу. Бирок үй кызматкерлик жумушум менен көп акча таба албайт элем. Бир жылдык келишим түзүлүп калган, айла жок иштеп жүрдүм. Менин карамагымдагы кемпир ай сайын сулуулук салонуна барчу. Аны алып барып жүрүп сулуулук тармагына кызыгып калдым. Кемпирди өзүм эле үйдөн анча-мынча сулуулап калчумун. Салонго акча кетиргиси келбеген кемпир да менин бул кызматымды жактырып калды.
Кыргызстанга келген сайын 1-2 айлык курстарды этап-этабы менен окуп жүрүп эле сулуулук тармагын мыкты өздөштүрүп алдым да, Түркияда сулуулук салонунда иштеп калдым. Аңгыча кыздарым чоңоюп, улуу кызымды жаныма чакырып университетке окуттум. Анан эле ковид келип калды. Менин жашоомдогу чыныгы бурулуш ошондо болду окшойт.
– Кантип?
– Ковидде эки кызым болуп үчөөбүз үйдө отуруп калдык. Ошондо ортобузда түшүнбөстүктөр башталды. Анткени алар кичине кезинде жанында болгон эмесмин, каалоосун уккан эмесмин, эне-баладай сүйлөшпөй калганбыз дегендей. Анан албетте, алар чоңойгон кезде минтип ортобузда бири-бирибизди түшүнбөөчүлүк пайда болду. Ошол кезде мен буга чейин издеп жүргөн “Мен киммин?” деген суроомо кыздарым аркылуу жооп издешим керек болуп калды. “Кудай, мага туура жолду көрсөт...” эле дей бердим. Анан бир күнү туура жолду психологиядан таптым. Анын ичинен сюцай илими мени чыныгы оор абалдан алып чыгып кетти. Бул илим аркылуу өзүмдүн ким экенимди, миссиям кандай экенин даана түшүнүп, өзүмдү таптым десем болот.
– Сюцайды күнүмдүк жашоодо колдонсо болобу? Өз санын кантип эсептейт?
– Сюцайда 9 гана сан иштейт. Туулган күнүңүз эки орундуу сан болсо аларды суммалап, бир орундуу санга айландырасыз. Мисалы, 29у болсо 2+9=11. 1+1=2. Демек, аң-сезим саныңыз – 2. 2лердин колдоочу планетасы Ай болгон сыяктуу ар бир сандын өзүнүн колдоочу планетасы бар. Мына ушул планетасына жараша, аң-сезим санына жараша адамдын мүнөзү, оң-терс сапаттары калыптанат. Сюцай муну менен эле бүтүп калбайт, бул абдан татаал илим. Аны окуп гана түшүнүүгө болот.
– Сюцай илимине таянсак 2026-жыл кандай жыл болот?
– Муну сюцай кантип эсептейт? 2+0+2+6=10. 1=0=1. Бирдин колдоочу планетасы – Күн. Күн планетасында өтө күчтүү энергия иштейт. Жалпы жылдын энергиясы 1 болуп жатпайбы. 1 – бул башталыш. Демек, бул жылы жаңы нерселерге басым жасалат. Көп адамдардын жашоосунда жаңы нерселер жакшы иштейт. Жаңы идея, жаңы долбоор, кыскасы, жаңы кадамдар. Бул жалпысынан алып караганда. Кимге кандай жыл болору ар бир адамдын жеке саны менен жалпы сандын айкалышына жараша болот.
– Өз санын туура пайдалануу менен адам ийгилик, акча чакыра алабы?
– Ооба, бирок муну туура түшүнүү маанилүү. Сюцайда «сан өзү эле акча же ийгилик алып келет» деген түшүнүк жок. Сан – бул потенциал. Ал аркылуу адам өз миссиясын оңой табат. Өз миссиясын тапкан адам жасаган жумушунан ырахат алат, өзүн бактылуу сезет. Ал өзүнө ылайык эмес ишке күч коротпойт, табигый жөндөмдөрүн колдонот, туура багытта аракет кыла баштайт. Ошондо натыйжа катары ийгилик менен акча өзү жакындайт. Башкача айтканда, сан акчаны чакырбайт – адам өз мүмкүнчүлүгүн туура колдонгондо акча келет. Сюцай муну аңдап түшүнүүгө жардам берет.
– Диний көз карашта сюцайды жээрип келишет. Буга эмне дейт элеңиз?
– Сюцай үстүртөн карагандар көзү ачыктык, бүбү-бакшылыкка окшоштурушат. Ошондуктан диний көз караштан алып караганда муну ширк деп жүрүшөт. Менин жеке пикиримде сюцай ширк эмес. Бул болгону адамды өзүн таанып-билүүгө жардам берген аналитикалык инструмент. Ал адамга өзүн оңдоону, мүнөзү үстүндө иштөөнү, туура тандоо жасоону эскертет. Сюцайдын формулалары абдан көп. Биз аны жеке консультацияга келген адамдын өзүнө жараша колдонобуз. Бул илим аркылуу өз багытын аныктап алууну каалагандар менден консультация алса болот. Жазылуу үчүн байланыш номери: 0702 345 567
