Чолпон Койчуманова: Бүгүн биз башка маданияттар менен жуурулушуп кетүү коркунучу алдында турабыз
19 июль

Чолпон Койчуманова: Бүгүн биз башка маданияттар менен жуурулушуп кетүү коркунучу алдында турабыз

15-июлда Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарын сактоо” аттуу иш-чара болуп өттү. Уюштуруучусу – аталган университеттин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана башкаруу институту. Анын директору, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору жана профессор Чолпон Койчуманова иш-чаранын максаты жана анын улуттук иденттүүлүктү сактоого кошкон салымы тууралуу айтып берди.

– Улут үчүн өз каада-салтын сактап калуу канчалык маанилүү деп ойлойсуз жана мындай иш-чараларды өткөрүүнүн максаты эмнеде?

– Маданий мурастарды сактоо – бул бир гана мамлекеттин милдети эмес, ар бир жарандын жоопкерчилиги жана милдети болушу керек. Тарыхый эс тутум, маданий мурастар – ар бир коомдун, улуттун иденттүүлүгүн аныктай турган нерсе. Ар бир өлкө үчүн материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарды сактоо саясаты – эң маанилүү багыттардын бири. Биздин бүгүнкү күндөгү эң чоң милдетибиз – ата-бабадан калган маданий мурастарды сактоо жана аны эртеңки күнү келечек муунга өткөрүп берүү.

Тарыхчылар Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес мурастарын изилдеп келишет. Бирок изилдөө менен гана чектелбей, анын жыйынтыктарын коомчулукка кабардап туруу маанилүү. Ага ушундай иш-чаралар жардам берет, жаштар каада-салтыбызды билиши керек, анткени эртеңки улантуучулар – алар.

– Быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатабы?

– Жок, буга чейин да өткөргөнбүз, ошондо бул экинчи жолкусу. Мында эки багытты кармандык: элибиздин каада-салттарын, кол өнөрчүлүгүн чагылдыруу жана кайрымдуулук. Мисалы, бүгүн көргөзмөдө турган кол өнөрчүлүк продукциялар сатылгандан түшкөн акча онкологиялык дарт менен алышкан аялдарга жумшалат. Кол өнөрчүлөрдүн арасында онкологиялык дартка чалдыккандар да бар. Бул демилгеге өздөрү макул болуп келип беришти.

Андан сырткары, манасчыларды, төкмө акындарды чакырдык. Салт-наркты мыкты билген даанышман энелер келип кыз узатуу, баланы бешикке бөлөө жөрөлгөлөрүн көрсөтүп беришти. Мында бир нерсени эске алыш керек – биздин салттар замандын агымына жараша башка улуттун маданиятына жуурулушуп кетүүдө. Акырындык менен кайсы салт бизге таандык экенин биле албай калгыдай чоң коркунучта турабыз. Башка маданияттын салттары басымдуулук кылып кетпеши үчүн өзүбүздүкүн кайра жандандыруу зарыл. Өзүбүздүн ата-энелерибиз колдонгон жөрөлгөлөр  – бул биздики.

– Кол өнөрчүлөрдү кантип топтодуңуздар, алардын кандайдыр бир биргелешкен коому жок, ар бири өз алдынча эмгектенет эмеспи? Ал эми жаш манасчыларды чакыруу менен эмнени айткыңыздар келди? 

– Көбүнчө тааныштардан уктук. Биз дагы кол өнөрчүлүктөн жаралган кийимдерди, сувенирлерди сатып алабыз, ал аркылуу тааныгандарыбыз да бар. ЦУМ, “Кыял” сыяктуу кол өнөрчүлөрдүн эмгектери сатылган соода жайларын кыдырдык. Андан сырткары азыр соцтармактар аркылуу кол өнөрчүлөр продукцияларын жарнамалашат. Айтор, бардык жактан таап, тартып келдик. Эске ала турган нерсе, каада-салтты көрсөтүп берип жаткан даанышман энелер дагы кол өнөрчүлөр. Анткени салт чеберчиликте катылган, салттын булагы – кол өнөрчүлүктө десек болот.

Жаш манасчыларды чакырууга аракет кылдык, аларды коом менен тааныштырып, ошол эле убакта жаштарга үлгү болуп берсин дедик. Бүгүнкү студент, окуучулар – эртеңки Кыргызстандын келечегин чече турган кадрлар. Алардын жан дүйнөсүн азыртан улуттук баалуулуктарга толтурсак, эртең каада-салтка ыктаган, баалаган жана жайылткан коом түптөлөт.