Медербек Алиев: Эркектин үй-бүлөгө болгон жоопкерчилигин бир гана жаза эмес, сый-урмат менен да күчөтүүгө болот
Келерки жылдан тартып Кыргызстанда 15-март Аталар күнү катары белгиленип баштайт. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 25-июлда кол койгон. Аталар күнүн белгилөөнү демилгелеген депутат Медербек Алиев менен “Караван-Инфо” маектешти.
– Аталар күнүн белгилөө эркектердин үй-бүлөсүнүн алдындагы жоопкерчилигин күчөтөбү?
– Буга чейин Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип келген, эми 2025-жылдан тартып атайын бир күн аталарга арналат. Бул эч кандай эрегишүү же эркектердин укугун коргоо эмес. Болгону атанын мамлекеттин түптөлүшүндөгү, үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордун таануу, ошону менен бирге жоопкерчиликке чакыруу жана аталарга сый-урмат көрсөтүүнү жолго салуу аракети. Ар бир эл өзүнүн улуттук баалуулуктары, нарк-насили, каада-салты менен сакталып келет. Кыргызда дайыма ата-энеге сый-урмат өтө жогору болгон. Азыр 21-кылымда либералдык баалуулуктар басымдуулук кылып кетүүдө. Өзүмчүлдүк, эч кимди тааныбастык, ата-энелерди укпаган “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” мамиле, эркеги деле, аялы деле “өзүм үчүн жашайм” деген түшүнүк алдыңкы планга чыга баштады. Анын айынан үй-бүлө институту жокко чыгуу коркунучуна кабылды. Ошондуктан, биз сунуштаган бул мыйзам биздин учурга абдан керек. Ал аталардын ордун таанууга, аларга болгон сый-урматты жаратууга өбөлгө болуп берет.
Биз эле акылдуу болуп ушундай мыйзам киргизип жатабызбы десем, жок, дүйнө жүзүнүн бир катар мамлекеттеринде: Түштүк Корея, АКШ, Россия ж.б. аталар күнү мыйзамдаштырылган. Бул коомдун руханий жактан бекемделишине туура кадам деп ойлойм.
Жоопкерчиликти бир гана жаза менен эмес, сый-урмат менен да күчөтүүгө болот жана анын натыйжасы туруктуу болоору шексиз. “Жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан ийинден чыгат” деп коет кыргызда. Анын сыңарындай, аталарды даңктап, сыйлоо менен биз алардын коом, үй-бүлө алдындагы жоопкерчилигин бийиктете алабыз.
– Үй-бүлөлүк зомбулук көбүнчө эркек тараптан болоору маалым. Учурда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү көбөйүүдө. Сиз кандай ойлойсуз, мындай кылмыштарга мыйзам жетиштүү элеби же алымча-кошумчаларга муктажбы?
– Албетте, зомбулукту актабашыбыз керек. Ар бир адам өзүнчө жекелик. Ага физикалык күч колдонуу мындай турсун, кадыр-баркына, беделине доо кетирүүгө эч кимдин укугу жок. Менимче, бизде бул боюнча мыйзамдар жетиштүү жана жакшы иштеп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоо, колдоо, кылмышкерлерге тиешелүү жазасын берүү процесстери ММКларда жарыяланып жатат, андан улам мындай терс көрүнүштү токтотууга коом чындашып киришкенин баамдоого болот. 21-кылым оомал-төкмөл заман болуп кетти, биз терс баалуулуктарга азгырылбай, ар бирибиз коомдогу өз ордубузду билгенибиз туура.
