Назгүл Турдубекова: Балдарга болгон 100 зомбулуктун экөөсү гана укук коргоо органдарына жетет
29 декабрь

Назгүл Турдубекова: Балдарга болгон 100 зомбулуктун экөөсү гана укук коргоо органдарына жетет

Кыргызстанда бул жыл мектепке чейинки мекемелердеги балдарга карата зордук-зомбулук тууралуу жаңылыктардын сериясы менен аяктап жатат. Бала бакчалардагы абал кандай, бул мекемелерде балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу канчалык деңгээлде мүмкүн, балдардын укугун коргоо жаатында өлкөдөгү жалпы абал кандай, бул тууралуу «Баланын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова “Караван-Инфого” берген маегинде билдирди. 

– Назгүл Үсөновна, жыл аягы мектепке чейинки мекемелерде балдарга карата зордук-зомбулук менен коштолууда. Сиздин оюңузча, бала бакчадагы балдарды кантип коргоо керек? Камералар жардам береби?

– Балдарды зомбулуктан коргоодогу практикама таянып айтсам, тарбиячылар, алар балага карата зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге күбө болгон учурда дагы, милицияга кайрылууга шашышпайт, анткени мекеменин администрациясы андай аракеттерди колдоого албайт. Администрация менен макулдашуусу керек, алдын ала эле андан кандай жооп алышаарын жакшы билишет, милицияга түз кайрыла алышпайт, анткени бул процедура көп убакытты, нервди жана күчтү алат. Демек, азыркы «микроклиматтын» айынан бул көйгөй менен бала бакчанын кызматкери жалгыз күрөшө албайт.

Анын үстүнө, эреже болуп калгандай, турмуштук оор кырдаалга туш болгон аялдар бала бакчаларга катардагы кызматкер болуп ишке орношот, алар үчүн жумуш ордун сактоо абдан маанилүү, ошондуктан ал жалпысынан балдар мекемесинде болуп жаткан бардык мыйзам бузууларга көз жумуп коёт. Албетте, өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарында балага камкордук көрүүдө жогорку стандартты сактоого умтулган бала бакчалар калыптанды, бирок азырынча мындайлар аз. Балдарга карата зомбулук учурларын болтурбоо үчүн бала бакчалардын жетекчилеринен тартып бардык персоналдарын баланын укугу бардыгын, ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар физикалык жана психологиялык жактан жетиле элек болгондуктан аярлуу балдарга кирээрин түшүндүргөн окуулардан өткөрүү керек.

Балдардын психоэмоционалдык ден соолугуна зордук-зомбулуктун кыйратуучу кесепеттерин, зомбулуктун белгилерин кантип таануу керектигин жеткирүү зарыл, анткени балдар үйүндө да зомбулукка кабылышы мүмкүн. Балдарга кам көрүү боюнча алардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү үчүн тренингге ата-энелердин өздөрүн тартуу да маанилүү. Бала үчүн коопсуз мейкиндик үй-бүлөдө да, бала бакчада да түзүлүшү керек. Жалпысынан мектепке чейинки мекемелердин ишинде балдарды коргоо системасы: арыздануу, ошондой эле ата-энелердин арыздарына жооп берүү механизми иштелип чыккан эмес. Бала бакчанын администрациясы тарбиячылардын кылык-жоругуна даттанган ата-энелерден “кулутууга” аракеттенип, ар кандай жол менен жазалагычы келген учурлар да болгон.

Ал турмак ата-энелер комитетинин жардамы менен бул аракетин ишке ашырган окуялар да катталган, а аталган комитет тескерисинче, мындай учурда баланын укугун сактоо атмосферасын калыптандыруу жана бала бакчанын аймагындагы коопсуздукту орнотуу жаатында чоң күч болуп, конфликттик кырдаалдарда орточу фактор катары иштеши керек эле.  Балдарга карата ырайымсыз мамилени ачыкка чыгарбоо зомбулуктан жабыркаган балдарды өз убагында медициналык жана психологиялык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. 

Зордук-зомбулуктун алдын алуунун дагы бир фактору болуп, тарбиячылардын кесиптик жактан чарчап калышынын алдын алуу саналат, мындай чаралар көрүлбөсө, кызматкерлердин профессионалдык жөндөмүн сактап калуу кыйын. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бардык бала бакчаларда видеокамераларды орнотуу талабын киргизгени, бул туура чечим, бирок ал натыйжалуу иштөөчү үчүн ата-энелер дайыма камеранын ишине онлайн-мониторинг жүргүзүп туруусу зарыл. 

– Кыргызстанда алиге чейин майыптуулугу бар балдардын билим алууга болгон укугу бузулуп келүүдө. Кырдаалды кантип оңдой алабыз? 

– Жалпысынан чоң жетишкендик бар – ал быйыл кабыл алынган билим берүү боюнча жаңы мыйзам, анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка билим алууга өзгөчө талабы бар балдардын укугун сактоо үчүн мыйзамдуу шарттар каралды. Аталган министрлик учурда мыйзамды ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түздү. Бирок мыйзам тез иштеп башташы үчүн биринчи кезекте Билим берүү министрлигинде инклюзивдик билим берүү боюнча бөлүм , команда түзүү маанилүү. Андай болбосо, инклюзивдик билим берүү тармагындагы бардык жетишкендиктер, иштер жоголот, инстуционалдык эс тутумду калыптандырууга мүмкүн болбойт. 

Кыргызстан буга чейин БУУнун Майыптардын укуктары боюнча конвенциясын ратификациялагандыктан, бардык мектептер жана балдар мекемелери өзгөчө билимге муктаж балдардын муктаждыктарына багытталышы керек, мугалимдердин эмгек акысын, окуу китептерин жана ар бир мектепте ресурстук борборлорду көбөйтүү кажет. Ар бир райондун жана шаардын деңгээлинде тар адистерден турган  Психологиялык-педагогикалык кызмат көрсөтүү боюнча кызмат түзүү керек , алар мектептерге барып балдарды жана мугалимдерди көрүп жана баланын жашаган жери боюнча кыдырып жардам көрсөтүшү керек, ата-энелер балдарын ээрчитип кабинеттен кабинетке барып жүрбөшү үчүн. Азыр бүтүндөй цивилизациялуу дүйнө ушундай иштейт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун сактоонун маанилүүлүгүн, андай балдар жашаган жерине жакын жайгашкан мектеп инклюзивдүү болбогону үчүн эле үй-бүлөсүнөн алыстап, атайын интернаттарга жайгаштырылбашы керектигин телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз чагылдырып туруу, бул өзүнө милдет. 

– Балдарга карата зомбулук боюнча абал кандай? Кандай тенденциялар бар?

– Негизинен балдарга карата болгон 100 пайыз зордук-зомбулуктун 2 пайызы гана укук коргоо органдарына жетет, калганы жабык бойдон калат. Кыргызстандын шартында зордук-зомбулук көйгөйү эмгек миграциясына кеткен жарандардын балдары бул жакта туугандарынын колунда калып жатканы менен байланышкан, алар абдан көп жана зомбулуктун өсүшүнө негиз болууда.  Ошол эле убакта өлкөдө айыл өкмөтү жана шаар деңгээлинде балдарды коргоо боюнча социалдык кызматкерлердин жоктугу да чоң көйгөй жаратып жатат. Аларсыз ата-энеси жок өсүп жаткан баланын акыбалын баалоо мүмкүн эмес. Ошондой эле, зомбулуктан жабыркагандарга жардам берүү да мүмкүн болбойт. 

Чоң көйгөй – бул тергөөчүлөрдүн ишинин сапаты, бул маселени айлык акысын жогорулатуу, шарт түзүү, мотивация, кесиптик чарчоонун алдын алуу, коррупцияга каршы чараларды колдонуу мененби, айтор, чечиш керек. Ансыз балдардын укугун коргоо системасында жабырлануучунун укугун коргоого жетишүү кыйын. 

Ошондой эле айрым соттордун жана прокурорлордун ишинин сапатында чоң көйгөй бар. Кандайдыр бир жетишкендиктерге карабастан, биз мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү балдарды коргоо системасындагы бардык кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди токтотпошубуз керек. Соттук психологиялык-психиатриялык комиссиянын ишинин сапаты да маселе жаратат, анткени ал моралдык жактан эскирген.

Ошондой эле анын иш стандарты баланын эң жогорку кызыкчылыктарына шайкеш келбейт. Ошондой эле ДНК лабораториясын куруу зарыл, анткени бүгүнкү күндө экспертиза жүргүзүү үчүн тергөө органдары биоматериалдарды чет өлкөгө чоң чыгым менен жөнөтүүгө аргасыз болууда.

– Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кырдаал өзгөрдүбү? 

– Кээ бир жерлерде абал жакшы, кээ бир жерлерде начар, бирок өлкөнүн деңгээлинде үй-бүлөлүк зомбулуктун көлөмү кескин азайган жок. Элге үй-бүлө жубайлардын бири бирине болгон урмат-сыйы, түшүнүүчүлүгүнүн негизинде гана түзүлөөрүн жана бирин бири колдоо менен гана өнүгөөрүн түшүндүрүп жеткирүү керек. Зомбулуктун бардык түрүнө нөлдүк толеранттуулук зарыл. Балдарынын көзүнчө аялын сабап, андан кийин эч нерсе болбогондой чогуу жашоону уланта берсе болот дегенди  ар бир адамдын түшүнүгүнөн алып салуу керек.

Жалпысынан, зомбулук мүнөздөгү бардык аракеттер коомдо көңүл буруусуз калбашы керек, анын баары сынга алынууга тийиш. Күнүмдүк жашообузду зомбулуксуз түзүү кимдин кайсы жерде иштээрине карабай: заводдобу, мектептеби, ооруканада, бала бакчада, көчөдө, жолдо, үй-бүлөдө, жогорку окуу жайларында болсун – ар бир тургундун кызыкчылыгындагы нерсеге айлануусу керек. Анан, албетте, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча социалдык кызматтар керек. Туруктуу системалык иш болбосо бул маселени чечүүнү тездетүү кыйын. 

– Кыз ала качуу боюнча кырдаалда жакшыруулар барбы? Мыйзамдын катаалданышы жардам бердиби? 

– Жакшыруу бар, мыйзамдын катаалданышы кыз ала качуунун санын азайтты, бирок жер жерлерден мындай эски адат дагы деле калганы тууралуу маалыматтарды алып жатабыз.