Алгачкы, алгачкы жана алгачкы
Ар бир адамдын жашоосунда алгачкы кадамдар эстен кеткис эмеспи. Өзгөчө элге ыр тартуулап кадыры сиңген аттуу-баштуу инсандардын алгачкы сахнага кадам таштаганы баарыбызга кызык.
Бек Борбиев
1987-жылы Политехникалык институтта окуп жүргөн кезимде студенттер арасында өтүүчү «Ала-Тоо жазы» аттуу фестиваль болуп мен дагы катышып калдым. Ошол фестивалга күбө болуп олтурган белгилүү журналист Болот Макетаев мени көрүп телеге чакырган. «Делбирим», «Замандаш» аттуу ырларымды ырдап Болот аганын «Жай керемети» аттуу телеберүүсү аркылуу элге таанылгам. Ошондон 2-3 жылдан кийин, тактап айтканда, 90-жылы Ош шаарында жеке концертимди берип чоң сахнадагы тушоом кесилген
Мерген Турган
Нарын театрында солист катары иштөөгө кастингден өтсөм орун жок экен. Театрдан кетип музыкадан алыстап калбаш үчүн орун бошогончо иштеп турайын деп ошол эле театрда көшөгөнү ачып-жапкыч болуп иштеп алгам. 1985-жылы театрдагы «Долон» аттуу топ менен биринчи жолу сахнага элдик ырлардын бирин, анан орустардын «Комарово» деген ырын ырдап чыккам. Андан соң борборго келип Марат Алыбаевдин «Таазим» тобуна кошулуп «Ак бантик» ыры менен филармониянын сахнасын аттагам.
Тикмечилик өнөрүм бар эле, кийимди өзүм эле тигип кийип алчумун. Сахнага чыгарда байкасам, ырчылардын баары кыргыз кийим кийишет экен. Өзгөчө болууну сүйгөн жаным базарга барып кездеме сатып келип, астыма чып жармашкан ак шым, үстүмө жашыл көйнөк тигип, ал көйнөгүмдү «фонарик» деп атап алгам.
Расул Маматкулов
Опера жана балет театрында Болот Миңжылкыев, Токтоналы Сейталиевдердин колунда окучумун. Ал учурда жаштар фестивалы абдан популярдуу эле. Ошол фестивалга 1989-жылы катышып алгач ирет сахнага чыгып «Мен бийге чакырсамбы?» деген ырымды ырдап гран-прини утуп алгам. Ошондон кийин чыгармачылыкка болгон кызыгуум күч алып, искусство институтуна окууга кирип андан ары чыгармачылыкка аралашып кеткем.
Алгач сахнага чыгып жатканда эле эч кимге окшошпой, башкалардан айырмаланып турууну жактырчумун. Ошондой өзгөчөлүктү кантип табам деп ойлодум дагы, базарга барып кара куртка сатып келип ылдый жагын, колдорун индеецтердикиндей кылып кескилеп алып сахнага кийип чыктым. Айткандай эле мындай өзгөчөлүгүм менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүмө бура алдым.
Кубик Калыков
1992-жылдан баштап «Бек» тобунда музыкант, аранжировщик болуп иштедим. 1998-жылы «Жаным» деген ыр жазып, алгач Бектин концертинде сахнага ырдап чыккам. Ырым элге абдан жакты окшойт, ырдап бүткөндєн кийин кол чаап тура беришти эле, дагы бир жолу кайталап ырдадым. Эл ансайын кол чаап тура беришкенде: «Мындан башка ырым жок», – деп ачык айтып сахнанын артына кеткем.
Концертке классикалык костюм-шым кийип чыккан элем. Эки куплет ырдагандан кийин костюмду чечип жерге бир чаап, бийлеп кеткеним эсимде.
Сыймык Бейшекеев
1993-жылы филармониянын чоң залында «Гүлбайра» деген ырымды гитаранын коштоосунда аткарып чыккам.
Филармониянын костюм берүүчүсү концертте бардык ырчыларга окшош улуттук кемсел, калпак берген эле. Ошол кийимдерди кийип чыгып ырдадык. Концерттен соң чогултуп алган. Кыскасы, алгачкы сахнага чыгуумда кийим табуу деген көйгөй болгон эмес. Ошол учурдагы чач жасалгамды эстеп алып «кантип жүдөбөй жүргөм?» деп абдан таң калам. Анткени чачым узунураак эле.
