Театрга өмүрүн арнаган Замир Сооронбаев 70 жашта
9 декабрь

Театрга өмүрүн арнаган Замир Сооронбаев 70 жашта

Замир Сооронбаев – кыргыз киносунун жана театр дүйнөсүнүн өрнөктүү жүздөрүнүн бири. Бул жылы ал 70 жашка толуп, миңдеген көрөрмандарды тартып келген чыгармачылык жолу дагы бир маанилүү чекке жетти. Актёрлук чеберчилиги, терең эмоционалдуу образдары жана режиссёр катары өзгөчө көркөм көз карашы менен ал кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Урматтуу инсандын мааракеси менен шайкеш келген бул макалада биз Замир агайдын чыгармачылыгынын табияты, анын искусствого болгон мамилеси жана жылдар бою топтолгон тажрыйбасы тууралуу сөз кылабыз.

“Боюмдун кыскалыгынан Москвага окууга өтпөй калгам”

1974-жылы мектепти аяктагандан кийин борборго келип, мединститутка тапшыргам. Бир күнү институттун жанындагы парктан жарыя окуп калдым. Ошол жерден Москвада Щепкин атындагы театралдык окуу жайга кабыл алуу жүрүп жаткандыгы жазылыптыр. Ошол күнү бөлмөгө келсем, көз алдыма Кызыл аянт, Кремль тартылып туруп алды. Эртеси барып кайра окудум. Бардык оюм ошол жарыяда болуп калды. Эртеси кайра барып окудум. Кабыл алуу комиссиясы азыркы консерваторияда экен. Ошол жерге барып баарын сурап алдым. Алар бардык эрежелерди айтышты. Көркөм окуп, ырдап, бийлеш керек экен. Баарына түшүнүп, “этюд” дегенге түшүнбөй койдум. Азыр эстеп күлкүм келет. Ал күнү медициналык институттан бардык документтеримди алып бөлмөгө келдим. Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы 2 жылдык студияда окуган балдардан этюддун эмне экенин сурап билип алдым. Москвада окуйм деген изги тилек менен экзамен тапшырганы барып 4-турга чейин жетип, акыркы турдан кулап калдым. Абдан ызаландым, себеби эмне экенин билгим келди, көрсө, боюмдун кичинекейлигинен өтпөй калыптырмын.

“Ташкенттеги театралдык окуу жай багымды ачты”

Медициналык окуу жайдан да чыгып кеткем, эч жакта окубай каламбы деген ой тынчтык бербей койду. Ошол ыза менен  баары бир театралдык билим алам деп театрдын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырдым. Кудай жалгап ушул жакка кабыл алып калышты. Бактыма жараша мен тапшыргандан кийинки жылы эле Ташкент шаарындагы А.Островский атындагы театралдык институтка кабыл алуу жүрүп калды. Эл менен чогуу мен да өтүп кеттим. Ташкентте окуп жүргөнүмдө биринчи курста аябай эле кыйналдым. Бирок ойлосом, Ташкентке барганым Кудайдын буйругу болуптур, ошол окуу жай багымды ачты десем да болот.

“Корифейлер менен иштештим...”

Мен бул театрга келгенде улуу корифейлердин көздөрү тирүү эле. Менин устатым болгон Бообек Ибраев, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Сайрагүл Балкыбекова дагы көптөгөн улуттук театрдын залкарлары менен иштештим. Режиссёрлор ишеним артып ролдорду бере башташты. Театрдын сахнасынан тшпй калдым.  Ар бир ролум өзүнчө майрам эле, менин чыгармачылыктагы ийгиликтериме ушул адамдардын салымы өтө зор.

“Режиссёр болоюн деп деле жулунган эмесмин”

Мен режиссёр болоюн деп деле жулунган эмесмин. 1985-жылы биздин театрга башкы режиссёр болуп Кыргыз ССРдин эл артисти И.Рыскулов келди. Агай менен жакшы иштешип калдык, дайыма ассистент кылып алып жүрчү. Көрсө мени сынап, режиссурага даярдап жүрүптүр. Кийин 1995-жылы Э.Эрматовдун “Жаңыл Мырза” пьесасы жазылып бүтүптүр, окуп көр деп калышты. Окуп чыксам мага аябай жагып калды. Искен байкеге келип ушул жакшы пьеса экен, койбойсузбу деп сунуштадым. Калича Жаңыл Мырзаны ойносом деп кыялданчу эле, коюп бербейсизби дедим. Пьесаны алып келчи деп калды, арадан бир топ убакыт өтүп кетти, агайдын колу бошобой, чолоосу тийбей калды. Директорубуз А.Керимбаев абдан кыраакы киши эле, айтып эле жүрөсүң, өзүң койбойсуңбу деди. Мен дароо эле коём дедим. Ошентип буйрук да чыгып калды. Спектакль абдан жакшы чыгып, эл жакшы кабыл алды, анын артынан эле Казат Акматовдун "Азаттыгым - арманым" драмасын сахналаштырдым, ошентип режиссурадагы чыйыр жолум башталды. 1999-жылы устатым режиссёр Бообек Ибраев өзүнүн ордуна, режиссёрлукка көрсөткөн. Адегенде мен албетте, жок деп жооп бердим. Себеби, бул өтө түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, татаал кесип. Мен режиссурага толук өткөнгө чейин эле спектаклдерди коюп жүргөм. Анан устатыма макулдугумду берип, режиссёр болуп иштеп калгам.

“Маңдайыма театрдын көркөм жетекчиси болуу буюруптур”

2010-жылы Көркөм жетекчи шайлаш керек болуп, Э.Бекболиев, Д.Байдөбөтов үчөөбүз кандидатурабызды коюп, көпчүлүк добуш менен мен өтүп кеттим. Ошентип Көркөм жетекчи болуп калдым, кийин музыкалык театрларда Көркөм жетекчи болушу керек, драма театрларда Көркөм жетекчи болбош керек деген чечим чыгып калганда министрликке барып арыз жазып, иштен баш тартууну чечтим. Ошол кезде министр И. Жунусов болчу, театрда Көркөм жетекчи да жок болсо, башкы режиссёр да жок болсо болбой калат деп «башкы режиссёр болуп бериңиз, сиздин талапкерлигиңиз бардык критерийлерге туура келип жатат» деп буйрук чыгарып койду. Башкы режиссёр болуп 5 жылдай кызмат кылдым.

“Театр мен үчүн бир чоң дүйнө”

Театрды биз элдики, жан дүйнөнүн күзгүсү деп айтабыз, а көпчүлүк артисттер театрды экинчи үйүбүз дешет. Мен биринчи же экинчиси деп деле айтпайм, бирок, кээде карап отурсам биринчи эле үйүңдөй болуп калат экен. Мезгилинде башка тараптан көптөгөн сунуштар деле болгон, ошондо бир чечимге келе албай койгом. Анткени театр мен үчүн бир чоң дүйнө. Муну мен кооздоп айтып сүрөттөй дагы албайм, мен театрда бактылуумун. Себеби, кыргыздагы болгон корифейлерди көрүп, ошолордун түбүн ичип, тарбиясын алып калдык. Бир гана Муратбек Рыскулов аксакалды көрбөй калдым. Улуу муундагы залкарлар да театрды ушунчалык сүйүп баркташкан. Алар сүйгөнчөлүк биз театрды сүйө алабызбы, албайбызбы бир кудай билет. Ошолордун таасиринин астында театрлар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калды деп ойлойм.