КР Эмгек Баатыры Өмүрзак Мамаюсупов: Мен окуучулардан билим алууну талап кылган жокмун, мен алардан тизелеп сурандым
18 октябрь

КР Эмгек Баатыры Өмүрзак Мамаюсупов: Мен окуучулардан билим алууну талап кылган жокмун, мен алардан тизелеп сурандым

Кыргыз Республикасынын “Эмгек баатыры”, Эмгек сиңирген мугалими, “Даңк” медалынын, “Манас - 1000” медалынын ээси Өмүрзак Мамаюсупов “Караван-Инфо” редакциясы менен болгон маегинде өзүнүн билим берүү методологиясы тууралуу айтып берди.

— Мамлекетти, улутту бир гана билим менен сактоого болот. Мисалы, Сингапурдун тарыхын алалы. Дүйнө жүзүндө анчалык жакыр, колунда эч нерсеси жок өлкө болбосо керек. Суусу жок, мөңгү жок, жаратылыш байлыгы жок. Мындай караганда, өнүгүүгө, алдыга жылууга кармана турган бир үмүтү да жок эле. Бирок өлкө башына Ли Куан Ю келгенде, ал киши билимден башка жолду көргөн эмес. Темирдей тартип жана билим гана өлкөнү батып калган сазынан сууруп чыгаарына көзү жеткен. Ал келечек муунду мамлекет өзү окута турган кылган, өлкө боюнча 350дөй мектеп ачкан, жеке мектептер пайда болсо коррупция да “жетип келээрин” алдын ала сезип, ага жол берген эмес. А калкынын саны 5-6 миллиондун тегереги болчу. Ал билим элдин эртеңкисине канчалык маанилүү экенин ушунчалык жеткирген: ачкачылык каптабасын, жакырчылык жонубузду баспасын десек, ар бирибиз миң кишидей билим алып, миң кишидей ойлонушубуз керек деген. Суу, жаратылыш байлыгы болбогону менен акыл байлыгын бийик көтөрдү. Ошентип, учурда Сингапур гүлдөп-өнүккөн өлкөгө айланды. Эли жапырт билимге умтулду, анткени ачкачылыкты жашап өткөн адамдар билим менен курсагы тоюп, билим менен гана жакшы жашоого жетээрин түшүнүшкөн. Азыр эми дүйнөдө англис тили эне тили болгон беш мамлекет бар, бирок дүйнөлүк олимпиадаларда Сингапур анлгис тили боюнча биринчи орунду ошол беш мамлекетке да 15-20 жылдан бери бербей келет. Андан тышкары, математика, физика, химия, биология, IT боюнча дагы биринчилик аларда. Ошондуктан, билимге маани берип, басым жасаган мамлекет эч убакта утулбайт.

— Эмнеге биз билимди башкы орунга кое албадык?

— Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаевдер кыргыздын так ошондой билимге суусаган муунун баштап берген. “Ай жарыгында китеп окуп, кумду барак кылып тамга жазгандар” ошолор болгон. Бирок тилекке каршы, биз алардагы умтулууну, билимге болгон көксөөнү аягына чейин улантып кете алган жокпуз. Албетте, умтулгандар чыкты, азыр дагы артынан түшкөндөр бар. Бирок биз жапырт билим уулап кете алган жокпуз, кайсы бир убакта чынжыр үзүлгөнсүп калды. Биз Сингапурдай жакырчылыкка туш болгон жокпуз, жаратылыш байлыгыбыз, суубуз мол. Сингапурдун балага берген мотивациясы “эгерде билим албасаң 50 жыл мурдагыдай жакырчылыкка кайтып барасың” болду. Билимге умтулуудагы эң чоң мотивация адамдын басып өткөн жолу. Мисалы, Ломоносов өз убагында билим алам деп Сибирден Москвага жөө басканда жөө басып, ортодо балык ташыган арабаларга чыгып, балыктын үстүндө уктап, бутуна чарык кийип барган. Ошондой мээнетинин акыбети кайтып, чоң тарыхты жараткан инсанга айланды.

— А сизге эмне мотивация берген?

— Менин атам мугалим болчу. Ноокаттын Кара-Таш айылында төрөлгөм. Беш жашка чыкканымда мектепке беришти. Атам мектепке барып, ойлонуп отуруп мени окута берүүнү чечип,  Рахман аттуу бир колу, бир буту жок тууганыбыз бар эле, ошону жөнөтүптүр “Өмүрзакты алып кел”, - деп. Ал келгенде мектепти угаарым менен мен окубайм деп тоо таянып качып, ал киши атчан артымдан кубалап келип, улак көтөргөндөй такымына басып, атама жеткирген. Ал убак согуштун аяктаганына 14 жыл гана өткөн кез эле. Мектепке баарыбыз жылаңайлак, чор таман менен барганбыз. Китеп да жок болчу. Атам китепсиз эле окутчу. Эртеси күнү өзүм каалап бардым, мага мектептин турмушу, билимдин жыты жакты. Ошентип, 5 жашымда мектеп босогосун аттап, андан ары өзүм өздөштүрүп кеттим. Мен айылымдан чыгып, чоң ааламга аралашкым келди. Биздин райондон биринчи жолу жогорку окуу жайга тапшырган мен болгонмун.

Жогорку окуу жайын кызыл диплом менен ийгиликтүү аяктагандан кийин кичи мекениме, өзүм билим алган Калинин орто мектебине барып, физика-математика мугалими болуп иштеп баштадым. Мен өзүм көргөн билимдин тереңин, кең ааламды менден кийин өсүп келаткан айылдаштарым да көрүүсүн, алардын да ийгиликке жетип, өздөрү каалаган кесибинин ээси болушун кааладым. Мугалим болуп иштеп баштаганымда “18 баланы бергиле, мен ийрим катары окутам, эки жылда жакшы жетишкендиктерге жеткирем”, - деп сурап алдым. Ал балдардын арасында Бектуруш Салмагани, Айтибай Тагаев, Абдырайым Мамытов ж.б. бар болчу.  5 жашымдан мектепке баргандыктан, жаш курагыбызда деле айырмачылык анчалык чоң эмес эле. Класс жетекчи болуп окуттум, алардын андан ары билимин улап кетишине кандайдыр бир деңгээлде салым коштум, анан мен дагы кеттим. Аскерге, андан ары аспирантурага тапшырып, айылыма кайтып барганча арадан 15 жыл өттү.

— Кийинки кайтып барганыңызда математикалык Ноокат билимканасын ачтыңызбы?

— Билимканага быйыл 35 жыл болду. Союз доорунун акыркы жылдарында ачылды. Ага чейин эле ачылмак, мен Новосибирскиден эмнени үйрөнсөм ошонду синтездештирип тапкан методду кыргызстандык окуучуларга жеткиргим келди. Ал кездеги Фрунзеде билим жагын караган жетекчилерге кирдим, алар “Москвадан уруксаты жок ача албайбыз”, - дешти. Арасынан бири “Ошко барып көр, ошол жактан оңой ачасың”, - деп калды. Ошко бардым, бирок ал жакта дагы баш тартышты. Дагы бири “Ноокатка эле ачып көрбөйсүңбү, район деңгээлинде оңой болот”, - деген кеңешин берди. Ошону менен өзүмдүн айылым Кара-Ташта түптөлдү. Алгач бир эле класс ачмакчы болгонбуз. Бирок эбепке себеп болуп, ачылыш болоор күнү 8-класстан 11-класска чейин 4 класс бөлүп беришти. Парта, отургуч, доскаларды ар кайсы мектептерден алып, кураштырып таап келдик. Жатак мектеп кылмак максатым бар эле, керебеттерди да ар кайсы жактан таптык. Ошентип, 1989-жылы математикалык мектебибиз өзүнүн жашоосун баштады.