Ысмайыл Розиев,  Токой кызматынын Каба токой чарбасынын башчысы: Токой – ата мурас, табият – аманат
9 июль

Ысмайыл Розиев, Токой кызматынын Каба токой чарбасынын башчысы: Токой – ата мурас, табият – аманат

Каба токой чарбасы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. Бул аймак дүйнөгө белгилүү жаңгак-мөмө токойлорунун курамына кирет. Токой чарбасынын аймагында ар түрдүү өсүмдүктөр, бак-дарактар жана жапайы жаныбарлар көп кездешет. Бул жерде негизинен жаңгак, мисте, жапайы алма, алмурут, алча, бадам жана башка мөмөлүү дарактар өсөт. Ошондой эле аюу, карышкыр, түлкү, каман, элик, кыргоол, бүркүт сыяктуу жаныбарлар менен канаттуулар байырлайт. Табияттын кооздугу жана байлыгы менен айырмаланган бул аймак өлкөбүздүн баалуу байлыктарынын бири болуп саналат. 

– Ысмайыл мырза, алгач Каба токой чарбасы тууралуу айтып берсеңиз. Бул аймактын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Каба токой чарбасы Базар-Коргон районундагы дүйнөгө белгилүү жаңгак-мөмө токойлорунун курамына кирет. Биздин аймак өсүмдүктөргө да, жаныбарларга да абдан бай. Бул жерде табигый жаңгак жана мисте токойлору кеңири таралган. Ошондой эле жапайы алма, алмурут, алча, бадам, долоно, бөрү карагат сыяктуу мөмөлүү дарактар өсөт. Дарыя жээктеринде терек, тал, кайың, ак чечек кездешет. Тоо этектеринде жана жайлоолордо жүздөгөн дарылык касиети бар өсүмдүктөр өсүп, жазында түркүн түстүү гүлдөр жайнап чыгат.

– Токойчулукту атаңыздын жолун жолдоп тандадыңызбы?

– Ооба, токойчулук биздин үй-бүлө үчүн жөн гана кесип эмес, атадан балага өткөн мурас десем болот. Атам өмүрүн ушул тармакка арнаган. Мен дагы анын жолун жолдоп, токойчулук кызматты тандадым. Бул тандоомо эч качан өкүнгөн эмесмин. Тескерисинче, бүгүн ушул кесиптин ээси экениме сыймыктанам. Атам да менин ушул жолду тандаганыма дайыма ыраазы болуп келди.

– Токойчулардын табият менен өзгөчө байланышы болот дешет. Сиз муну кандай түшүндүрөт элеңиз?

– Чындыгында токойчулук – табият менен жашаган кесип. Башкалар байкай бербеген кереметтерди токойчу күн сайын көрөт. Ар бир мезгилдин өзүнө жараша сулуулугу бар. Кышында токой таптакыр башкача дүйнөгө айланат. Теребел тынч, аппак кар жамынган дарактар адамдын жан дүйнөсүн эс алдырат. Ал жерден өзгөчө бейпилдик табасың.

Жаз келгенде токой кайра жанданат. Бак-дарактар бүчүр байлап, жашыл жалбырактар чыгып, жаратылыштын ойгонушуна күбө болосуң. Бул жашоонун уланып жатканын көрсөткөн эң сонун көрүнүш.

Жайында токой мөмөгө толуп, кооздугу туу чокусуна жетет. Айланадагы жаратылышка суктанып, тирүү экениңе шүгүр келтиресиң.

Ал эми күзүндө болсо табият өзүнчө сүрөтчүгө айланат. Жалбырактар сары, кызыл, күрөң түскө боёлуп, түшүм бышат. Ар бир дарак атайын кооздолгондой көрүнөт. Мындай көрүнүш адамга өзгөчө ырахат тартуулайт.

– Каба токой чарбасында кандай жаныбарлар жашайт?

– Биздин токойлор жаныбарларга абдан бай. Бул жерде аюу, карышкыр, түлкү, каман, элик, жапайы тоок жана башка көптөгөн жаныбарлар жашайт. Бийик тоолуу аймактарда тоо текелерин көрүүгө болот. Айрым учурларда сейрек кездешүүчү ак илбирс дагы байкалат.

Акыркы жылдары жапайы жаныбарларга болгон көзөмөл күчөп, мыйзамсыз аңчылык азайгандыктан, алардын саны көбөйүп жатат. Мисалы, эликтер азыр адамдардан мурдагыдай корко бербейт. Кээде токойдо жүргөндө аларды жакын жерден көрүүгө болот. Бул жаратылыштын кайра калыбына келип жаткандыгынын жакшы белгиси.

– Токойчулук кесиптин эң чоң бактысы эмнеде деп ойлойсуз?

– Менимче, эң чоң бакыт – табият менен бирге жашоо. Токой сага сабырдуулукту, жоопкерчиликти жана жаратылышты сүйүүнү үйрөтөт. Биздин милдет – бүгүнкү муунга гана эмес, келечек муундарга дагы ушул байлыкты сактап өткөрүп берүү. Токой  бул жөн гана дарактар эмес. Ал миңдеген жандыктардын мекени, адамдардын жашоосунун булагы жана келечекке калтырчу эң чоң мурастарыбыздын бири. Табиятты сүйүп, аны көздүн карегиндей сактайлы. "Токойду сактоо  келечекти сактоо" деген сөз бекеринен айтылган эмес. Ошон үчүн ар бирибиз токойлорго аяр мамиле кылалы.