Таажы Аязова, акын, жазуучу: «Чыгармачылык жан дүйнөмдүн түбөлүк сапары»
6 июль

Таажы Аязова, акын, жазуучу: «Чыгармачылык жан дүйнөмдүн түбөлүк сапары»

Поэзия, проза жана обончулук өнөрүн айкалыштырып, чыгармачылыктын бир нече багытында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Таажы Аязова – окурмандын жүрөгүнө жол тапкан калемгерлердин бири. Анын чыгармаларында мекенге болгон сүйүү, адамдык баалуулуктар, турмуштун түркүн өңүттөрү жана жан дүйнөнүн назик сезимдери өзгөчө көркөмдүк менен чагылдырылат. Акын менен чыгармачылык жолу, шыктануу булагы, ырларынын философиясы жана жаңы китептери тууралуу маектештик.

– Таажы эже, сизди поэзияга, жазуучулукка жана обон жаратууга эң алгач эмне жетеледи? Бул ички туюм беле же турмуштун сыноолорубу?

Таякем мектепте орус тилинен сабак берген мугалим эле. Ал мени мектепке бара электе эле тамга таанытып, окуганды, жазганды үйрөттү. Мен таята- таенеме жомок окуп берип, китеп дүйнөсүнө эрте аралаштым. Мектепте да мыкты окуучулардын катарында болчумун.

Тилекке каршы, турмуш мени улам бир жерге көчүрүп, ар башка мектептерде окутту. Апамдын жаңы үй-бүлөсүнө барып, кийин интернатта окуп, кайра таятамдыкына кайтып, андан соң дагы башка айылга көчүп жүрүп билимим аксап калды. Ошентсе да жүрөгүмдөгү чыгармачылык оту өчкөн жок.

Мектепте окуп жүргөндө эле ыр жаза баштадым. Айрым ырларым гезиттерге жарыяланып, бул мага чоң дем берди. Алдыман канчалаган тоскоолдуктар чыкса да, чыгармачылыктан эч качан баш тарткан жокмун.

Кийин түшүндүм: талант  Кудай берген белек. Бирок аны өстүрүп, элге жеткирүү үчүн тынымсыз эмгек, билим жана изденүү керек экен.

Бул жолду тандоомо таенемдин таасири өзгөчө чоң болду. Ал санжыраны, дастандарды, элдик чыгармаларды мыкты билген, өзү да төкмө акындай куюлуштуруп ырдаган, сөзгө чечен, даанышман жан эле. Мен чыгармачылыкка болгон сүйүүнү дал ошол инсандан мурастап алдым.

– Чыгарма жаратууда сиз үчүн кайсынысы маанилүүрөөк. Сезимдин чынчылдыгыбы же көркөм чеберчиликпи?

– Экөө бири-бирин толуктап турушу керек. Сезим чыныгы болбосо чыгарма окурмандын жүрөгүнө жетпейт. Ошол эле учурда талантты эмгек менен курчутуу зарыл.

Таенемден мага көп кырдуу жөндөм өткөн деп ойлойм. Сүрөт тартам, килем токуйм, оймо-чийме, курак курайм, кийим, сумка тигем. Бирок ушул өнөрлөрдүн ичинен чыгармачылык менин өмүрлүк жолум болуп калды.

Эмгегим текке кеткен жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзуна мүчөмүн. Бул мен үчүн чоң сыймык. Ар кандай сыйлыктарга, төш белгилерге татыдым. «Чыныгы мекенчил акын» дипломун алдым. Ошондой эле Москвадан Анна Ахматова атындагы диплом менен сыйландым.

– Ырларыңыз менен обондоруңузда көбүнчө кайсы темалар орун алат?

– Мен бир гана темага байланып калган эмесмин. Чыгармаларым турмуштун өзүндөй ар түрдүү.

Ата-эне, Ата Журт, мекен, табият, сүйүү, адамдык нарк, мекенчилдик, жашоонун сыноолору  мунун баары менин чыгармаларымдын өзөгүн түзөт. Ар бир чыгарма жүрөктөн жаралып, окурмандын жүрөгүнө жетсе деген тилек менен жазылат.

– «Аялдама» ырыңызда аялдама жөн гана жер эмес, жашоодогу күтүүлөрдүн, чечимдердин символу сыяктуу сезилет. Бул ой канчалык туура?

– Бул байкооңуз абдан туура. «Аялдама» – жөн гана аялдама тууралуу ыр эмес.

Ал – өмүрдүн аялдамасы. Чыныгы сүйүүнү, махабатты, бакытты эңсеген адамдын ички дүйнөсүнүн толгонуусу. Балким ушул терең сезимден улам бул чыгармага обон да өзүнөн өзү кошо жаралгандыр.

– Ырларыңызда көп кездешкен күтүү, сагынуу сезимдери жеке тагдырыңыздын үнүбү же жалпы аялзаттын ички дүйнөсүнүн чагылдырылышыбы?

– Ар бир чыгармачыл адамдын чыгармасы анын дүйнө таанымынан, турмуштук тажрыйбасынан, алган билиминен жана адамдык көз карашынан жаралат.

Менин чыгармаларымды окуган көптөгөн аялдар: «Бул ырды мен жөнүндө жазгандай болупсуз», – деп айтышат. Демек, жеке сезим жалпы адамзаттык сезимге айланып, окурман өзүн ошол чыгармадан таба алганда гана чыгарма жашайт.

Кудайга шүгүр, прозалык чыгармаларымды кызыгуу менен окуган окурмандарым, ырларымды жана көркөм окууларымды видеолор аркылуу угуп жаткан угармандарым күндөн-күнгө көбөйүп жатат.

2024–2025-жылдары «Айгүл гүлү» жана «Ала-Тоонун ак илбирси» аттуу китептерим жарык көрдү. Бул эмгектерим дагы окурмандардын жылуу кабыл алуусуна ээ болуп, чыгармачылык жолумдагы жаңы ийгиликтердин башаты болду.