Дастан Бекешев: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка алган компаниялар көп жеңилдиктерге ээ болушат
2 апрель

Дастан Бекешев: Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка алган компаниялар көп жеңилдиктерге ээ болушат

2019-жылы Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары боюнча конвенциясын ратификациялаган. Конвенцияга кол коюлгандан бери өлкөдө кандай иштер аткарылганын жана кандай мыйзамдар кабыл алынганын Караван-Инфого Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айтып берди. 

– Конвенциянын ратификацияланганына алтынчы жылга аяк басты. Конвенциянын алкагында Кыргызстанда кандай мыйзамдар адаптацияланган?

– Бул Конвенциянын алкагында биз буга чейин бир нече мыйзамдарды кабыл алганбыз, мисалы, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кылмыш ишин жүргүзүүдө ассистенти болушу керектигин  көрсөткөнбүз. Эмне үчүн кылмыш ишинде гана? Өзүңүздөр билгендей, кылмыш процесси адамдын жашоосун өзгөртүшү мүмкүн, ошондуктан майыптуулугу бар адамдар өздөрүн бир гана адвокат эмес, ассистент аркылуу да коргоп, ал жакта кандай материалдар айтылып жатканын түшүнүүсү керек. Бул биринчи мыйзам долбоору. 

Экинчиси, биз Салык кодексине өзгөртүү киргизип, майып кызматкерлердин киреше салыгын азайттык, аны менен аларды жумушка алууга жумуш берүүчүлөр кызыкдар болсун дедик. 2024-жылдын 1-июлунан баштап Кыргызстанда майыптуулугу бар адамдарга салык салуу боюнча өзгөртүүлөр күчүнө кирди. 1- жана 2-топтогу майыптуулугу бар жарандар үчүн киреше салыгы 10 пайыздан 5 пайызга ылдыйлады, ал эми угуусу боюнча 3-топтогу майыптарга да салык ставкаларын азайтуу каралган. 

Ушундай эле өзгөртүүлөр Мамлекеттик социалдык фондунун тарифтери тууралуу мыйзамга да киргизилген – 12 пайыздан 3 пайызга чейин азайтылды, бул ишкерлерге майыптуулугу бар адамдарды жумушка алууга мотивация берүү максатында жасалды. Белгилей кетчү нерсе, уюлдук байланыш, банк ишмердүүлүгү жана интернет-провайдерлери тармактары камтылган жок.

Эгерде компанияда 25тен ашуун кызматкер иштесе жана алардын арасында майыптуулугу бар жарандар болсо, бул уюм үчүн киреше салыгы 5 пайыздан 4 пайызга түшүрүлөт. Кызматкерлеринин санына жараша компания кайсы бир сандагы майыптуулугу бар адамдарды жумушка алышы керек: 25тен 49га чейин кызматкери болсо – 1 майып адам, 50дөн 74кө чейин – эки майып, 100дөн 124кө чейин – 4 майып ж.б. 

Үчүнчүсү, биз мамлекеттик акысыз юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу мыйзамга майыптуулугу бар адамдар акысыз юридикалык жардам ала алаарын жазганбыз жана бул норма бүгүнкү күнгө чейин башка мыйзамдардын катарында иштеп жатат. Тилекке каршы, белгилей кетүү керек, негизинен бул мыйзам долбоорлорду мен демилгеледим, өзү Министрлер Кабинети демилгелеши керек болчу. 

2025-жылга карата каржылоодо көйгөйлөр бар болгондуктан, республикалык бюджетте биз өлкөбүздө биринчи жолу жардамчы технологияларды сатып алууга акча карадык. Бул дүлөйлөр үчүн угуу аппараттары, азиздер үчүн таяктар, баса албагандар үчүн вертикализаторлор, аларды мамлекет сатып алышы үчүн каражат бөлгөнбүз. Процесстин жүрүшүнө канааттанган жокмун, абдан жай болууда, бирок ошол эле учурда биз эч нерсе кылбай жатабыз деп айтууга да болбойт. 

– Мыйзам долбоорлорун даярдоодо, жаңы ченемдик укуктук актыларды демилгелөөдө кандай кыйынчылыктарга кабыласыздар жана бул иштерди демилгелегенге жарандык коомдун катышуусу канчалык?

– Мага эксперттик коомчулук көбүрөөк жардам берет, алар мыйзам долбоорлору боюнча квалификациялуу ой пикирлерин айтышып, редакциялоого да жардам берет. Биз жакында эле майыптардын укуктары боюнча мыйзам долбоорун иштеп баштадык, мыйзамдарды жаңырталы деп жатабыз. Жарандык коом менен биргеликте ар бир беренени оңдоп жатабыз жана бул иш жакында уланат деп ойлойм. Негизинен майыптуулугу бар адамдар тарабынан иштелип чыккан мыйзамга ээ болушубуз керек. Анан да алар иштеп чыккан бойдон өзгөртүүсүз кабыл алынса, эң сонун үлгү болмок. 

– Сиз жумушка орношуудагы эң башкы көйгөй – бул квалификациялуу кадрлардын жоктугу деп айттыңыз. Билим берүү жааты өзгөчө балдарды даярдоону өзгөртүү боюнча эмнелерди жасап жатышат? 

– Бул маселе көп көтөрүлөт, мен сизге ачыгын айтайын, кайсы бир нерселер жасалып жатат, бирок аз. Билим берүү системасын түп тамырынан өзгөртүү керек, ал турмак жогорку билим берүү да өзгөртүлүүгө тийиш. Биздеги университеттердин жана мектептердин инклюзивдүү билим берүү иштебейт, анткени имараттар даяр эмес, ата-энелер даяр эмес ж.б. деген шылтоолору дайыма даяр. Кайсы бири даяр болоорун күтсөк, көп убакыт өтөт. Менимче, Билим берүү министрлиги абдан катаал аракетин башташы керек. Жасалып жаткан жалгыз иш – окуу китептерди чыгаруу гана болуп калды, ага акча бөлүнүүдө. 

– Кесиптик билим берүүдө деле эч бир жылыш болбой жаткандай? 

– Кесиптик лицейлер майыптуулугу бар адамдарды ашпозчу, сантехник, электрик сыяктуу кесиптерге окутушат, тилекке каршы, бардык эле майыптар ал жакка бара бербейт, анткени пропаганда жок. Бизде бардык жерде жогорку билим алууга пропаганда жүрүп жатат, Эмгек министрлиги жана Билим берүү министрлиги эгер сен электрик болсоң, экономисттин дипломун алганыңа  караганда көбүрөөк акча табасың дегенди жайылтууну колго алышы керек. Дүлөй адамдар электрликке эң сонун жарайт, мен ал тургай эң жакшы акча таап аткан мындай инженерлерди билем. 

– Бизде көбүнчө майыптуулук жөнүндө айтканда физикалык жактан чектөөлөрдү эске алабыз, бирок менталдык бузулууларга кабылган балдар бар эмеспи. Бул жаатта кандайдыр бир иштер жасалабы, мисалы, аларды жумушка орноштуруу, укуктарын коргоо боюнча? 

– Менталдык бузулуулары бар адамдарды жумушка орноштуруу үчүн ошол эле ишкерлер менен иштешүү керек. Менталдык бузулуусу бар адам бирдеме жасоого жөндөмсүз деген стереотип бар, бирок РАС адамдар (аутисттик спектрдеги бузулуу) толук кандуу иштей алышат. Ишкерлер РАС адамдар жөндөй алчу иштердин түрлөрүн айтышкан. Бул жаатта сүйлөшүп, жардам беребиз. Ошол эле мейманкана бизнесинде же ресторанда жумуштун ар кандай түрлөрү бар. 

– Ченемдик укуктук актыларды жылдыруу алкагында, тез чечим кабыл алууга эмне таасир берет? 

– Дайыма майыптуулугу бар адамдар тууралуу кеп кылганда, маселе каражатка барып такалат, бирок макулдашууга жетишебиз. 

– Бизде жакшы мыйзамдар абдан көп, сиз дагы ушинтип көп айтасыз, аларды ишке ашырууга эмне тоскоол болууда? 

– Бул мамлекеттик тармактардагы квалификациялуу жана компетенттүү кадрлардын маселеси. Коммуникацияны жөнгө салыш керек, бирок ал жок.