Медербек Алиев: Оор илдетке чалдыккан жалгыз адамдар кароосуз калбашы керек
“Караван-Инфо” редакциясы Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев менен ал көтөргөн демилге тууралуу маектешти.
– Жакында сиз айыккыс дартка чалдыккан адамдар өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөрө турган мамлекеттик хоспис ачуу сунушун жолдодуңуз. Бул эмнеден улам келип чыкты?
– Рак илдетине чалдыккан жарандардан бизге абдан көп кайрылуулар келет. Чынында, бул дартка кабылгандар өлкөдө бүгүнкү күндө аябай көп экен. Кыргызстандын жети дубанынан, жашы да, карысы да кайрылышат. Алардын негизги көйгөйү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу, бул өзүнчө маселе. Дагы бир көйгөй – биздин медицина тилекке каршы, бир аз артта калгандай, себеби бул жакта коюлган диагноз менен биздин жарандар Түркияга барып текшерилүүдөн өткөндө, такыр башка аныктама чыгып калган да учурлар кездешет экен. Демек, бизде медициналык жабдууларды жаңылоо зарылчылыгы турат. Ал эми хосписти айта турган болсом, бир улгайып калган эже кайрылды, багаар-көрөөрү жок, а өзү айыккыс илдетке кириптер болуп калыптыр. Эки тууганым бар дейт, бирок алар өз жашоосу менен алек. Илдетинин стадиясы оорлошуп, өзүнө өзү камкордук көрүү мүмкүнчүлүгү азайып баратканын айтты, кимдир бирөөнүн жардамына муктаж экен. Онкология борборуна жатат, бирок белгилүү бир мөөнөттөн кийин, дарылануусу аяктагандан соң ал жактан чыгарышат. Ошондуктан, ал эже өзү сыяктуу оор илдет менен алышып жаткан багаар-көрөөрү жок жарандардын башын бириктирген, өмүрүнүн акыркы күндөрүн камкордукта, кимдир бирөөнүн кароосунда өткөрүүгө мүмкүндүк берген хоспис ачуу зарылдыгын айтты. Биз изилдеп көрдүк, тиешелүү мекемелерден сурамжыласак, чын эле эл аралык уюмдар ачкан хоспистер мурда болчу экен, азыр алар да, мамлекеттик дагы хоспис жок. Ошондуктан, ушул маселени көтөрүүгө туура келди, адамдарды кыйын учурга жардамсыз калтырып коюу туура эмес.
– Канча адам хосписке муктаж экенинин так санын биле алдыңыздарбы жана андай шартты түзүүгө биздин өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү жетеби?
– Так саны тууралуу айта албайм. Эл өкүлү болгондон кийин ар кандай кайрылуулар болот, ошол эле онкологиялык илдетке кабылгандар жогоруда айтканымдай, дары-дармектин, ооруканаларда орундун жетишсиздигин айтып даттанышат. Ал эми хоспис боюнча биринчи жолу кайрылуу болду, бул мени багаар-көрөөрү жоктор оор илдетке чалдыкса кароосуз калып кетиши мүмкүн экен деген ойго түрттү. Мындай абалга туш келген бир эле жаран болбосо керек деп ойлойм. Албетте, бизде, кыргыздарда менталитет башка, ооруган жакыныбызды таштабайбыз. Бирок ошол эле учурда күйөөр жакыны жок жарандар да кездешет. Аны жокко чыгарбашыбыз керек, өтө көп болбосо да кездешет. Ал эми экономикалык жактан бул мамлекетке эч кандай түйшүк жаратпайт. Анткени, эң биринчи баалуулук – бул адам өмүрү, адамдын ден соолугу. Мамлекет эң биринчи ушундай катмардагы адамдарга камкордук көрүүгө тийиш.
– Сиздин ал сунушунуңузга тийиштүү кызматтар тарабынан жооп болдубу?
– Жок, азырынча жооп боло элек. Бирок менимче, бул колдоого алынат. Азыр Кудайга шүгүр, өлкөбүздө мектеп, бала бакчалар курулуп жатат, бул абдан жакшы көрүнүш. Аны менен катар аймактарга жалпы 10го жакын хоспис курулуп калса, ашыкча болмок эмес.
– Ушул жерден бир суроо: Кыргызстанда акыркы учурда онкологиялык оорулар көбөйүп, жашарып да баратканы айтылууда. Буга эмне себеп болууда деп ойлойсуз жана аны кандайдыр бир алдын алуу чараларын жасаш керек?
– Буга эки тараптан көз чаптыруу зарыл. Биринчиден, оору жашарды деп айтылып жатат. Туура, бирок мындай илдет мурда деле бар болчу, болгону медицина азыркыдай өнүгө элек эле. Азыр көп ооруларды алгачкы стадиясында эле аныктоо мүмкүн болуп жатат, ошондон улам оору көбөйгөндөй түр калтырууда. Илгери диагнозу аныкталбай, көз жумгандар болгон да. Бүгүнкү күндө илимдин жетишкендигинен ар бир оорунун так диагнозу коюлат. Экинчиден, дарттын жашарышын шарттаган көрүнүштөр бар. Ошол эле экологиянын бузулушу, ыш, жеген тамак-ашыбызга ГМО, химиялык модификатордун кошулушу – ушунун баары топтолуп келип рак ооруларына негиз болууда. Анан адамдарда нервоздук акыбал жаралды. Кредит алып жатканы, ар кандай маалыматтын көптүгү, дегеле бир гана бизде эмес дүйнө жүзү боюнча коом негатив маалыматтар фонуна түшүп алды. Анын айынан адамдарды санаа басат, тынчсызданат, стресс жаралат, а бул өз кезегинде иммунитетти түшүрөт. Иммунитет түшсө рак клеткалары “ойгоно” баштайт. Мени эми профессионал медицина кызматкери эмесмин, бирок бул көрүнүштү карап, талдап жүргөн адам катары ушундай пикирдемин.
– Дартка чалдыкка адам дарыланууга чейин эле анализдерге көп сумма коротот. Акчалуу адам болсо мейли, ден соолугунан аянбайт. Бирок каражаты жетишпеген адамдар анализ тапшырууга мүмкүнчүлүк таппай жүрүп, оорусун өтүштүрүп жиберген учурлар көп. Ушул нерсени – анализдин баасы кандайдыр бир мыйзам менен жөнгө салууга болобу?
– Туура айтасыз, анализ тапшыруу азыр калың элге кыйынчылык жараткан чоң түйшүк, чөнтөккө күч келтирет. Азыр ооруган пайдалуу эмес. Дарылардын баасы асман чапчыйт, анализ тапшыруу андан бетер. Жөнөкөй анализдерге кеминде 2 миң сомдон өйдө кетет. Менимче, бул жеке секторду салык төлөйт, жумуш орундарын түзүүдө деген жүйө менен кол тийбестикке айлантуудан улам болууда. Бирок салык төлөп, жумуш оруну менен камсыз кылган учурда дагы жеке сектор социалдык жактан ыңгайлашуусу керек. Коомдун алдындагы, элдин алдындагы жоопкерчилигин сезүүгө тийиш. Акча, акча деп акчанын гана кулу болбостон, мамлекетте жашаган жарандардын кызыкчылыгын ойлошу керек. Эң жогорку баалуулукту акчага айлантуу туура эмес.
Бааларды мыйзам боюнча жөнгө салууга болот, бирок мында жалпы стандарттар менен тереңдешкен макулдашуулар болуп кеткен. Кайсы бир эл аралык документтерге таянып, ушундай баа болушу керек деп алышкан. УКМК медицинадагы бааларды ылдыйлатууга киришкен болчу, ошондон жыйынтык чыкса керек.
– Баалар маселесине коопсуздук кызматынын кийлигишүүсү туура элеби?
– Албетте, элди ойлогон кадамдар болушу керек. Мында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы дагы карап, иретке келтириши зарыл. Бизнеске кийгилишүү болбойт деген түшүнүк бар, анткен менен эгерде бизнес аша чаап баратса, кийлигишүүгө туура келет.
