Улуттук мурасты сактаган уз
4 апрель

Улуттук мурасты сактаган уз

Кыргыз кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүүгө өмүрүн арнап, улуттук мурасты сактоого чоң салым кошуп келе жаткан Тотукан Өскөнбаева – кыргыз узчулугунун тирүү тарыхы десек жаңылышпайбыз. Анын 70 жылдык эмгек жолу жөн гана өнөрчүлүк эмес, ата-бабадан калган руханий баалуулукту муундан муунга өткөрүү жолу.

Тотукан апа – Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги, эмгек ардагери, ЮНЕСКОнун сапат белгисинин жана ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисинин ээси. Ал төрт жолку Гран-принин жеңүүчүсү.

Өнөр – жашоонун мааниси

– Өнөр жолу сиз үчүн эмнеси менен баалуу?

– Мен үчүн өнөр – жөн гана кесип эмес, жашоонун мааниси. Бала кезимден жүн иштетүү, өрмөк согуу сыяктуу иштерге кызыгып, кыргыз элинин байыркы мурасын улантуу максат кылдым. Өнөр адамды тарбиялайт, сабырдуулукка үйрөтөт жана руханий дүйнөнү байытат.

Жаштарды өнөргө тартуу

– Сиз көп жылдар бою жаштарга өнөр үйрөттүңүз…

– Ооба. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда ийримдерди уюштуруп, жаштарга шырдак жасоо, сайма сайуу, терме токуу жана ооз комуз чертүү өнөрүн үйрөттүм. Жаштар улуттук мураска кызыгып турса, өнөр жашайт.

Өрмөк согуу – сабыр жана тактык

– Өрмөк согуу эмнеси менен татаал?

– Бул абдан жоопкерчиликтүү иш. Ал сабырдуулукту, тактыкты, эс тутумду жана математикалык эсепти талап кылат. Кичине гана ката кетсе, буюмдун көркү бузулат. Ар бир оюм тарыхый мааниге ээ болгондуктан, ага чеберчилик менен мамиле кылуу керек.

Улуттук колорит

– Эмгектерде улуттук колорит кандай берилет?

– Мен кыргыздын табиятын, тарыхын жана салтын  чагылдырган  оюм-чийимдерди колдонууга аракет кылам.  Ар бир чыгармам өткөн муундун изин сактап, кийинки муунга таберик болуп калсын деп умтулам. Таар буюмдарымда 150–200 жылдык тарыхы бар оймо элементтерин да сактоого аракет кылам.

Тигүү өнөрү

Тигүү өнөрү менен да алектенесиз…

– Ооба. Улуттук кийимдерди заманбап форма менен айкалыштырып тигем. Бир нече чыгармачылык сынактарга катышып, байгелүү орундарды алдым. Мен тиккен кийимдер Венгрия, Казакстан, Кытай, АКШ, Сауд Аравиясы жана Чехиядагы  көргөзмөлөрдө  көрсөтүлгөн.

– Чет өлкөлөргө чыгуу чыгармачылыкка кандай таасир берди?

– Эл аралык көргөзмөлөр мен үчүн чоң тажрыйба болду. Кыргыздын улуттук өнөрүн башка элдерге таанытуу – чоң сыймык экенин сездим. Өнөр адамды дүйнөгө таанытат экен.

Учурдагы иши

– Учурда кайсы жерде иштеп жатасыз?

– Бишкектеги «Кыял» бирикмесинде ишканам бар. Жаштарга терме үйрөтүп келем. Шакирттерим Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кыргыз өнөрүн даңазалап жүрүшөт.

Сыйлыктары

– Сиз алган сыйлыктар тууралуу айта кетсеңиз…

– Мен «Баатыр эне» наамына татыгам. Ошондой эле эмгек ардагери, «Манас–1000» медалы, төш белгиси, КР Эл агартуунун отличниги, ЮНЕСКОнун сапат белгиси жана ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгиси менен сыйлангам. Төрт жолу Гран-принин ээси болдум. Бул сыйлыктар – менин гана эмес, элдик өнөрдүн баасы.

Жаштарга насааты

– Жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Улуттук мурасты унутпагыла. Өнөрдү урматтагыла. Жеңилдикке азгырылбай, ата-бабанын жолун улантыңыз. Өнөр сабыр жана сүйүү менен сакталат.

Тарыхый буюмдарды сактоо

– 150–200 жылдык буюмдар тууралуу айтып берсеңиз…

– Мен 250 жылдык тарыхы бар ата-бабамдан калган тондорду, кылым карыткан чоң жайнамазды жана 150 жылдык тарыхы бар сайма, туш кийиздерди сактап келем. Булардын баары кийинки муун үчүн таберик болуп калат.

– Терме тарлар азыр жок болуп бара жатат…

– Терменин түрү көп . Илгери китеп жок эле, сүрөтсүз эле оюм-чийимдерди салышчу. Беш кечтени биринчи мен согуп чыктым. Кочкор мүйүзү согулган термелерди жасадым.

– Кол өнөрчүлүккө канча жаштан баштадыңыз?

– Мен 12 жашымдан баштап кол өнөрчүлүккө кызыгып баштадым. Турмушка чыктым, 35 жыл  китепканада иштедим. Ошол кезде китепканачылык кесип менен мектепте  кружокту бирге  алып барып жаттым. Шакирттерим ар дайым гран-прини багындырып жүрөт. Буюрса, шакирттерим  кыргыз мурасын дагы далай жылга жашатат деп үмүт кылам.