Прокуратура органдарынын ардагери Эрмек Эркебаев 62 жаш курагында дүйнөдөн кайтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Прокуратура органдарынын ардагери Эрмек Эркебаев 62 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын полковниги Эркебаев Эрмек Мойдунович 62 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Эрмек Мойдунович 1964-жылдын 21-ноябрында Ош облусунун Совет районунун Кара-Кулжа айылында туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн прокуратура органдарына арнап, 1998-жылдан тартып райондук, областтык прокуратураларда жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган. Прокурордун жардамчысынан тартып жетекчилик кызматтарга чейин жетип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, жарандардын укуктарын коргоого татыктуу салым кошкон.

Кесиптик ишмердигинде Эрмек Мойдунович жогорку жоопкерчилиги, принципиалдуулугу, кесипкөйлүгү жана ишке берилгендиги менен айырмаланып, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болгон.

Көп жылдык ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, «Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн» I жана II даражадагы төш белгилери, прокуратура органдарынын юбилейлик медалдары жана «Прокуратуранын ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.