Балыкчыда уникалдуу этно-комплекс курулууда: 7 облус бир жерде
Ысык-Көлдүн кире беришин өзгөчө кылуу жана туризмди өнүктүрүү максатында Балыкчы шаарында Кыргызстандагы эң уникалдуу долбоорлордун бири ишке ашууда.
Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү:
• Кире бериш арка «Ак-Кеме» формасында курулууда.
• Этно-комплекстин ичине Кыргызстандын 7 облусунун тарыхын, маданиятын чагылдырган өзгөчө экспонаттар жайгаштырылат.
Жумуштун сапатын жана жүрүшүн шаар мэри Баатырбек Жантаев жеке өзү көзөмөлдөөдө.
