Кытайдан ташылып келаткан 3 тонна күрүч Кыргызстанга киргизилген жок
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Кытайдан ташылып келаткан 3 тонна күрүч Кыргызстанга киргизилген жок

Кытайдан ташылып келаткан күрүч Кыргызстанга киргизилген жок, деп кабарлайт Суу ресурстары министрлиги.

Маалыматка ылайык, «Торугарт» чек ара фитосанитардык көзөмөл пунктунда Кытайдан импорттолуп келген 3 тонна күрүчкө фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификаттын жоктугу аныкталды.

Фитосанитардык талаптар сакталбагандыгына байланыштуу жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.

Мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык көзөмөл өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоого багытталган.