Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган үч жаран куткарылды 
видеодон алынган кадр
24 август

Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган үч жаран куткарылды 

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында үч жаран Ысык-Көлдүн түштүк жээгин бойлой сүзүп өтүүгө аракет кылышкан.

Окуя 22-августта болгон. 

ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашкандай, жээке жетүүгө болжол менен 3 чакырым аралык калганда 1998-жылы туулган Н.Б. аттуу эркек киши сууга чөгүп кеткен туралуу маалымат 112 номерине түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 12 куткаруучу, моторлуу кайыктар менен, ИИМден 17 жана туристтик-экологиялык милициядан 8 кызматкер тартылган.

Куткаруучулар саат 23:10 чамасында Тоң районунун Кара-Талаа айылында көлдөн Н.Б. аттуу жаранды аман-эсен чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы туруктуу.

Ал эми жанында сапборд менен жүргөн 28 жаштагы А.О. жана 19 жаштагы Б.Т аттуу жарандар дагы аталган айылдагы көлдөн саат 23:20 чамасында куткаруучулар жана туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүлгөн. Абалдары туруктуу.