Англиядагы мигранттар: “Сезондук иштерге ден соолугу чың адамдар гана чыдабаса, өнөкөт оорусу барларга кыйын эле болот”
3 апрель

Англиядагы мигранттар: “Сезондук иштерге ден соолугу чың адамдар гана чыдабаса, өнөкөт оорусу барларга кыйын эле болот”

Тышкы миграция буга чейин негизинен Россияга карата жасалса, учурда бул жааттагы аймак кеңейди. Учурда кыргызстандыктар Европа өлкөлөрүнө барып иштешүүдө. Анын бири Англия – сезондук жумуштарга мамлекеттер аралык келишимдин негизинде жумушчуларды чакырышат. Англияда иштөө кыргызстандыктардын кулагына сиңип калганы менен ал жакка баруунун тартиби, иштөө жана жашоо шарты кандай экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Рахманбек (аты өзгөртүлдү) 3 жылдан бери Англияда сезондук жумуштарда иштейт: алты ай Европа өлкөсүндө эмгектенсе, алты ай Кыргызстанда такси айдайт. Ал бизге аталган өлкөгө барып иштөө боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди. 

– Англияга сезондук иштерге кантип барууга болот? 

– Кыргызстанда кыргызстандыктарды Англияга жумушка орнотуу боюнча компаниялар бар. Арасында ал өлкөдөгү расмий сайттар менен түз иштегендер бар. Бир нерсени билип коюш керек, жумушка орноштуруу боюнча беш гана расмий сайт бар, булар таза иштешет. Ал эми калгандары жасалма, ал жакта алдамчылар отурушат. Мисалы, жумушка баруу үчүн катталган адамдар визага акча сурашат. Керектүү суммасын электрондук капчыгына котортуп алгандан кийин, аларды ит менен да издеп таппайсың. Көп жаштар акчасына күйгөнүн угуп жүрөм. Ошондуктан, Англияга барууга ниеттенип жаткандарды ишенимдүү компаниялар менен гана иштешүүгө чакырат элем. Анан виза, башка үчүн эч убакта чыныгы компаниялар дароо акча сурашпайт. Дароо акча сурагандардан дароо баш тарткыла. 

– Сиз дагы биринчи жолу барууга камынып жатканда алдамчыларга туш келдиңиз беле? 

– Жок, мен өзү абдан сак адаммын. Биринчи сураштырып, сүрүштүрүп, андан кийин гана ишенимдүү сайтты тандагам. Ага чейин көп жыл Россияда иштедим. Негизи өз мекениңден алыс жүрүп иштөө адамда көп жөндөмдөрдү, ошол эле сактыкты өнүктүрөт экен. 

– Англияга барып иштөөнү каалагандарга кандай талаптар коюлат? 

– Алгач гуугл аркылуу сайтка кирип, анкета толтурасың. Ар кимге жооп ар кандай убакытта келет экен: 3 ай, жарым жыл же бир жыл. Мисалы, мага бир жыл 20 күн дегенде келген. “Сен өттүң” деген тастыктама келгенден кийин, “окошка” деп коет – бул сени жумушка жөнөтүп жаткан компаниянын офиси, ошол жерге барасың. Ал жерде сени сынайт, реакцияңды текшерет, ар кандай суроо-жооп кылышат. Мисалы, “иштей аласыңбы?”, “иштей алаарыңа көзүң жетеби?” деген суроолор. Андан өткөндөн кийин “размещение”, номер келет, анын негизинде визага тапшырасың. 

– “Сен өттүң” деп келгенден кийин дагы канча күтүүгө туура келет? 

– Эки – эки жарым ай. 

– Виза канча айга ачылат? 

– Алты айга – бул сезондук иште. Алты ай жумуш – алты ай коридор. Коридор – Кыргызстанга келип кийинки сезонду күтүү. Алты айдан кийин кайра Англияга жол тартуу үчүн визаны жаңыртып ачтырууга туура келет. 

– Ал жакта айлык канча? 

– Ар кайсы тармакта ар кандай. Мисалы, мен клубникада иштедим. Анда 300 миң сом айына табууга болот. Айлыкты ар 15 күн сайын которушат. 

– Англияга жеткенге чейин канча чыгаша кетет? 

– 100-110 миң сом. Анын ичинде виза, авиабилет бар. Андан сырткары 10-15 миң сомдой жаныңа алып алышың керек. Бул барып иштей баштагандан кийин айлык алганга чейин жашап турушуң үчүн керек. Көбү тааныштарынан карыз алып кетишип, биринчи айлыгынан төлөп кутулушат. Анткени көп учурда башка өлкөгө иштеп акча табуу үчүн бараткан адамдын мынчалык каражаты боло бербейт. 

– Жумуш оорбу? 

– Абдан оор, аны жашырыштын кереги жок. Бөйрөгүн шамалдатып, ооруп келгендер да бар. Анткени жамгырда да тынымсыз иштейсиң. Ал жакта оңой эмес. Негизи эле оңой оокат жок. 

– Орто Азиянын башка өлкөлөрүнүн жарандары да барып иштешеби? 

– Мисалы, өзбек, казактар аз. Басымдуу бөлүгү кыргыздар. Жалпы Орто Азиядан барган мигранттарды алганда болжол менен 80 пайызы кыргызстандыктар. 

– Бул жактан кетип жатканда ден соолук боюнча да талаптар болобу, мисалы, өнөкөт оорусу болбошу керек дегендей? 

– Грыжа болбошу керек. Эгерде ал болсо иштөө кыйын болот. Чынында, физикалык жактан абдан катуу иштейсиң. Мисалы, пик убагында 12 саатка чейин иштөөгө туура келет. Негизи ал өлкөнүн белгиленген жумуш убактысы 8 саат. А мигранттарды керек учурда ашыкча иштете беришет. Албетте, мындай жумуш шартын ден соолугу чың адам гана көтөрбөсө, өнөкөт оорулары барларга кыйын эле болот.  Бирок аларда да рейддер жүрүп турат, кокус белгиленген жумуш убактысынан көп иштетип жатканы аныкталса, фирмага ири өлчөмдөгү айыппул салынат. 

– Ошондой эмгекти Кыргызстанда деле жасап, ошондой акча табууга болобу? 

– Болот. Бирок кайсы бир ишти баштоого акча керек да. Мисалы, 1 гектар жер алып иштетейин десең же кредит алыш керек болот же карыз... Андан көрө жарым жыл иштеп келе калайын дейсиң. Бирок азыр Англияга барып иштеп, ал жактын талаа жумушун өз көзү менен көрүп, тажрыйба топтоп, Кыргызстанга келип дыйканчылыкты баштаган балдар бар. Алар миграцияны жыйыштырып коюшту. Чет жакта иштөө менен канчалаган кыргызстандык өзү үчүн чоң пайда табууда деп ойлойм. 

– Ал жакта кыргыздар ынтымактуу элеби? 

– Ооба, бири бирине жардамдашып турушат. Эми Англияда Россиядагыдай эмес да. Орус жергесинде миллиондогон кыргызстандык иштеп жүрсө, Европа өлкөсүнө эсептелүү эле квота берилет. Анан аз болгон учурда ынтымактуу да болосуң.