Болот Сагынаев: Эл үчүн жасалган иш – түбөлүк калат
Сагынаев Болот – мугалимдердин үй-бүлөсүнөн чыккан, билимге, кайрымдуулукка жана адепке таянган инсан. Ал спорттон тартып маданиятка, айыл чарбадан туризмге чейин ар тараптуу демилгелерди ишке ашырып жүрөт. Эл үчүн кызмат кылуу анын жашоосунун башкы ураанына айланып, күн сайын адамдык наркты иш жүзүндө далилдөөгө умтулат.
– Болот мырза, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Мен 1989-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам – Сагынаев Турусбек, тарых мугалими болгон, тилекке каршы 2013-жылы жүрөк оорусунан дүйнөдөн кайтты. Апам – Шейшеканова Сүйүмкан, кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим эле, ал да эрте, 2002-жылы каза болду. Алардын билимге умтулуу жана адеп-ахлакка басым жасаган тарбиясы жашоомдогу эң чоң мурас болуп калды.
Башталгыч классты Бишкектеги №168 мектеп-бала бакчада баштап, кийин №58 мектепте уланттым. Андан соң Кара-Коодогу Р.Жангазиев атындагы орто мектепти артыкчылык менен аяктадым. Орто билимден кийин “Компьютердик система жана технологиялар” колледжине тапшырып, «Экономикада маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» адистигин бүтүрдүм. Кийин Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде «Информациялык системалар жана технологиялар» боюнча билим алып, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктадым.
– Аскердик кызматка да барып келдиңиз. Ал сизге кандай таасир берди?
– 2009-жылы өз каалоом менен армияга чакырылып, Юстиция министрлигинин күзөт жана конвой кызматында кызмат өтөдүм. Сержант наамын алдым. Армия мен үчүн чыныгы мектеп болду. Ал тартипке, чыдамкайлыкка жана жоопкерчиликке тарбиялады.
– Үй-бүлөңүз жана бир туугандарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.
– 2011-жылы жубайым Перизат менен баш коштум. Учурда үч балабыз бар: уулдарым Баатыр менен Хан-Теңир жана кызым Ханзада. Үй-бүлө мен үчүн эң чоң байлык жана жашоомдун тиреги.
Эки бир тууганым тилекке каршы бул дүйнөдөн эрте өтүп кетишти. Агам Талант жаш курагында оорудан көз жумду. Айтбек болсо 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияда курман болду.
Эжем Нази үй-бүлөлүү, үч баланын энеси. Агам Таалай да эки баланын атасы болуп, өзүнүн түйшүгүн аркалап жүрөт. Биз, бир туугандар, ата-энебиздин жана каза болгон агаларыбыздын мурасын татыктуу улантуу милдетин сезип келебиз.
– Коомдук иштерге кандайча аралаша баштадыңыз?
– Агам Айтбектин өлүмү жашоомдогу чоң бурулушка түрткү болду. Бул жоготуу өмүрүмдүн башкы максатын – мекенге, элге кызмат кылууну жаратты.
Чыңгыз Айтматов айткандай: «Адамга күн сайын адам болуу кыйын». Бирок ошол кыйынчылыкты моюнга алуу - чыныгы мекенчилдик.
Мекен деген сөз кыргыз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал киндик каныбыз тамган ата конушубуз, балалык кездин таттуу күндөрү өткөн айылыбыз, аскасы булут жамынган тоолорубуз, берекелүү өрөөндөрүбүз жана Ысык-Көл сыяктуу дүйнөдө теңдеши жок берметибиз. Ата-бабаларыбыз дал ушундай жерди бизге мурас кылып калтырышты. Эми аны сактап, гүлдөтүп, келечек муунга өткөрүп берүү биздин милдетибиз.
«Мекенди сүйүү – ыймандан» деп бекеринен айтылган эмес. Бул куру сөз эмес, ага болгон кызмат менен гана далилденет. Улуу француз жазуучусу Виктор Гюго да: «Мекениңе каршы күрөшүп, баатыр боло албайсың» деп айткан. Менин түшүнүгүмдө, Мекен – бул адам баласынын алгачкы кадамын шилтеп аттанаар да, акыркы дем менен жыгылаар да жери. Жашоонун башаты жана аягы. Андыктан адам үчүн мекенден артык дөөлөт жок. Байыркы рим ойчулу Марк Цицерон да: «Биринчи орунда Ата мекениң менен ата-энең, андан кийин балдарың менен үй-бүлөң, андан соң гана башка туугандарың турушу керек» деп бекеринен айткан эмес.
– Коомдук жана кайрымдуулук иштериңиз жөнүндө да айтып өтсөңүз.
– Өзүмдүн киндик каным тамган Кара-Коодо агам Айтбектин аты берилген спорт залды ачтык. “Достук” сейил багын негиздедик. Жергиликтүү калк үчүн тигүүчү цехтерди иштетип, айыл жергесиндеги эже-карындаштарыбызды жумуш менен камсыз кылдык. Аймактагы мечиттерди оңдоп-түзөп, билим берүү жана маданий иш-чараларды колдодук.
Айыл чарба тармагында да бир топ иштер жасалды. 2019-жылы дыйкандардын түшүмүн сактоо максатында «алтын түстүү нематодага» каршы атайын аппараттар орнотулуп, зыянкечтерге каршы күрөш күчөтүлдү. Мындан тышкары, миңдеген көчөттөр аймакка отургузулуп, жашылдандыруу жумуштарын аткардык. Бул иштер мамлекет башчыбыздын «Жашыл мурас» демилгеси менен үндөшүп турат.
– Кино жаатындагы демилгелериңизди угуп жүрөбүз. Негизинен бул идея кайдан жаралды?
– Мен кино аркылуу коомго чоң тарбия берүү мүмкүн деп эсептейм. Президентибиз Садыр Жапаровдун «Адеп-ахлак жана инсандын руханий өнүгүүсү» тууралуу жарлыгын колдоп, бир катар фильмдерге демөөрчүлүк кылдык.
“Келечек” – мугалимдердин түйшүгүн жана кадыр-баркын чагылдырган тасма.
“Ата-эне тилеги” – мекен үчүн жанын берген баатырлар тууралуу сериал.
“Чемпион” – жаштарды спортко жана ынтымакка үндөгөн фильм.
Азыркы учурда “Берекем” аттуу үй-бүлөлүк зомбулукка каршы тасма тартылууда.
Бул иштердин бардыгы улуттук баалуулуктарды сактоого, жаш муунду туура жолго үндөөгө арналган.
– Жеке жашооңузда кандай принциптерди карманасыз?
– Жаман адаттардан алысмын. Тамеки тартпайм, спирт ичимдиктерин колдонбойм. Спорт менен машыгып, айыл чарба жумуштарына катышам. Жаратылышта эс алганды жакшы көрөм. Мен үчүн эң чоң баалуулук – үй-бүлө жана адал эмгек.
– Алдыдагы максаттарыңыз кандай?
– Биздин команда бүгүнкү жасаган иштер менен эле чектелбейт. 2030-жылга чейин мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Мисалы, туризм тармагында «Тескей Кино-музей шаарчасын» куруу, Ысык-Көл жээгинде дүйнөлүк фрилансерлер жана IT адистери үчүн шарт түзүү (Starlink интернет, ко-воркинг борборлор) пландалууда. Ошондой эле аймактык IT-хаб түзүп, мектептерде программалоо, робототехника жана жасалма интеллект боюнча кружокторду ачуу багытында жумуштар жүрүп жатат.
Мындан тышкары, айыл чарбасын модернизациялоо, экспортту күчөтүү жана инвестиция тартуу боюнча да максаттар бар. Командабыз менен жашоонун ар кыл тармактарын камтыган демилгелерди даярдап жатабыз. Учуру келгенде бул тууралуу кененирээк ой бөлүшөбүз.
Аалымдар айткандай: «Адамга туура баа берүү үчүн анын мекенге болгон сүйүүсүнө, бир туугандарына жасаган мамилесине жана өткөн өмүрүнө берген эсебине көңүл бур». Мен дал ошол сапаттарга жооп берүүгө аракет кылып келем.
