Өзгөчө балдарга – өзгөчө камкордук. “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна 35 жыл
21 ноябрь

Өзгөчө балдарга – өзгөчө камкордук. “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна 35 жыл

“Үмүт-Надежда” реабилитациялык борбору ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим, тарбия берүүнү колго алып келатканына 35 жыл болду. Бул датага карата аталган борбордун координатору Асель Жайлообаева жана борбордун мугалими Перизат Сатыбалдиева болушту.

Асель Жайлообаеванын айтымында, аталган борбор 1989-жылы түзүлгөн. Ага түптөөчүлөрдүн үй-бүлөсүндөгү кайгылуу окуя себеп болгон, жалгыз перзентинен айрылган жубайлар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү тилегинде алгач 2 баланы алып окутуп башташкан. Жыл сайын көбөйүп отуруп, учурда 80ден ашуун балдар тарбияланган үмүттүн борборуна айланды.

“Биздин борборго 3 жаштан ашкан балдар кабыл алынат. Эң улуу азыр балдарыбыз 39-40 жашка чыгып калышты. Алар борборго 4-5 жашында келишкен. 80 баланын 22си ар кандай себептерден улам ата-энесиз калгандыктан, бизде туруктуу жашап, тарбияланышат. Ал эми калган балдар бала бакчага, мектепке келгендей эле күн сайын 9.00дөн 16.00гө чейин бизде болушат.

Бизде ар кандай тайпалар түптөлгөн: бала бакча курагындагы, мектеп курагындагы балдар жүн, жыгач менен күнүмдүк жашоого керектелүүчү буюмдарды жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенишет.

Кыргызстанда өзгөчө балдарга 3 жаштан тартып кадам-кадам менен түзүлгөн бир гана “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борбору бар. Мисалы, 3 жашында келген бала бала бакчада болот, андан кийин мектепке барат, бул убакыт аралыгында ар кандай терапияларды алышат, окушат. Көл өнөрчүлүккө үйрөтүлөт”, – деди ал.

Эмне себептен реабилитациялык борбор болуп аталып калганынын себебин жана балдар кандай шартта кабыл алынаарын борбордун мугалими Перизат Сатыбалдиева мындайча түшүндүрдү.

“Биз бир эле убакта балдарга билим беребиз, социалдык көндүмдөрдү үйрөтөбүз, ар кандай терапияларды жасап ден соолугуна кам көрөбүз.

Бизге негизинен ушул жааттагы комиссиянын жолдомосу менен ата-энелер келип балдарын жаздырышат. Алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө, диагноздоруна карап, өз өзүнчө группага бөлүнөт да, ал тайпаларда бош орун болсо алабыз. Эч убакта баланын өзгөчөлүгүнө карап баш тарткан учурубуз болгон эмес. Бош орун болбой калып эле күтүп калышпаса, бизге кайрылгандардын баарын кабыл алууга аракеттенебиз.

Анткен менен айрым ата-энелер жолдомосуз эле, өздөрү биз тууралуу угуп калып, кайрылышкан учурлар болот. Жолдомону сөзсүз түрдө талап кылбайбыз”, – деди Сатыбалдиева.

Өзгөчө балдарга өзгөчө кам көргөн борбордо орун өтө чектелүү экени чындык. Асель Жайлообаева белгилегендей, борбордун имараты мамлекеттик стандартка туура келбейт, бөлмөлөрү чакан, мында балдарга үйдөгүдөй шартты түзүп берүүгө гана аракет жасалган. Ошондой эле адистер жетишсиз.

“Биз өзүбүздө иштеген мугалимдерге, тарбиячыларга ар ишемби күнү семинар өткөрөбүз. Кыргызстандагы, чет өлкөлөрдөгү доценттерди чакырып, өзгөчө балдар менен кантип иштешүү жаатында тренинг жасалат. Бизде кадимки мектептердегидей эле сабак өтүлөт, андан тышкары атка минишет, кол өнөрчүлүк менен алектенишет, сүрөт тартышат, музыкага барышат. Бирок бардык эле адистер мындай балдар менен иштешип кете албайт. Акыркы учурларда кайрылуулар абдан көп болууда, а биз кезекке жазып коюу менен гана чектелүүдөбүз”, - деген ал учурда борбордо 50гө жакын мугалим, тарбиячылар эмгектенерин кошумчалады.

Перизат Сатыбалдиеванын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү ар башкача чектелип, ар кандай диагноздун ээлери болгон өзгөчө балдарга кылдаттык менен мамиле жасоо маанилүү. Мисалы, алар бир чөйрөдөн экинчи чөйрөгө же бир адамдан экинчи адамга бат көнүп кете алышпайт. Ошондуктан, бала бала бакчада акыркы жылы тарбияланып жаткан маалда аны 1-класска кабыл ала турган мугалим жыл бою бала бакча окутууларына катышып, баланы өзүнө көндүрүүгө аракеттенет.

“Үмүттү эч убакта үзбөш керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү ар башкача чектелгендер бар, мисалы, кашык кармай албагандар же кайсы бир кыймылды жасай албагандар. Биз күн сайын аны кайталап көрсөтөбүз. Бизде ыктыярчылар да иштейт, ар бир ыктыярчыга 2-3 баланы дайындап, ошол кыймылдарды күн сайын аткаруусун көзөмөлгө алабыз. Күн сайын бир кыймыл кайталана берсе баланын мээсине сиңип, кийин өзү аны жасап баштайт. Ошондуктан, ар бир эмгектин жыйынтыгы сөзсүз болот”, – деди.