Рано Бондарева: 0-4 айдагы балада айрым рефлекстердин жоктугу анын борбордук нерв системасынын бузулушунан кабар берет
23 март

Рано Бондарева: 0-4 айдагы балада айрым рефлекстердин жоктугу анын борбордук нерв системасынын бузулушунан кабар берет

Баланын жашоосунун биринчи айларында өнүгүүсүндөгү патологияны аныктаган өзгөчөлүктөр, анын белгилери жана диагностика тууралуу нутрициопат, гомеопат жана социалдык психолог Рано Бондарева Караван-Инфого айтып берди. 

– Балада сенсордук жетишпестик байкалган шартта кайсы адистерге кайрылуу керек? 

– Сенсордук интеграциялык терапиянын алкагында иштеген адистер сенсордук терапевт болуп саналат.  Бул багыттагы машыгуу баланын сенсордук жетишсиздигин жоюуга таасирин тийгизет. Мындай машыгуудагы сенсордук өнүгүү мотордук активдүүлүк жана жүк менен айкалышат, бул сенсордук стимулдарды иштетүүнү жеңилдетүүгө жардам берет. Сенсордук терапевт баланын туура тамактануусуна эмне тоскоол болоорун талдайт: проприоцептивдик, тактилдик же сенсордук маалыматты иштетүүнүн бузулушунан келип чыккан башка көйгөйлөрбү. Баарынан биринчи адис бала эмнени сөзсүз жейт, а эмнени жада калса даамдап көрүүдөн да баш тартаарын так аныкташы керек. 

– Сенсордук терапевт кандай көйгөйлөрдү чечет? 

– Баланын тамак-ашты жана температуралык тандоо (ысык же муздак гана тамак жейт) жана тамакка оозун толтуруу, оозуна көпкө кармоо, чайнаганды билбөө ж.б. адатынын үстүнөн иштейт. 

Бул категорияга көбүнчө баланын өз алдынча тамактануусу менен байланышкан көйгөйлөр да кирет. Кашык менен вилканы кармай албайт, кружкадан иче албайт, суюк тамак иче албайт. Ошондой эле, тамак-ашты тандап жемей булчуңдардын тонусунун төмөн болушуна жана баланын алдыңкы тиштери менен тиштегенди же арткы тиштери менен чайнаганды билбешине байланыштуу болушу мүмкүн. Бул ыкманын алкагында ооз көңдөйүндө терең сезгичтикти өнүктүрүү үчүн оюндар ойнотулат, кээде оюнга азыктар колдонулат.

Эгерде көйгөй тамактын текстурасында болсо, анда жаңы тамактарды жана ошого жараша жаңы даамдарды пюре түрүндө киргизүү жана аралаш тамактардан баш тартуу сунушталат. Ушундай жол менен сенсордук терапевт ата-энелерди тамак-аштын балага сезүү таасирин эске алууга үйрөтөт.

– Кандай белгилер балдардын негизги рефлекстеринин интеграциясынан караганда тамактануунун бузулушун көрсөтө алат? Тагыраак айтканда, интегралдык эмес рефлекстин кандай белгилери өнүгүүдө патология бардыгын билдирет?

– Тамактануусу бузулган балдар менен иштөөгө кире турган дагы бир адис – балдардын негизги рефлекстерин интеграциялоо менен алектенген адис.

Буга мисал катары Бабкиндин алакан-оозеки рефлексин айтсак болот. Баланын алаканын бармак менен басканда ал башын ошол колуна буруп, оозун ачат. Адатта, бул рефлекс төрөлгөндөн кийин дароо пайда болуп, болжол менен 3-4 айда жок болот.

0-4 айлыгында рефлекстин жоктугу баланын борбордук нерв системасынын бузулушунан кабар берет жана невропатологдун толук текшерүүсүн талап кылат. Ошондой эле рефлекстин жашоонун биринчи жылында гана эмес, улгайган куракта да сакталышы патологияга кирет.

Ошентип, интегралдык эмес Бабкин рефлексинин белгилери баладагы төмөнкүдөй бузулууларды камтышы мүмкүн:

  • Колдун жана ооздун синкинези, бала, мисалы, жазганда, оозун ачып, тилин кыймылдатат.
  • Кептин бузулушу, мисалы, дизартрия.
  • Оозду дайыма ачып жүрүү. 
  • Бармагын соруу. 
  • Шилекейдин агышы.
  • Ооз-беттин айланасындагы булчуңдардын начар өнүгүшү.
  • Тамактануу функцияларына таасир этүүчү “кол-ооз” координациясынын начар өнүгүшү.
  • Бут кийимдин боосун жана топчу түймөсүн түйүүдөгү кыйынчылык.

Ар бир учур уникалдуу болуп саналат жана адистер тарабынан каралышы керек.

Ар дайым жүрүм-турумдун себебин издөө жана аны анализдин негизинде гана оңдоо, абилитация жана өнүктүрүү программасын түзүү зарыл.