Айчүрөк Иманалиева, КРнын эл артисти: “Кызыма азыр оор болуп жатат, бирок ал оңой оокат жок экенин билет”
Кызы бардын – назы бар дейбиз. Чындыгында эле кыз ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болот, жакын болот, камкор, боорукер болот эмеспи. Сахна жылдызы Айчүрөк Иманалиеванын кызы Аэлита кечээ эле сахнага секирип ырдап жүргөн секелек кыз эле, бүгүн минтип бойго жетип, өзү кыялданган медициналык окуу жайда билим алууда. Биз элдин сүймөнчүк кыздары менен маектештик.
– Айчүрөк эже, Аэлита жөнүндө айтып берсеңиз, кичине кезинде кандай кыз эле?
– Аэлита кадимки кыздардай эле чоңойду. Элдин кыздарындай эле бакчага барды, мектепте жакшы окуду. Кызым абдан зирек, зээндүү. Кичине кезинде атасына абдан жакын эле. Эне менен кыздын ортосунда аял затына тиешелүү сөздөр, сырлар, эненин кызына айтчу кеп-кеңеши болот эмеспи. Чоңойгон сайын ошондой сырдашуулар экөөбүздү жакындаштырып койду. Азыр атасы экөөбүзгө тең бирдей жакын. Биздин көзүбүздүн кареги, эркебиз, акылдуу кызыбыз.
– Сахнага чыгуу өзүнүн каалоосу беле?
– Албетте. Кызым кичине кезинен таланттуу болду. Анан кеңешип Шубин атындагы музыкалык окуу жайдын фортепиано бөлүмүнө тапшыртып койгонбуз. Аэлита башка балдардай болуп ойноп, убактысын каалагандай өткөрүп чоңойгон жок. Эки мектепте тең бирдей окуганга аракет кылып эртең менен кеткен бойдон кечинде келчү. Кээде карап отуруп боорум ооруп кетчү. Өзү да чарчап калчу. Бирок кызым мени тартып өжөр, эмгекчил кыз. Ушул сапаттары менен эки мектебин тең эң мыкты баалар менен аяктады. Сахнага ырдап чыгуу да өз каалоосу болду. Кызым ырдайм деп турса анан мен кантип колдобой коём? Азыр гана окуусуна тоскоолдук жаратпайлы деп чыгармачылыгын убактылуу экинчи планга жылдырдык. Анткени кызым өз каалоосу, өз күчү менен медициналык академияга өтүп кетти. Медициналык окуу жайда окуу оңой эмес экенин билесиңер да. Эртең менен 7:40та сабагы башталат, ошо менен кечинде 7-8дерде келет. Келгенде деле тамактанып алып эле кайра сабагына отурат. Бир аз бошоп калса ырларды жаздырып, форма тиктирип чыгармачылыкты хобби катары алып кетем деп жатат. Болбосо кызымдын келечекте мыкты врач болушун каалайбыз.
– Аэлита, студент болушуң менен! Окуу оор эмес бекен?
– Рахмат! Максатка жетүүдөгү жол эч качан жеңил болбойт. Мен беш жашымдан баштап музыка менен алектендим. Эми өзүмдүн дүйнө таанымымды кеңейтүүнү каалап медицина тармагын тандап алдым. Окуу кабыл алуусуна жараша ар кимге ар кандай: кимдир бирөө үчүн татаал болсо, айрымдар үчүн жеңил. Мисалы, мен үчүн орто.
А.И: – Мен кызыма ишенем. Зээндүүлүгү менен, иштермандыгы менен бул окууну деле алып кетет буюрса. Окуу кызым үчүн жеңил болуп жатат деп айта албайм, бирок кыйынчылыктарга карабай артка чегинбейт деп ойлойм. Азыр заман башка. Тынымсыз билим алыш керек. Оңой оокат жок экенин Аэлита өзү деле түшүнүп калды. Окуусун бүтүп алса, эртең эле өзү үзүрүн көрөт.
– Аэлита, окууга берилип кетип ырдаганды унутуп калган жоксуңбу?
– Ырчылыкты хобби катары калтырбай алып кетүүгө аракет кылам. Болгону биринчи жылы окуума жакшыраак көңүл буруп коёюн деп жатам.
– Сенин ырчы экениңди, Айчүрөк Иманалиеванын кызы экениңди окуу жайдагылар билишеби?
– Билгендер бар, билбегендер бар. Өзүм “мен ырчымын” деп эч кимге айткан эмесмин. Ал эми кимдин кызы экениң ал жакта маанилүү эмес. Ата-энеңе эмес, өзүңдүн билимиңе таянышың керек.
– Айчүрөк эже сыртынан караганда жумшак, боорукер көрүнөт. Үйдө да ошондойбу?
– Ооба, чындыгында апам ошондой жан. Бизге эч качан колу тийип же катуу кыйкырып сүйлөгөн эмес. “Өзүм ата-эненин мээримин көрбөгөнгөбү, силерди такыр уруша албайм” деп айтат. Бизди бооруна кыса кучактап, дайыма мээримин чачып турат алтын апакем.
– Айчүрөк эже, Аэлитада эркелик барбы?
– Үйдө жалгыз кыз болуп, көкүрөк күчүгүбүз болгонго атасы экөөбүз тең көзүн карайбыз. Бирок ашыкча эркелиги жок. Чектен чыгып “тигил жакка барам”, “бул жакка барам”, “кымбат кийим кием” дебейт. Акча кантип табыларын билет. Жылдыз белгиси текечер болгондуктан үйдө болгонду жакшы көрөт, сабакка эле барганы болбосо сыртка көп чыкпайт.
– Сиз чыгармачылыктын майын чыгаргандан тышкары аялзатына тиешелүү иштердин да баары колуңуздан келет. Кызыңыз бул жагынан да сизди тарттыбы?
– Аял заты болгон соң ал даамдуу тамак жасап, үйүн таза кармоосу керек биринчи кезекте. Кызым анын баарын мени көрүп жүрүп эле өздөштүрүп алды.
Аэлита: – Апам мага өзү эмне кыла алса, ошонун баарын үйрөттү. Мен аны менен эле чектелбей, үй тиричилигине тиешелүү иштерди өз алдымча да үйрөндүм. Мисалы, таттуунун түрлөрүн, тортторду жасаганды жакшы көрөм.
