Мектепке электрондук каттоонун 2-этабы. Ата-энелер эмнелерди билиши керек?
Кыргызстанда 2-июндан тартып орто мектептерге 1- жана 2-класстарга балдарды каттоонун экинчи этабы башталды. Буга чейин 1-этабында балдар ата-энелеринин туруктуу жашаган жериндеги каттоосуна караган мектептерге катталган. Ал эми 2-турунда кайрадан бош орундарга, мында ата-эне баласын каалаган мектебине, эгерде анда бош орун болсо, каттай алат. Каттоо кандай жүрүүдө жана ата-энелер эмнелерди билиши керектигин түз эфиринде Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башкы адиси Гүлиза Көчөрбаева айтып берди.
Гулиза Көчөрбаеванын айтымында, 1-этапта системада техникалык жактан эч кандай көйгөй болгон жок, жалпысынан өлкө боюнча 101 миң бала каттоодон өттү. Ал эми бала эң көп катталган аймак – Бишкек шаары.
«Бишкек шаары боюнча 1- жана 2-класска 30 миңден ашуун орундар берилген. Бүгүнкү күндө 24 миң бала катталды.
2-июнь күнү саат 09.00дө ата-энеге баласын каалаган мектебине каттоо же бош орундарды кароо мүмкүнчүлүгү ачылды. Мында кайрылуу көбүрөөк болду. Себеби, 1-этапка кошулбай калган ата-энелер тынчсызданып, көп кайрылышты. Ошого байланыштуу системада техникалык мүчүлүштүктөр пайда болду. Бул көп сандагы адам бир убакта киргенинен улам орун алды. Каттоо 15-августка чейин жүрөт. Ошол мөөнөткө чейин толук катталып бүтүшү керек», – деди Көчөрбаева.
Ал белгилегендей, 1-класска 2019-жылы төрөлгөн балдар барышат, 2019-жылы төрөлүп, бирок «Наристе» программасынан өткөн балдар жана 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска отурушат.
Электрондук каттоого тургандан кийинки кадам кандай болоорун адис мындайча түшүндүрдү:
«Дароо эле» сиздин балаңыз ийгиликтүү катталды» деген билдирүү келет. Бул мектепке кабыл алынды деген сөз. Демек, ата-эне июнь, июль айларында өз жумуштары менен алек боло берсе болот, мектепке барыштын, тастыкташтын кереги жок. Август айында гана баланын документтерин: эмдөө картасын, ден соолугунун абалы тууралуу медициналык картасын жана 3Х4 өлчөмүндөгү сүрөтүн мектепке алып барып тапшырышы керек. Бул документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 5-сентябрь».
Ал эми адис белгилегендей, жеңилдиги бар ата-эненин балдарын, мисалы, аскер кызматкерлери, кайрылман статусунун ээлери жана ошол мектептин 1 жылдан кем эмес иштеген мугалимдери каттоо бир аз өзгөчөлүү жүргүзүлөт. Мисалы, жеңилдик менен катталганда ошол жеңилдикти тастыктаган документтер тиркелет. Аны 1 жума ичинде мектеп директору карап чыгышы керек. Ошондуктан, жаңы катталганда «катталды» (зарегистрирован) болуп чыгат, бул күтүү режиминде «кабыл алынды» (зачислен) болуп өзгөртүлөт. Же эгерде документтер туура келбесе анда «четке кагылды».
