Сейил, модель: «Модель болуу кыялым ишке ашты»
Модель, визажист катары ийгиликтерди багындырган Сейил ДЦП оорусунан жабыркаган кыз. Ал болгону 22 жашта. Идиректүү, зирек, аракетчил кыздын баяны көпчүлүктү шыктандырат деген ойдобуз.
“Өлүм менен өмүрдүн ортосунда төрөлүптүрмүн”
Мен үй-бүлөнүн тунумун. Бишкек шаарында төрөлүп-өстүм. Тилекке каршы, тубаса ДЦП оорусунан жабыркап келем. Өз алдымча баса албайм, бирок үй ичинде ходуноктун жардамы менен жүрө берем. Мени апам жети айлык кылып төрөптүр. Төрөт абдан кыйын өтүп, апам экөөбүз тең өлүм алдында жатыптырбыз. Кудайдын бир керемети болуп, дарыгерлер экөөбүздү тең аман алып калышыптыр. Ошентсе да ДЦП оорум тууралуу алты айыма чейин эч кандай белги болбоптур. Кийин таенем башымды кармай албаганымды, бутумдун учу менен турарымды байкап баштаптыр. Буга тынчсызданып доктурга алып барышса, врачтар баары жакшы экендигин айтып, “тубаса балерина турбайбы” деп ата-энемди тынчтандырып коюшуптур.
“Азаптуу балалыкта чоңойдум”
Биздин чакан үй-бүлөдө апам, таенем жана иним бар. Атам менин диагнозум тууралуу билгенден кийин үй-бүлөсүн таштап кеткен. Ушуга байланыштуу менин балалыгым абдан азаптуу өттү. Ата мээримине муктаж болчумун. “Эмнеге башкалардын атасы бар, меники жок” деп түшүнчү эмесмин. Алгач мамлекеттик мектепке окууга киргем. Бирок ал жактан мени эч ким кабыл албады. Кичинекей балдар шылдыңдап күлүшчү. Атүгүл мугалимдер да “майып болсо үйдө отурушу керек” дешти. Ошол себептен мектепке баргым келчү эмес. Кийин өзүмө окшогон балдар билим алган “Надежда” борборуна кирип, ошол жакта жатып окудум.
“Өзүмдү сүйүүгө үйрөндүм”
Буттарым кыйшык, арык деп көчөгө чыккандан тартынчумун. Күндөрдүн биринде ооруканадан Айпери аттуу кыз менен тааныштым. Ал менин жашоого болгон көз карашымды өзгөртүүмө себепчи болду. “Теңдик” деген өзгөчө адамдар үчүн уюмга барсам болорун айтты. Чынында, уюмдун психологиялык тренингдерине барып, өзүмдү ачтым десем болот. 14 жашымдан баштап модель болууну кыялданчумун, тилекке каршы, кастингдерге барганда коляскамды көрүп эле мени менен коштошушчу. Же “майып модель кайдан көрдүң эле?” дешчү ачык эле. Бирок мен болбой эле жылдыздуу саатым келерин күтө берчүмүн.
“Өзүмдүн ордумду таптым”
Ошентип, 2022-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар үчүн уюштурулган сулуулук сынагына катышып, биринчи орунду ээледим. Сынактан моделдик агенттиктин негиздөөчүсү Аскар Думанаевди жолуктуруп, андан профессионал модель катары көп нерсе үйрөнгүм келерин айттым. Аскар Думанаев макулдугун берип, бирге иштеше баштадык. Көп көргөзмөлөргө, фотосессияларга катыштык. Ошентип мен ордумду ушул агенттиктен таптым. Мен бул жакта өзүмдү башкалардан кем сезбейм, баарыбызга шарт бирдей. Бул жакка келип толук бойдон өзүмдү өзгөрттүм. Ал үчүн устатыма ыраазымын.
“Визажист болуу кыялым да ишке ашты”
Менин экинчи максатым - макияжды туура жасоону үйрөнүү эле. Бул жаатта Байнурдун чыгармачылыгын, эмгегин абдан баалачумун. Ал нөлдөн баштап үйрөтүү сынагын жарыялаганда визажист болгум келерин жазып, катыштым. Керемет болуп Байнур өзү мени байкады. Ошентип окуп, визажисттик дипломго ээ болдум. Тилекке каршы, салондордо иштөөгө мага ылайыктуу шарт болгон жок. Ошол себептен үйгө чакыруу менен кызмат көрсөтөм.
Жашоо тандоолордон турат экен, башкача айтканда, сиз кандай тандоо жасасаңыз, жашооңуз ошондой болот. Колуң жок, бутуң жок, баса албаган же бир өзгөчөлүгүң бар болуп, аны оңдой албасаң, анда кемчилигиңди артыкчылыкка айландырууга аракет кылыш керек.
