Марк Токтобаев: Өспүрүмдөрдү интернет сабаттуулугуна үйрөтүү замандын талабы
25 январь

Марк Токтобаев: Өспүрүмдөрдү интернет сабаттуулугуна үйрөтүү замандын талабы

Ойно жана ут, сонун белектер жана бонустар!” – дал ушундай сөздөр менен башталган онлайн билдирүүлөр жаштарды тез кызыктырат. Алдамчылар муну жакшы билишет. Ошондуктан дал ушул ыкманы тандап, өспүрүмдөрдүн ишенимине кирүүгө аракет кылышат. Себеби алар үчүн оюн – көңүл ачуучу каражат, ал эми алдамчылар үчүн – алдоо куралы. Кантип шылуундардын тузагына илинип калбай керек жана андан өспүрүмдөрдү коргоо тууралуу IT адиси Марк Токтобаев айтып берет.

 Эмне үчүн алдамчылар дал ушундай онлайн оюндарды жана бонустары бар сайттарды өспүрүмдөрдү алдоо үчүн тандашат? 

– Анын өзүнүн себеби бар. Анткени өспүрүмдөр негизинен ошол жерлерде көп убакыт өткөрүшөт. Алар киберчабуулдарга кабылышы мүмкүн жана көп учурда ишенчээк болушат. Шылуундар ошондон пайдаланып, жаш өспүрүмдөрдү тузагына илет. Көп жагдайда өспүрүмдөр алдамчыларга ишенип, жеке же башка маалыматтары менен бөлүшүп коюушу мүмкүн. Анын натыйжасы жаман кесепеттерге алып келет. Ошондуктан өспүрүмдөр арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин алып баруу керек. Ата-эне, мугалим, же башка жакындары болобу аларга интернетти коопсуз колдонуу эрежелерин үйрөтүү керек. Ар кандай шектүү жана кооптуу оюндарды, тайпаларды колдонууда этият болуу керектиги түшүндүрүлүшү керек. Ал нерсенин кесепети менен күрөшкөндүн ордуна, алдын алуу жакшы. 

  Кантип шектүү сайтты же сунушту танууга болот? 

– Шектүү же күмөндүү сайттын белгилерин нече бир бөлүккө бөлүп карасак болот. Алар:

  • Биринчиси – бул өтө көп жарнамалар жана калкып чыгуучу терезелер.
  • Экинчиси – сапатсыз, кызыктай дизайн. 
  • Үчүнчүсү – банктык картаңыздын сырсөзүн же эсебин киргизүүнү талап кылат. 

Мына ушундай күмөндүү белгилерди байкасаңыз, демек бул сайттар шылуундар тарабынан атайын пайда табуу максатында иштелип чыккан болушу мүмкүн. 

 Эмнеге белгисиз сайттарга банк картасынын маалыматтарын киргизүү кооптуу болуп эсептелет.

– Мында бир гана белгисиз сайттарга банк картасынын маалыматтарын киргизүү эмес, дегеле тааныбаган адамдарга берүү болбостугун түшүнүү керек. Анткени алар сиздин макулдугуңузсуз акчаңызды чыгарып алышы мүмкүн. Андан тышкары, картаңызды башка алдамчыларга сатып кетиши толук ыктымал. Анан да сиздин атыңыздын банктан көп суммада насыя алышы мүмкүн. 

 Кантип сайттын же оюн платформасынын расмий жана коопсуз экенин текшерүүгө болот? 

– Ар бир сайттын өзүнүн коопсуз белгиси болот. Мисалы, HTTPS. Сайттын туура жазылган домени, жакшы рейтинги жана оң пикирлери сыяктуу дегендей. Ошондой эле сайттын байланыш дареги барбы, социалдык тармактарда фирманын баракчасы барбы, колдонулган тил, грамматикалык каталар барбы – булар да көп нерседен кабар берет. 

Сайт аркылуу төлөмдөрдү жасардан мурун төлөө ыкмасы кандай экенин караңыз – карта менен, PayPal менен же башка ыкмалар менен коопсуздугу канчалык экенин бааласаңыз болот.

 Интернетте акча жоготпош үчүн өспүрүмдөр кандай сактык чараларын көрүшү керек? 

– Азыркы учурда шылуундар интернет аркылуу адамдарды алдоонун ар кандай амалдарын колдонууда. Алардын тузагына бир гана өспүрүмдөр эмес, чоңдор да илинип калат. Интернетте акча жоготпоонун чаралары жөнөкөй эле. Ал үчүн белгисиз шилтемелерди баспаңыз, картаңыздын маалыматтарын эч ким менен бөлүшпөңүз. Ар кандай тиркеме, программа жана оюндарды расмий платформалардын гана жүктөңүз. 

 Онлайн оюндар аркылуу өспүрүмдөрдүн алдамчылыкка кабылышы канчалык көп кездешет? 

– Тилекке каршы, сиз айтып жаткан учурлар абдан эле көп кездешет. Өспүрүмдөр фейк аккаунттарга, шектүү шилтемелерге алданып калышат. Качан гана акчасын алдырып, же дагы башка нерселер болгондо гана алданып калгандыгын сезишет, бирок ал учурда кеч болот. Ошондуктан өспүрүмдөрдү интернет сабаттуулугуна үйрөтүү азыркы заман үчүн өтө маанилүү. Аларга маалыматты критикалык баалоону да үйрөттүү керек деп ойлойм.