Догдуркүл Кендирбаева: Коомдук аң сезим жетпесе, анда мугалимдердин кадырын мыйзам чегинде көтөрүүнү колго алабыз
Бүгүнкү күндө мугалимдердин коом алдындагы кадыр-баркын көтөрүү үчүн кандай аракеттер талап кылынат? Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Караван-Инфо” менен болгон маегинде айтып берди.
– Биздин билим берүү системабыз кыздардын лидердик сапатын калыптандырууга канчалык деңгээлде багытталган?
– Кыздарда лидердик сапатты калыптандырууда биринчи кезекте ата-эненин ага болгон ишеними, мамилеси чоң таасирин берет. Бизде, патриархалдык үй-бүлөдө көп учурда өтө чоң социалдык чектөөлөр бар. Ошол эле – “Тай туйлап такка чыкмак беле”, “Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык”, “Кызга кырк үйдөн тыюу”. Бирок бүгүнкү илимий – техникалык прогресстин өсүшү бул нормаларды такыр жокко чыгарып койду. Эң биринчи, баланын туура калыптанышы үчүн 6 жашына чейин үй-бүлөдө чоң мүмкүнчүлүк берүүчү, шыктандыруучу чөйрө түзүлүшү керек. “Сенин колуңдан келет”, “Сен сөзсүз үлгүрөсүң”, “Сен ийгиликке жетесиң” деген сөздөрдү чын дилден айтуу зарыл.
Өтө таң калыштуу нерсе, мен эл менен көптөгөң эксперименттерди жасап иштеп жүргөнүмдө “Ким каалайсыз: уулбу же кызбы?” – деген суроо берчүбүз, ошондо көбү “Жараткан кыз берсе экен” деген тилегин билдиришчү. Эмнеге десең, “Кыз сезимтал болот, бизге абдан жакшы мамиле жасайт”, - деп жооп беришчү. А эркек балдарды “тукум улайт, бизди багат” деп айтышат. Бирок коомдук прогресстин, коомдук эрежелердин, алдыңкы технологиялардын өнүгүшү аял менен эркектин ортосундагы социалдык айырмачылыкты жок кылууга алып келатат. Мисалы, үйдө кир жуумай, тамак жасамай мурда аялдын гана милдети болсо, азыр социалдык роботтордун жардамы менен эркек деле кир жууп, тамак даярдай алат. Башкача айтканда, кыз менен бала төрөлгөндөн баштап, алардын мүмкүнчүлүгүн чектебей, экөөнө тең бирдей шарт түзүүгө ата-эне өзгөчө көңүл бурууга тийиш.
– Мугалим дайыма өлкөнүн, өз коомунун лидери катары түшүнүк жаратып келген. Бирок бүгүнкү күндө коомчулукта мугалим окуучулардын, ата-энелердин сыйынан ажырап калды деген көз караш жаралууда. Сиз буга макулсузбу? Министрлик мугалимдерге болгон сый-урматты кайтарууга кандай аракет жасоодо?
– Бир классты башкарган адам бир системаны башкара алат. Анткени, класста отурган 40 баланы башкаруу оңой иш эмес. Алар ар түрдүү болушат: бири тез кабыл алат, бири эрке, бири үй-бүлөдө жалгыз бала, бири мүмкүнчүлүгү чектелген бала. Ошонун баарын бириктирип бирдей билим берүү баарынын эле колунан келбейт. Муну практика тастыктаган. Чыдай албай, иштей албай кеткендер да бар. Кыргызстандагы эң оор жумуш – бул билим берүү. Дүйнөдөгү эң оор жумуш – бул мугалим болуу. Мугалим күн сайын өсүп, өнүгүп турушу керек. 30 жыл сабак берсе да, 30 жыл бою ар бир темага өзүнчө даярданат. Ошондуктан мен мугалим – кесиптештеримди бүгүнкү күндө ар бири өзүнчө лидер деп айтаар элем. Билим берүү системасынын түндүгүн түшүрбөй келаткан – бул аялзаты. Агартуу тармагынын дээрлик 86 пайызы аялдардан турат.
Бүгүнкү күндө коом, анын ичинде ММКлар мыкты аял лидерлерди – мугалимдерди алып чыгып, алардын жаратмандык иштерин элге жарыялай турган жерде. Бул жаатта өтө көп иштешибиз керек.
Азыр рыноктук коомдо, көпчүлүк учурда, адамдын жалган баалуулугун жаратуудагы терс көз караштарга учурап жатабыз. Жакында эле бир мугалимибиз мектепте сабак өтүп жатканда окуучунун энеси кирип, агрессиялык басым көрсөтүп, ыйлаганга чейин жеткирди. Бул чектен чыккандык жана өзүм билемдик болуп саналат. Хирург операция жасап жатканда эч ким кирип, акыл үйрөтпөйт, антүүгө акысы жок. Ошол сыяктуу эле мугалим класста сабак өтүп жатканда, кирип процессти токтотууга эч кимдин акысы жок. Болбосо класстагы сабак берүүнүн эрежеси, касиети жоголот. Ошондуктан, мындан ары ары мугалимдерге катуу агрессия, маскара, шылдың жана басым көрсөтүүнү чектөө максатында КР Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизип, медицина, ошондой эле билим берүү тармагынын кызматкерлерине болгон жат көрүнүштөргө жазаны катаалдантууга аракеттенип жатабыз. Эгерде коомдук аң сезим жетпесе, анда биз мугалимдердин кадырын мыйзам чегинде жогорулатууну колго алышыбыз керек.
– Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасы лидерлик сапаттарды өнүктүрүүнү камтыйбы?
– Мен дайыма айтам, бала мугалимди кайсы бир предметтен сабак берген окутуучу катары эмес, инсан катары кабыл алат. Бирок кайсы мугалим жандүйнөсүн ачып, балага багытталган сабак жүргүзсө, бала аны ээрчип кетет. Ошондуктан кокустан мугалим болуп келбеш керек. Бүгүнкү күндө мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жалпы эле билим берүү системасын модернизациялоо үчүн “Алтын Казык” программасын кабыл алдык. Биринчи кезекте мугалимдер кайсы жерде иштебесин, бирдей маалыматтык-технологияга ээ болушу керек. Алардын иши текшерүүчүлөр үчүн эмес, балдарга арналууга тийиш. Бюрократияны жокко чыгаруу максатында биз жасалма интеллекти пайдаланып жатабыз.
Мугалимдер беш жылда бир 72 сааттык кесиптик квалификациясын жогорулатуу курсун өтчү. А азыр кайдан? Ар беш мүнөт сайын маалыматтык-технологиялар өзгөрүп жатат. Ошондуктан, азыр мугалимдер үчүн “Мугалимдер лидерлиги” порталын түзүп жатабыз жана ал жерге мектеп директору, завучу болууга бүтүндөй керектүү материалдарды илип коебуз. Аны окуп каалаган жерге директор же завуч болуп баруу өзүнүн тандоосу, өнүгүшүнө жараша болушу шарт.
Ошондой эле, кадрлар резервин түзөлү деп турабыз. Андан тышкары азырынча 24 миң мугалимге “Алтын Казык” ноутбугун даярдап жатабыз. Бул биринчи жолку атамекендик сенсациялык өндүрүш. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында иштелип чыкты. Биз анда аялдардын физикалык өзгөчөлүгүн эске алдык. Мен “мугалимдердин 86 пайызы аялдар, көтөрүүгө жеңил болсун, эң башкысы көздөрүнө өтө зыяндуу эмес нурлар болсун”, - деп айтып жаттым. Андан тышкары жөн эле ноутбукту берип койбой, аны мугалимге керектүү санарип китеп, санарип ыкма, 3Д моделдер, өзүн өзү өнүктүрүү курстары менен толтуруп жатабыз. Айтор, ар бир мугалим үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүдөбүз.
Биз, энелер, балдардын келечегине кам көрбөсөк, ким кам көрөт, азыр кам көрүүнү баштабасак, качан башталат деген ой менен дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн жаңы технологияларын Кыргызстандыкы менен айкалыштырып, 24 миң мугалимди так илимдер боюнча жаңы технологияларга туташ окутуп жатабыз. Бул – STEM адистиги. Анткени, аялдар дагы STEM адистигине келиши керек. Бул адистик бүгүнкү күндөгү заман талабын, жашоо коопсуздугун канчалык деңгээлде камсыздап берүүдө. Климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк, экологиялык коопсуздукта, ар кандай конфликттерде негизги жүк көтөрүүчү аял болууда. Алардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн биринчи кыздарды илимге тартууну ойлонуштуруп, баарына бирдей шарт түзүп берели деп жатабыз. Мына, ковидден кийин көрдүк: мугалим да аялзаты, дарыгер да аялзаты, ашпозчу да аялзаты. Ал турмак үйдө оорулууну карап отургандардын баары аялдар болду. Ошондуктан ар бир илимдин, ошол эле жасалма интеллектин өнүгүшү аялзатынын андан ары өсүшүнө түрткү берет. Коом бүгүнкү күндө абдан инклюзивдүү, сезимтал болууга тийиш. Айрыкча, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, алардын ата-энесине шарт түзүү жаатында, аларды жалпы билим берүү системасына камтуу үчүн көп иштерди аткарып жатабыз. Жакында онлайн-мектебин ачуу алдында турабыз, учурда ал Министрлер Кабинетинин кароосунда. Санариптик мектептен балдар ден соолугуна, айылда же шаарда жашаарына карабай өлкөдөгү эң алдыңкы мугалимдерден сабак ала алат.
Ошондой эле бүтүндөй билим берүү стандарттарын кайрадан карап чыгуудабыз. Мурда стандарт ушунчалык юридикалык, илимий тил менен жазылгандыктан, мугалим катары мага да оор болчу. А азыр анын баарын алып салдык, балдарга да, ата-энеге да жеткиликтүү болсун, предметтик жана мамлекеттик билим берүү системасы бирдей деңгээлде кабыл алынышы керек деп жатабыз. Анын өзөктүк маселесинде гендердик тема орун алган. Эмне үчүн? Анткени, азыр кайсы окуу китебин ачып карабагын, дагы деле балдарды менин энем саанчы деп окутуп жатабыз. Ковид маалында вакцина издедик, чоң акчага сатып алдык. Вакцина ойлоп тапкандар эң бай адамдарга айланышты. Асель Сартпаева аттуу жараныбыз вакцинаны алып жүрүү үчүн силикондук капсуланы ойлоп тапты. Биз эмнеге азыркы замандын шарына жараша жаратмандык көрсөтүп жаткандарды айтпайбыз? Менин энем программист десек болбойбу? Балдарга жаңы багытка умтулууга түрткү болушубуз керек да. Так ушундай максаттардан улам биздин программа “Алтын Казык” деп аталды. Бул жылдыз жолоочуга жол көрсөткөн, айрыкча көчмөн кыргыз элине компастын милдетин аткарган. Алтын Казык бир ордунан жылбайт, анын тегерегинде жылдыздар айланышат. Биздин дагы баалуулугубуз бала, биз – мугалимдер , ата-эне, коом анын тегерегинде билимге багыт берип айланышыбыз керек. Өлкөнүн келечеги билимдүү жана конфликтке барбаган муундун колунда.
