Айдай Иманкулова, Аутисттик спектрдин бузулушу (РАС) бар кыздын апасы: Америкада чынында ар бир бала билим алууга укуктуу
Аутисттик спектрдин бузулушу бар кыздын апасы “Караван-Инфого” Америкага жер которушу жана өзгөчө баланын мектепке кабыл алынышы тууралуу айтып берди.
– Айдай, Рабига менен Америкага кантип барып калдыңыздар?
– Рабига экөөбүз 2024-жылдын июнь айынын аягында Америкага көчүп келдик. Ага чейин мен Грин Карт лотереясын утуп алгам, ошентип виза алып, АКШга жол ачылды. Бир убактарда мага бир адис айтты эле – Рабиганы орточо оордуктагы аутизм деп – бул диагносту эске алуу менен кызымды өнүктүрүү үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү издеп жүрдүм. Биздин өлкөдөн деле изденип, анын билим алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түздүм. Бирок Рабига чоңойуп жатат, азыр ал өспүрүм кыз, а биздин өлкөдө РАС диагноздуу адамдар улам чоңойгон сайын мүмкүнчүлүктөр азая берет, мунун үстүндө иштей турган көп нерсе бар. Ошондуктан мен кайсы бир жаңы жолдорду байкаштырып көрүүнү чечтим, кызым анын жардамы менен бир топ бакыбат чөйрөдө билим берүү кызматтарын ала алат.
– АКШга баргандан кийин Рабигага ылайыктуу мектепти көпкө издедиңизби?
– Бул жерде жаңы келген иммигранттарга берилчү бардык документтерди алгандан кийин мен гууглдан Түндүк Каролинанын Дарем шаарындагы мамлекеттик мектептерди карай баштадым. Анткени ошол шаарга жайгашканбыз. Америкада мамлекеттик мектептер өнүгүүсүндө ар кандай өзгөчөлүктөрү бар балдарды кабыл алаарын билчүмүн, жашаган жерибизге жакын мектепти тандоо керек болгондуктан, бизге азыр Рабига барып жаткан мектеп туура келди. Ал Энергия жана Туруктуулуктун Түштүк Башкы Мектеби деп аталат.
– Мектептин билим берүү системасы биздикинен айырмаланат бекен?
– Ооба, мында бала 12 жыл бою бир эле мектепке барат деген нерсе жок. Америкада башталгыч, орто жана чоң класстар мектеби – бул ар башка локацияда жайгашкан ар башка окуу мекемелери. Чоң класстардын мектебине 9-класстан 12-класска чейинкилер барышат, Рабига дагы курагына ылайык чоң класстардын мектебинде окушу керек.
Мен шаарыбыздагы мамлекеттик мектептердин вебсайтына арыз таштадым. Ал жерге жашаган жердин индексин киргизесиң, анан районуңа караган мектеп чыгат. Районуңа туура келбеген мектепке кабыл алынуу кыйын. Бир гана чертердик деп аталган мектептерге гана болот, булар мамлекеттик өзгөчө мектептер, аларда академиялык жылдын жеке календары бар, бирок ага лотерея аркылуу гана кабыл алына аласың. Мен районубуз боюнча мектепке тапшырып, андан ары кандай болоорун көрөйүн дедим.
– Мектептин жообун көпкө күттүңүздөрбү?
– Эки жумадан кийин мектептен кат алдым, алар Рабиганын эмдөө картасын жана өткөн жылдагы мектептеги бааларын жөнөтүүнү сураныптыр. Эмдөө картасын жөнөттүм, а мектептеги баалар бизде жок болчу, анткени Кыргызстанда акыркы жылы Рабига мектепке барган эмес, ошондуктан атайын мектептеги бааларды, тактап айтканда, 8-классты аяктагандан соң берген тастыктаманы жөнөтүп, мындагы баалар формалдуу экенин, анткени акыркы үч жылда бул мектепке дээрлик барбаганыбызды түшүндүрдүм.
Ага чейин АКШда бардык мектептер бардык балдарды, ал турмак легалсыз келгендердин балдарын дагы кабыл алаарын уккам, анткени ар бир бала билим алууга укуктуу, бул жакта чынында ошондой экен. Майыптуулугу бар жарандар үчүн мыйзам бул жакта 1990-жылы кабыл алынган жана мамлекет өзгөчө өнүгүүсү бар ар бир баланын билимге болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоого аракеттенет.
Дагы үч жума өттү, бирок мени менен эч ким байланышкан жок, бир аз кабатыр ала баштадым, анткени, жаңы окуу жылынын башталышына 20 күн гана калган болчу. Ошондо биздин шаардагы мамлекеттик мектептердин вебсайтынан социалдык билим берүү боюнча (Exceptional Children Department) башкы аткаминер айымды таптым. Өзүмдү тааныштырып, арыз бергенимди, бирок так жооп ала албай жатканымды жазып, дагы кандай аракеттерди жасашым керектигин сурадым. Ал мага жооп берип, катты аталган мектепте жөнөтүптүр. Андан кийин эле биз катталчу мектептин атайын билим берүүсүнө жооп берген аял байланышка чыкты. Ал мага Рабиганын жөндөмүн жана керектөөлөрүн баалоо үчүн Evaluation тестирлөөдөн өтүшү керектигин түшүндүрдү. Бул АКШнын мектептериндеги өзгөчө өнүгүүсү бар балдар үчүн стандарттуу процедура. Ал аркылуу балага ылайыктуу билим берүү планы иштелип чыгат (Individualized Education Program).
Андан кийин мектептен толтура турган формалар бар кат алдым, анткени, Рабига тууралуу бардык маалыматтарды айтып бере ала турчу жалгыз адам мен болчумун. Ачыгын айтканда, өмүрүмдө эч убакта кызымдын өзгөчө өнүгүүсү тууралуу мынчалык терең ойлонуп көрбөптүрмүн. Суроолор абдан кеңири жана деталдуу болчу. Тезирээк жазып бүтөйүн деп түнү бою отурдум. Жалпы төрт документ болду. Эртеси эртең менен анын баарын мектеп психологуна жөнөттүм, анан тез аткарганыма таң калдым. Психолог да кийинчерээк мага практикасында биринчи жолу мендей жоопкерчиликтүү ата-энеге туш болгонун айтты. Бир жумадан соң бизди мектепке бетме бет тестирлөөгө чакырышты.
– Рабига мектепке бараарын кандай кабыл алды жана тестирлөө кандай өттү?
– Бир күн мурда Рабигага эртең мектепке бараарыбызды айттым. Кыязы, бул жаңылык аны толкундантты окшойт, түнү бою уктай албай чыкты. Ага кошулуп мен да уктабадым.
Ал убакта окуу жылы баштала элек болчу, мектеп бош экен. Бизди улуу курактагы, шорта, футболка жана крассовки кийген аял тосуп чыкты, бул мага адаттан тыш сезилди, анткени Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин, Психиатрия жана наркология республикалык борборунун ар кайсы комиссияларындагы адистерине барганыбыздагы көрүнүш такыр башка болчу. Ал аял Даремдеги мамлекеттик мектептерди көзөмөлдөгөн психолог экен. Кабинетинде абдан көп альбомдор, картинкалар илинип турат. Рабига менен башында испан тилинде сүйлөшүп жатты, бул жакта көп мектептерде мугалимдер испан тилинде сүйлөшөт, анткени Америкада испан тилдүү калк басымдуулук кылат. Андан соң кечирим сурап, англис тилине өттү жана Рабигага ар кандай картиналарды көрсөтүп, эмнени көргөнүн же кайсы бир картинаны көрсөтүшүн же кайсы биринин ордун алмаштыруусун суранды.
Мен психологдун инструкциясын Рабигага которуп берип жаттым, өзүмө да кызым кантип жооп берээри кызыктуу болду. Кызыгы, Рабига баарына англис тилинде жооп берди. Мектеп психологу дагы таң калып: “Мага бала англис тилинде сүйлөй албайт деп айтышкан болчу”, - деди. Рабиганы 8 жыл мурда биздин эксперименталдык “Колго кол” долбоорунун алкагында англис тилине үйрөткөм. Көрсө, Рабига биз үйрөнгөн нерселердин баарын эсинде сактап калыптыр, ал турмак «plumber» (сантехник) же «climbing” («залезать на гору, дерево») деген сөздөрдү дагы.
Тестирлөө 3 саатка созулду. Буга чейин кызым мынчалык узак тестирлөөдө болгон эмес эле. Таң калыштуусу, Рабига түнү уктабай чыкканына карабай, баарына чыдады. Психолог абдан ыраазы болуп, “кимдир бирөө бул жылдарда Рабига менен абдан жакшы иштептир” деп белгилеп, мага көзүн кысып койду.
Мектептен чыгып баратканыбызда бизди кайрадан эркек-психолог тосуп алды, аны менен алдын ала онлайн түрдө жазышкан болчумун. Ал мага кол койгонго бир форма берип, анан үйгө жеткирип коюуну сунуштады. “Класс! Таксиге кетчү акчаны үнөмдөп калат экенбиз”, - деп ойлоп макул болдум. Андай чоң машинаны мен ага чейин көргөн эмес элем. Кыязы, кебетемден таң калганымды байкады окшойт, психолог: “Ооба, менин машинам абдан чоң, анткени мен чоңмун, өспүрүм уулдарым менден өткөн чоң”, - деди.
– Жыйынтыгында эмне болду?
– Эки жумадан кийин бизди аудиолог, дефектолог, эрготерапевт курамына кирген адистердин тобу менен тестирлөөдөн өтүүгө чакырышты. Кабинетте беш адам отуруптур, тестирлөө биринчи жолкудан да узакка созулду. Орус тилинен онлайн-котормочу дайындашыптыр, анткени логопед-дефектолог мен эмес, башка адам которуп беришин суранды, бирок бул ишке ашкан жок, Рабига анын комрьютерден чыккан үнүнө реакция кылбай койду, анын үстүнө ал котормочу туура эмес которуп да жатты. Төрт саатка созулган тестирлөөдө бир гана жолу тыныгуу болду. Андан тышкары эрготерапевт Рабига коммуникация үчүн планшет колдоно алабы – аны байкаштырды, деги эле бардык тараптан көз салышты – кантип ручка кармайт, кантип отурат, канча сөздөн сүйлөм курай алат ж.б.
Тестирлөөнүн бардык процесси толук акысыз болду, адистердин ишин штат төлөйт, анан бул үчүн АКШда тастыкталган медициналык диагноздун кереги жок.
