Мамлекеттик кепилдендирүү программасы: 18 жашка чейинки балдарга кандай медициналык тейлөөлөр акысыз жүргүзүлөт?
Кыргызстанда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын негизинде 18 жашка чыга элек балдардын көзүн акысыз текшертүүгө болот. Бирок аны билген жарандар аз. Ошондуктан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй башкармалыгынын сапат экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Асанова “Биринчи радионун” эфиринде бул боюнча маалымат берди.
“Баланын көзүнүн көрүүсүн акысыз текшертүү үчүн ата-эне жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, эгер аймактарда болсо жалпы практикадагы дарыгерлер борборуна кайрылышы керек. Ошол медициналык мекемелерде өзүнүн окулисти бар жана ал үй-бүлөлүк дарыгердин багыттамасы менен баланы текшерүүгө алат. Мамлекеттик кепилдендирүү программасына ылайык, жарандын камсыздандыруу статусу кандай экенине карабай, бир гана шарт – поликлиникага каттоого турган болсо, акысыз тапшырууга мүмкүн болгон базалык лабораториялык изилдөөлөр бар. Алар: кандын жалпы анализи, электрокардиограмма, какырыкты изилдөө, кандагы глюкозанын деңгээлин аныктоо, холестерин, ошол эле көздүн көрүүсүн аныктоо ж.б. болуп 12 изилдөө бар. Анын арасында кош бойлуу аялдарга керектүү изилдөөлөр да кошулган.
Азыр балдар гаджеттер менен көп убактысын өткөрүп калгандыктан, көз көрүүсүндө маселелер жаралууда. Мындан улам 18 жашка чейинки балдарды акысыз көзүн текшерүү базага киргизилди”, – деди Жылдыз Асанова.
Айтымында, окулист балдарды татаал эмес текшерүүдөн өткөрөт, мисалы, 12 катар тамгаларды – чоң тамгалар, улам кийинкиси кичине өлчөмдө болуп баштайт – айттыруу менен алардын көрүүсүнүн курчтугу канчалык деңгээлде экени аныкталат. Жыйынтыкка жараша, окулист коррекциялык көз айнек жазат, а эгерде кандайдыр бир патология аныкталса, ошол эле окулист кошумча изилдөөлөргө жөнөтөт жана андан ары бейтапты көзөмөлүнө алат.
Ошондой эле, Жылдыз Асанова белгилегендей, учурда поликлиникалар кайрылган жарандарды электрондук кезек менен кабыл алып калышкан. Ошондуктан, баласын текшерүүгө алып жөнөгөн ата-эне алдын ала электрондук түрдө кезекке туруп, ошол убактысы боюнча барууну унутпашы керек.
“Үй-бүлөлүк дарыгер балага кошумча изилдөөлөр жана адистешкен дарыгерлердин консультациясы керек болсо, ал жакка багыттама жана көрсөтмө менен жөнөтөт. Бул эки кагаз колунда бар болгон жаран, эгерде ал өтчү изилдөө Мамлекеттик кепилдендирүү программасынын тизмесинде бар болсо, текшерүүлөрдүн баарынан акысыз өтө алат. Камсыздандырылган жарандар үчүн кошумча 43 пакет бар, алардын баары врачтын багыттамасы болгон учурда акысыз. Ал эми мектеп курагындагы балдар камсыздандыруучуларга кирет”, – деп белгиледи.
Жашаган жери боюнча поликлиникада каттоодо турбаган жана камсыздандыруусу жок жаран кокус өмүрүнө коркунуч туудурган оор абалга кириптер болуп калса, кайра кайрылуусу керек? Бул суроого бөлүм башчы мындай учурда дарыгерлер шашылыш жардам көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтып жооп берди. Ал белгилегендей, жаранга шашылыш медициналык жардам көрсөтүлүп, ден соолугу бир топ коопсуз абалга жеткирилгенден кийин гана анын камсыздандыруу статусуна көңүл бурулат жана ага жараша дарылоо дайындалат.
Ал эми 18 жашка чейинки балдарга акысыз көрсөтүлүүчү медициналык тейлөөлөр тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
“Мамлекеттик кепилдендирүү программасынын негизинде 18 жашка чейинки балдарга бир катар медициналык текшерүүлөр акысыз болот. Бирок көпчүлүк жарандар укугун биле беришпейт жана акысыз медициналык тейлөөлөрдөн кабары жок. А мамлекеттик кепилдендирүүдө баары жазылган.
Биринчи базалык пакет – 1 жашка чейинки балдар үчүн – дарыгерлердин үйлөргө каттоосу, консультация, физикалык өнүгүүсүн календардык өзгөрүүгө карата байкоо, эгерде зарыл болсо адистешкен дарыгерлердин консультациясы, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр акысыз.
Экинчи базалык пакет – 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн – консультация берүү, физикалык-психологиялык өнүгүүсүн байкоо, иммунизация, темир жетишсиздигинен жаралган анемия скрининги, адистешкен дарыгерлердин консультациясы.
Үчүнчү базалык пакет – 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн – жогоруда айтылгандар кирет, ага кошумча флюорография, психологиялык жактан өзгөрүүнүн скрининги, тынчсыздануу-бузулуулар, депрессиянын аныкталышы, өзүнө кол салуу тобокелчилигин баалоо, психоактивдүү заттарды колдонушуна скрининг.
Бул изилдөөлөр акысыз болушу үчүн жашаган жери боюнча каттоого туруу милдеттүү эмес. Бизде жашаган жерин тез-тез алмаштырган жарандар бар, мисалы, Бишкектин эле бир районунан экинчи районуна көчүшөт. Андай учурда ошол жашаган жерине жакын болгон поликлиникага каттоого туруп коюу жетиштүү. Ал үчүн бала тууралуу айтсак, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, адамдын өмүрүндө бир гана жолу берилүүчү идентификациялык номерин көрсөтүү жетиштүү”.
