Кубанычбек Талдыбеков: Жер төлөдө жашап жүрүп үйлүү болгон спортчу
Ысык-Көл аймагында жайы-кышы жер төлөдө жашап жүрүп, бийликтин көңүл буруусуна арзыган спортчу жигит азыр коомчулуктун көңүл чордонунда. Кубаныч жашоо-шарты татаал болсо да эч бир майышып турмуштун оор сыноосуна сынган эмес. Жетимдиктин азабын тарткан, көчөдө жүрүп такшалган, тарбияланган, калпагын башынан чечпеген жаш спортчу Кубанычбек Талдыбеков менен маектештик.
“Мен таштанды баламын”
Мен Ысык-Көлдөн болом. Кайсы учурда, кандай абалда жарык дүйнөгө келгенимди билбейм. Анткени мен таштанды баламын. Ата-эне мээрими, бир туугандык сезим дегенден алыс, жат чоңойдум. Мени көчө, коомчулук, турмуш, тагдыр, азап, көз жаш, кыял, үмүт такшалтып чоңойтту. Болжолдуу билгеним боюнча менден ата-энем баш тарткан экен. Туугандарынабы, же тааныштарынабы, айтор, тилим чыга электе таштап кетишкен экен. Ар кимдин колунда чоңоюптурмун. Ошол мени чоңойтту деген алыскы туугандарымды элес-булас билем. Кичинекей, алсыз экениме карабай жөжө, үндүк кайтартып талаага жиберишчү. Бир аз чоңоюп калганымда кой, торпогун кайтардым. “Ак-Кемедеги” Нургазыга заардуу кемпир каргап-шилеп урушуп, торпок кайтартат го. Ошол кадрды өзүмө окшоштура берем. Көп учурда бутум суу болуп, ачка, талаадан үшүп келер элем. Ошондо деле мага көңүл бурган эч ким болчу эмес.
“Балдар үйү бейиштей эле көрүнгөн...”
Эгерде жөжө, үндүктөр өлүп, саны кемип келе турган болсо, ал күнү бурчка туруп, ачка калат элем. Ачка, эски-уску нерсени үстүмө жаап, муздак бөлмөдө, сыз жерде жаткан учурларды азыр эстесем ошондогу кичинекей өзүмдү аяп кетем. "Эмнеге мага мындай катаал мамиле кылышат?" деген ой дайыма мээмден кетчү эмес. Ошондой күндөрдүн биринде ар кайсы жактан таштанды бала экенимди уга баштадым. Мен ал үйгө кара жумуш жасаганга, малайлыкка керек экенимди, эмне үчүн мага каардуу мамиле кылышканын ошондо түшүндүм да, үйдөн качып кеттим. Караколдогу базарга барып, өзүмө окшогон балдарга кошулуп ар кимден калган тамактардын калдыктарын жеп, кээде бирөөлөргө жардам берип, түнкүсүн суу түтүктөрү өткөн люкта жатып күн кечирип жүрдүм. Бир күнү милициялар рейд учурунда кармап кетишип, жетим экенибизди билип балдар үйүнө тапшырып беришкен. Мен жашаган азаптуу үйгө караганда көчө баласы болгон жеңил эле. Ал эми балдар үйүндө бекер тамак, окуу, таза шейшеп... бизге бейиштей эле көрүнгөн.
“Ата-энемди издеп көрдүм, бирок таппадым”
Уйкусу тынч, кийими бүтүн, маңдайында болушаары бар балдар бул жашоодо чындап бактылуу балдар деп айтар элем. Негизи балалыгымда жаңы кийим кийгеним деле эсимде жок. Ар ким боору ооруп алып келген эски-уску кийимдерди кийчүмүн. Кээси чоң болсо, кээси батпай калчу. Иши кылып үшүбөсөм болду эле. Биттеген, жуунбай жүдөгөн күндөрүм көп болгон. Азыр айтканга оңой болгону менен эң чоң азаптуу мезгилдерден өттүм. Тагдыр мени чоңойтту. Балдар үйүн деле "жакшы" деп айта албайм. Биз барганда чекеден сылаган эч ким болгон жок. Бирок ошол жерге ыраазымын. Мектепке киргизди, окутту. Ал жакта ич ара "дедовщина" күчтүү эле. Биз чоңойгуча эч ким аны токтото алган жок. Турмушу аксап, өзү өксүп турган балдар айла жок чыдашчу. Алдуулар алсыздарга үстөмдүк кылары эч кимге жашыруун деле эмес... Ал жактан да тажап эркиндикке качкан кездер болду. Көчө балдары кээси чекчү, ичкендер да болду. Мен "спортчу болом" деп жаман жолго барбай, келечектеги кыялдарымды айтсам алар каткыра күлүп шылдыңдашчу. "Куба, бул жөн гана кыялың. Биз жетимбиз. Кантип атактуу спортчу болосуң? Сени ким колдойт? " дешчү. Бирок мен өз алдымча машыгууну токтотпой келдим. Үйүм жок жетим болсом да менин үйүм - Мекеним, ата-энем - менин кыргыз элим, тирегим - улутум деп калпакты эч башымдан чечпейм деп өзүмө сөз бердим. Негизи эле бала кезимден бери зоот кийинген, курал-жаракчан баатырлар, ак сакалдуу карыя коштогон кайталанма түштү көп көрөм. Ата-тегим ким экенин билбесем да, мага Манас бабам аян берип жатат деп түшүнүп келем. Ата энемди издеп көрдүм, тилекке каршы, тапкан жокмун. Элим бар, ошого шүгүр дейм.
“13 кг медалым бар”
Көлдө балдар үйүндө жүрүп мектепти аяктап, Мекенди коргоо үчүн аскерге кеттим. 18 жашка чыккандан кийин балдар үйү чыгарып коёт эмеспи. Андан аркы жашооңду өзүң улантасың. Ошентип борборго келип курулушта жана башка көптөгөн жерлерде кара жумушта иштеп жүрүп, акыры Орусияга мигрант болуп кеттим. Ал жакта тамак жеткирүү кызматында иштедим. Спортту ал жактан да таштаган жокмун. Эс тартканы алыстыкка чуркоо боюнча ар кандай мелдештерге катыша баштадым. Жаратканым, Манас бабамдын руху колдоп көп ийгиликтерге жетип келе жатам. Азыр 13 кг медалым бар. Спорттун арты менен дүйнөгө атагы чыккан инсандар менен баарлаштым, алар мага дагы да алдыга жылууга дем-күч беришти.
“Жер төлөдөн батирге көчүргөн инсандарга ыраазымын!”
Кыргызстанга кайтып келгенимде туруктуу жумуш таба албадым. Бирде иш болот, бирде жок. Менин максатым жогорку окуу жайлардын биринде окуп билим алуу болду. Өзүмө ыңгайлуу жер төлө таап алып ошол жерде жашап келдим. Мен бала кезден андай жерде жашап көнүп калгам да. Меш куруп алып жайы-кышы ошол жерди болдум. Акыркы күндөрү кемсинткендер көп болуп намысыма тийди. Ошондо кайрылуу жасаганга туура келди. Менин кайрылуум коомчулукта чоң талкуу жаратты. Ар ким ар кандай пикир айтты. Кээси жаман ойлосо, көпчүлүк чын жүрөктөн колдоп жатты. Мени колдогон ар бир мекендешиме, Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө, Чолпон-Ата шаарынын мэрине жана башка бардык мага жардам берген инсандарга ыраазымын. Жер төлөдөн батирге көчүрүштү, мамлекет тарабынан үй берилет деп жатышат. Келечекте кыргыз элимдин желегин желбиретем, кызматымды дүйнөгө таанытам деген тилегим бар.
