Эркайым Сейтказиева, Жогорку Кеңештин депутаты: “Түшүнгөн, колдогон адамга жолугам деп ишенем”
31 май

Эркайым Сейтказиева, Жогорку Кеңештин депутаты: “Түшүнгөн, колдогон адамга жолугам деп ишенем”

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште депутат айымдардын арасында эң жаш депутат  катары №25 шайлоо округунан шайланып келип, эл үчүн кызмат кылып жаткан Эркайым Сейитказиева аттуу эл өкүлү бар. Жаштардын арасынан суурулуп чыккан лидер айым кантип элдин алкоосуна татып, жогорку трибунага келип калганы, жеке жашоосу жөнүндө кызыктуу маек курдук. 

– Саламатсызбы Эркайым айым? ЖКда эң жаш депутат айым болосуз. Мындай ийгиликке жетүү үчүн кандай тепкичтерди басып өттүнуз?

– 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгы менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалгам. Ага чейин борбордук мамлекеттик органдарда иштеп жүргөндүктөн, жеринде иш алып баруу таптакыр башкача экенин түшүндүм. Мектептен, жогоркуу окуу жайдан андан аркысы кенже кызматтын тепкичтеринен  баштап ак эмгек менен көтөрүлгөндөрдүн катарына кирем десем болот.

– Көпчүлүк учурда райондун акими болуп эр мырзалар эмгектенишет го. Аял заты аким болгону кандай экен? 

– Чындыгында элдин жүгүн көтөрүп, сага ишеним артып жаткан ар бир карапайым калктын ишенимин актоо өтө чоң жоопкерчилик. Аким болгон күндөн тарта райондогу көптөгөн көйгөйлөр менен жакындан таанышып, аймактарды, айылдарды кыдырып, элдин жашоосун өз көзүм менен көрдүм. Элдин маселесин чечүүдө Жогорку Кеңешинин трибунасына барууну максат кылган элем. Элимдин колдоосу, ишеними менен минтип эл өкүлү болуп шайланып келдим. Буюрса, акырындан эл сураган жана өзүм күбө болгон маселе көйгөйлөрдү аткаруу бийлиги менен биргеликте чечүүгө аракет кылып жаткан учурум. 

– Жогорку Кеңешке депутат болуп өткөнүңуздү укканда кандай эмоция менен кабыл алдыңыз? Же мурда эле өтөөрүңүздү билдиңиз беле?

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтүп, №25 шайлоо округу боюнча жалпысынан 17 талапкер ат салыштык, алардын сегизи айымдар эле. 30-ноябрь күнү айым талапкерлердин арасынан биринчи орунга чыкканымды көргөндө көпкө чейин ишене албай жүрдүм. Чынында, эки-үч күнгө чейин бул жеңиштин жоопкерчилигин толук сезе алган жокмун.

– Негизки кандай кесиптин ээси болосуз? 

– Кесибим – инженер-жерге жайгаштыруучу (землеустроитель). 2015-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктагам. Турмушта маңдайыңа эмнени жазса ошону көрөсүң, эмнени буйруса ошого баш иесиң го. Чынын айтсам, бала кезде депутат болом деп кыялданчу эмесмин. Бардык эле балдар сыяктуу мугалим болууну каалачумун, кийинчерээк стюардесса болууну самачумун. Мектепти аяктаганда Кыргыз улуттук агрардык университетине бюджеттик орунга өтүп калып, ушул окуу жайды тандап калдым. Бирок бир да жолу тандаган багытыма өкүнгөн жокмун. Өз кесибимди абдан жакшы көрөм жана бүгүнкү күнгө чейин мен үчүн кызыктуу бойдон калууда. 

– Аял заты үчүн аялдык бакыт биринчи орундабы же карьерабы? 

–  Бул суроого бир тараптуу жооп берүү кыйын экен. Ар бир аялдын баалуулуктары, жашоого болгон көз карашы ар башка. Өзүм тууралуу айтсам, келечекте үй-бүлө менен жумушту тең алып кетүүгө аракет кылам. Бирок, азыркы учурда жолдошум жана балдарым жок болгондуктан, ишиме толук кандуу көңүл бурууга мүмкүнчүлүк бар. 

– Ар бир ийгиликтүү айымды колдоп, кеңеш берип турган артында тирөөчү бар болот го. Сиздин кеңешчиңиз, колдоочуңуз ким?

– Баарыбыз жараткандын алдындабыз, ар дайым бизди колдоп турган Алла таалабыз бар деп жаратканга ишенем. Мен карапайым үйдөн тарбия алган кызмын. Ар дайым  үй-бүлөм мен үчүн эң чоң таяныч. Апам, бир туугандарым дайыма кеңешин айтып, колдоосун көрсөтүп келишет. Жашоодогу кеңешчим менин апам. Ал эми атамдан кичинебизден айрылып калганбыз. 

– Эл өкүлүнүн балалыгы кандай өттү?

– Биз үч бир тууганбыз. Балалыгым Ысык-Ата районунун Станция Ивановка айылында өттү. Азыркы күндө ошол айылда апам жашайт. 1997-жылы атам Алым Сейтказиев инсульттан 35 жашында дүйнөдөн кайтканда мен болгону 5 жаштагы кезим экен. Апамдын аты Лариса Калманбетова 28 жашында жолдошунан ажыраптыр. Эне балдары үчүн баардык күч-аракетин жумшайт турбайбы. Апам мээнет менен балдарын эч нерседен кем кылбай, тарбия берип чоңойтту. Көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Ошого карабастан, апам жалгыз атабыздын жоктугун сездирбөөгө аракет кылып, чоң мээрим жана сүйүү берип ушул эрезеге жеткирди. Кээде  “Атам тирүү болгондо балдарынын ийгиликти көрүп кубанмак” деген ойлор келет. Бирок ушул күнүмө да шүгүр айтам. Ал эми балалыгымды ар дайым жылуу сезимдер менен эстейм. Эң башкысы атамдын ысымын татыктуу алып жүрсөм, элиме ак кызмат өтөсөм деген аруу тилегим бар. 

– Өсүп келе жаткан жаштарга, мектепти аяктап жаткан окуучуларга кандай кеп-кеңеш айтаар элеңиз?

– Мисалы мен мектепти жакшы аяктадым. Жогорку окуу жайга бюджеттик орунга өткөнүм үчүн мектебиме жана мугалимдериме өзгөчө ыраазычылык билдирем. Окуучулук кезде алган билимим жашоомдогу эң бекем фундамент болду десем жаңылышпайм. Азыркы жаштарга,  мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айтарым — өзүңөрдү өнүктүрүүдөн эч качан токтобогула. Ар бириңердин келечегиңер кең, мүмкүнчүлүгүңөр чоң. Эң негизгиси — эмгектенүүдөн коркпогула, ата-энеңердин жана мугалимдериңердин эмгегин баалай билгиле. Кандай кесипти тандабаңыздар, аны сүйүү менен аткарсаңыздар сөзсүз ийгиликке жетесиздер дээр элем. 
-    Турмушка чыгып, үй бүлө куруу планыңызда барбы?
-     Бүгүнкү күндө үй-бүлө куруу мен үчүн бир аз оор болотко деп ойлойм. Анткени мен эл кызматында жүрүп, өзүмдүн жолумду жана максатымды тандадым. Келечектеги жолдошум менин бул тандоомо кандай карайт — азырынча аны так билбейм. Эл үчүн кызмат кылууну, элдин үнүн угуп, маселелерин чечүүгө салым кошууну өзүмдүн милдетим катары көрөм. Бирок буюрган күнү баары өз орду менен болуп, түшүнгөн, колдогон адам жолугат деп ишенем.