Бишкек шаары жана Чүй облусунда ЖЧКны каттоо толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлөт
22 август

Бишкек шаары жана Чүй облусунда ЖЧКны каттоо толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлөт

2024-жылдын 27-августунан тартып Бишкек шаары жана Чүй облусунда ЖЧК түрүндөгү юридикалык жактарды каттоо толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлөт.

Онлайн каттоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жеткиликтүү (https://online.minjust.gov.kg/user)
Кагаз түрүндөгү арыздар кабыл алынбайт.

Юридикалык жактарды онлайн каттоонун ишке киргизилиши административдик процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлерди санариптик экономиканын шарттарында бизнести өнүктүрүүдөгү умтулуусун колдоого багытталган.

Онлайн каттоонун кандай артыкчылыктары бар?

  • - Каттоо процесси бир топ тезирээк жана ыңгайлуураак болот.
  • - Каттоо органынынын иштөө тартибине карабастан, юридикалык жакты каттоо үчүн кайсы убакта болбосун кайрылууга мүмкүнчүлүк бар.
  • - Каттоо органына баруунун зарылдыгы жоголот.