21 январь

Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан коргонуу союзун түзүү маселесин талкуулашууда

Акыркы жумаларда Жакынкы Чыгыштын жана Түштүк Азиянын эл аралык маалымат каражаттарында жана аналитикалык басылмаларында Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандын ортосунда үч тараптуу коргонуу союзун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Ага дипломатиялык булактарга жана эксперттик баалоолорго шилтеме жасалган публикациялар, ошондой эле коопсуздук жаатындагы консультациялар тууралуу айрым билдирүүлөр себеп болду.

Медиа мейкиндигинде бул формат шарттуу түрдө "ислам НАТОсу" деген аталышка ээ болду. Бирок мында сөз расмий альянс тууралуу эмес, мүмкүн болгон жамааттык коргонуу моделинин журналисттик белгиси жөнүндө болуп жатат.

Маалыматтарга караганда, Сауд Арабиясы менен Пакистан коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтык элементтерине ээ болушу мүмкүн. А Түркия кызматташтыктын кеңири форматына кошулууну караштырышы ыктымал.

Мындай жакындашуунун себептери системалуу мүнөзгө ээ жана аймактык жана глобалдык коопсуздук архитектурасынын өзгөрүшү менен байланыштуу. 

Эр-Рияд үчүн Йемендеги согуш жана Ирандын айланасындагы чыңалуунун күчөшү чечүүчү фактор болуп калды. Ушул жагдайда Американын коопсуздук кепилдиктеринин туруктуулугуна күмөн саноолор барган сайын көбөйүүдө.

Анкарада стратегиялык белгисиздик сезими да күчөдү. НАТОго мүчө болгонуна карабастан, Түркия иш жүзүндө экинчи деңгээлдеги өнөктөш абалына түшүп калды. Буга Сирия кризиси жана өлкөнүн F-35 программасынан чыгарылышы себеп болду.

Өз кезегинде Пакистан АКШ менен Индиянын стратегиялык жакындашуусуна көз салып турат. Мындай өнөктөштүк Түштүк Азиядагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртөт жана аны Исламабад өзүнүн коопсуздук системасына узак мөөнөттүү басым жасоочу фактор катары кабыл алууда.
Демек, Пакистандын кызматташтыктын жаңы форматтарына болгон кызыгуусу кырдаалдык эмес, структуралык мүнөзгө ээ.

Бул процесстердин жалпы фонуна дүйнөлүк коопсуздук системасынын туруксуздугу айланды. АКШнын президенти Дональд Трамптын катаал жана көп учурда алдын ала айтуу мүмкүн болбогон аракеттери бир катар мамлекеттердин лидерлеринде тышкы күч борборлоруна таянуу дайым эле туруктуулукту камсыз кыла бербейт деген ишенимди бекемдетиши мүмкүн.

Мындай тажрыйба стратегиялык автономияга умтулган өлкөлөр үчүн маанилүү сигнал болуп калды. 

Аталган союз иш жүзүнө ашса, бири-бирин толуктап турган ресурстарды бириктириши мүмкүн. Пакистандын ядролук статусу жана чыныгы согуштук тажрыйбасы бар. Түркия күчтүү армияга, өнүккөн аскердик-технологиялык секторго жана учкучсуз системаларга, ошондой эле НАТОнун стандарттарын практикалык көндүмүнө ээ. Сауд Арабиясы бул конфигурацияга финансылык жана энергетикалык кубаттуулукту, ошондой эле стратегиялык географиялык абалды кошот.

Бирок акыркы келишимге азырынча кол коюла элек, ал эми мүмкүн болгон биригүү параметрлери сүйлөшүүлөрдүн предмети бойдон калууда. Ошол эле учурда мындай союздун идеясынын өзү эле тышкы оюнчулардын, анын ичинде коңшу мамлекеттердин жана негизги аймактык актерлордун кооптонуусун жаратууда.

Жогоруда айтылгандардын баары болуп жаткан өзгөрүштөрдүн масштабын баса белгилейт. Ири мусулман өлкөлөрү биринчи жолу Батыш альянстарынын алкагынан тышкары, биринчи кезекте өз ресурстарына жана кызыкчылыктарына таянып, жамааттык коопсуздуктун жеке архитектурасын курууга аракет кылып жаткандай.

Кайрат Телеушев
Кайрат Телеушев саясат таануучу, "Гуров жана өнөктөштөр - Борбордук Азия" PR-компаниясынын башкы директору