Камчыбек Ташиевдин отставкасы Кыргызстандын жаңы башкаруу моделине өткөнүн кабарлайт
Камчыбек Ташиевдин отставкасын катардагы кадрдык чечим катары кароого болбойт. Акыркы жылдары өлкөнүн башкаруу архитектурасы иш жүзүндө бирдиктүү механизмдей иштеген саясий жана күч борборлорунун “тандем” моделине таянган.
Бүгүнкү күндө бул конфигурация трансформацияланды. Бул системанын башка стадияга – жамааттык конструкциядан бир топ персоналдаштырылган, негизги түйүнү саясий жоопкерчиликти бир түйүнгө бириктирген конструкцияга өткөнүн билдирет. Кыска мөөнөттүү горизонтто бул башкарууну жогорулатууга жөндөмдүү: ички карама каршылыктар, вертикалдын ичиндеги атаандаштык азаят. Бирок орто мөөнөттүү келечекте тобокелдиктер жаралат, анткени тең салмактуулукту кармап турган экинчи элемент жоголот, мындан удам коомчулуктун жана элитанын сын-пикири түздөн түз биринчи жүзгө багытталат.
Элиталык топторго таасир өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мындай чечимдер, адатта, күтүүлөрдү жана жүрүм-турум стратегияларын кайра бөлүштүрүү процессин баштайт: айрым акторлор лоялдуулук көрсөтүшөт, башкалары тыныгуу алышат, дагы бири альтернативдүү альянстарды түзө башташат. Бул жакынкы кризиске окшобойт, бирок дээрлик ар дайым ички динамиканын башталышын билдирет, бул кадрдык сигналдар жана медиа акцентинин өзгөрүшү аркылуу көрсөтүлөт.
Коомдук кабыл алуунун фактору да бир топ маанилүү. Коомдун ар кайсы сегменттери болуп өткөн окуяны ар кандай кабылдайт: бирөөлөр үчүн ал бийликтин бекемделишинин жана тартип орношунун символуна айланса, башкалар үчүн электоралдык циклдин алдындагы системадагы жашыруун чыңалуулардын индикатору катары көрүнөт. Кайсы трактовка басымдуулук кылат, бул бийликтин болуп өткөн окуяны ынандыра турган түшүндүрмөсүнө, күн тартибин так аныктоосуна жана социалдык-экономикалык кырдаалды көзөмөлдөй билүүсүнө жараша болот.
Шайлоо алдында саясий динамика сөзсүз түрдө шайлоо көз карашы аркылуу карала баштайт. Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн фонунда мындай маанилүү фигуранын кызматтан кетиши негизги фактордун маанисин кескин күчөтөт – бийликтин мамлекеттик аппаратты консолидациялоо жана күнүмдүк социалдык чыңалтуучу факторлорду: бааларды, энергия менен камсыздоону, транспортту, лицензиялоону жана бюрократиялык процедураларды көзөмөлдөө жөндөмдүүлүгү. Кыргызстанда дал ушундай "майда" маселелер көбүнчө масштабдуу саясий процесстердин катализатору болуп саналат. Буга байланыштуу биринчи планга эмоциялар жана ушактар эмес, институционалдык туруктуулук маселеси чыгат: система шайлоо алдындагы мезгилде тез арада турукташып, элитанын биримдигин сактап кала алабы.
