2 февраль

Бийликти күч менен алмаштыруунун жаңы технологиясы: Ирандын сабагы жана Борбор Азия  үчүн тобокелдиктер

Иран Ислам Республикасындагы окуяларга карап отуруп, өлкөнүн коопсуздук системасында бир катар катачылыктар кетирилгенин баамдабай коюуга болбойт. 

Кайсы бир жерде көңүл буруу жакшы болгон эмес, кайсы биринде кырдаал акырындык менен өнүгүп жүрүп отурган, а дагы бир жерде абалдардын дал келүүсү өз ролун аткарды. Бирок өткөн жылдагы окуя – Израил жана АКШ менен 12 күндүк согуштан кийин иран бийлиги кийинки чабуул көчөлөргө эмес, а мамлекеттин каржылык жана экономикалык негизине болоорун так түшүнүшү керек эле. Кырдаалды ичинен курчутуу жана масштабдуу башаламандыкты уюштуруу так ошол каржы тармагына хаос түзүү аркылуу оңой ишке ашат. Сырткы жана ички акторлордун бул жааттагы максаты ишке ашты.   

Мамлекеттин ичиндеги бардык башаламандыктар, кризистер жана революциялык кырдаалдар өкмөттүн катачылыгынан башталаарын тарых көрсөтүп турат. Иранда ушундай эле нерсе буга чейин, анын ичинде 1922-жылы да орун алган, бирок анда масштабы азыркыдай болгон эмес. Көрүнүп тургандай, андан өлкө сабак албаган, натыйжада кайрадан окшош сценарийлердин кайталанышына, бирок азыр татаалыраак жана технологиялык жактан өнүккөн формада туш болду.

Каршылыктын очогу базарларда – карапайым эл жана орто бизнес жайгашкан жерде башталганы мүнөздүү нерсе. Бул элдин капысынан эле чыга калуусу эмес. Мындай процесстер олуттуу каржылык колдоону жана координацияны талап кылат. Ушундай кырдаалдарды максаттуу түрдө курчуткан күчтөр бардыгы айгине болуп калды. Бул контекстте Ирандын аймагынан тышкары жайгашкан атайылаштырылган түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө көңүл буруу керек. Израилде, анын ичинде Тель-Авивде көп жылдан бери идеологиялык жактан шыктандырылган исламисттерди даярдаган ислам окуу борборлору бар. Кеп коңшу өлкөлөрдө иштөөгө багытталган жашыруун факультеттер тууралуу болууда: ага исламча ысымдар тандалат, киргизүүгө даярдашат, андан соң алар жылдар бою саясий жана коомдук чөйрөдө таасирге ээ болушат. Иран да ушул нерсеге тартылган жана менин көз карашымча, бул факторду жетиштүү баалай алышкан эмес. 

Тышкы саясий сигналдар да өзүнүн өзгөчө ролун ойноду. АКШ президенти каршылыктар башталып жаткан маалда колдоого алаарын жетиштүү түрдө кыйытты: “бек турууга, чыгууга жана күрөшүүгө” үндөп, жардам берүүнү убадалады. Бул так саясий ишарат каршылык көрсөткөн тараптын демине дем кошту. Ошол эле убакта курд факторун да жокко чыгарууга болбойт. Иранда курд калкынын саны көп, алар жүздөгөн жылдар бою жеке мамлекетин түптөөнү кыялданып келишет. 1946-жылы курд автомономиясы бир нече ай жашаган, ошол нерсе буларга бүгүнкү күнгө чейин орундалбай калган үмүттүн символу бойдон калды.  Курд калкын колдонуу, курал-жарак менен камсыздоо, каржылык жактан колдоо – мунун баары жалпы дестабилизациянын элементине айланды. 

Үчүнчү катализатор Пехлеви династиясынын фактору болду. АКШ менен Францияда жашаган шахтын урпактары ыңгайлуу учур келген сайын "кайтып келүү" маселесин көтөрүшөт. Чыңалуу күчөгөн сайын шахтын уулу Иранда "убактылуу тартип орнотууга" даяр экенин ачык эле билдирген. Мындай билдирүүлөр отко май тамызып, ички бөлүнүүнү күчөттү.

 Ошол эле учурда, Иран - бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгыштагы жана мусулман дүйнөсүндөгү негизги тең салмактуулук. Анын алсырашы же кыйрашы Израилдин аймактык гегемониясын орнотууга негиз болуп берет. Перс булуңуна америкалык "Авраам Линкольн" авианосеци келип, ага эсминецтер, жүздөгөн учактар жана сокку уруучу авиация кошулганы кокустук эмес. Катарда 50 миңге жакын америкалык аскер кызматкери топтолгон. Ошол эле учурда саясий кысым күчөп жатат: сенатор Тед Круз Иранды америкалык эрежелер боюнча ойноого мажбурлоо зарылдыгын – өзөктүк иштеп чыгуулардан жана баллистикалык ракеталардан баш тартууну ачык эле билдирди.

Бирок чыныгы максат мурдагыдай эле белгилүү – Ирандын жаратылыш ресурстары. Режимдин алмашуусу 1979-жылга чейин иштеген, өлкөнүн байлыгын тышкы күчтөр көзөмөлдөгөн моделге кайтып барууга жол ачмак. Так ошондуктан бүгүнкү күндө кырдаал өтө курч болуп турат. 

Аскердик эскалация сценарийин жокко чыгарууга болбойт. Бирок Ирандын олуттуу аскердик потенциалы – көп сандаган кургак күчтөрү, деңиз миналары, Перс булуңунда иштей ала турган торпедалык кайыктары бар экенин түшүнүү зарыл. Эгер согуш чыкса, дүйнөлүк мунайдын болжол менен 30 пайызы өтүүчү Ормуз кысыгы сөзсүз түрдө жабылат. Бул биринчи кезекте Кытайга, ал эми кеңири геосаясий мааниде бүткүл дүйнөлүк экономикага сокку урат.

Кытайлык транспорттук учактардын Иранга каттамдары тууралуу тастыкталбаган маалыматтар чыңалуунун өсүп жатканын гана баса белгилейт. Нефть өндүрүүчү өлкөлөр жана аймактык державалар – Сауд Арабиясы, БАЭ, Түркия тынчсыздануусун билдирип жатканы таң калыштуу эмес. Ирандагы согуштун эч кимге кереги жок: анда жеңүүчүлөр болбойт, ал эми курмандыктардын масштабы өтө чоң болот.

Ошондуктан бүгүнкү күндө Катар жана Оман аркылуу дипломатиялык каналдарга басым жасалууда. Алардын канчалык деңгээлде натыйжалуу болорун азырынча айтуу кыйын. Дональд Трамптын саясий туруксуздугу, анын импульсивдүүлүгү жана чечимди күч менен таңуулоо аракети кырдаалды олуттуу татаалдаштырууда. Иранга сокку уруу башаламандыктын чынжырлуу реакциясын, жашыруун күчтөрдүн жана күрд куралдуу топторунун активдешүүсүн ишке киргизип, кандуу кагылышууларга жана жаңы автономия талаптарына алып келиши мүмкүн. Бул өтө кылдат жана кооптуу сценарий.

Борбордук Азияга мүмкүн болгон чыр-чатактын таасири өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Аймак бүгүнкү күндө Иран менен соода-экономикалык жана саясий кызматташтык үчүн олуттуу потенциалга ээ. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун деңизге чыгуу долбоорунун ишке ашырылып жатканы бекеринен эмес. Борбордук Азия республикаларынын Иран менен болгон мамилеси акыркы жылдары оң багытта өнүгүп жатат жана согуш бул перспективага коркунуч келтирет. Мунайдын кымбатташы дүйнөлүк экономикага да, аймактын стратегиялык өнөктөштөрүнө, анын ичинде Россияга да сокку урат.

Ирандын укук коргоо органдары массалык башаламандыктар учурунда өтө узак убакыт, эки жумадай күтүү позициясын ээледи. Мыйзам жана конституциялык түзүлүш бузулду, бирок чечкиндүү чаралар көрүлгөн жок. Баштапкы этапта мыйзам чегинде аракет кылынса, кырдаалды жергиликтүү деңгээлде чечүүгө мүмкүн болчу. Бирок убакыт өтүп кетти, качан гана башаламандыктар бүтүндөй аймакты каптаганда жооп кайтарыла баштады. Бул тажрыйба, албетте, келечекте олуттуу талдоонун предмети болот.

Артур Медетбеков