Орусия менен Украина тирешти күчөтө берсе, үчүнчү дүйнөлүк согушту жаратып коюшу мүмкүн
КШнын президенти Дональд Трамп президент болордун алдында «мен президент болсом, дүйнөдө согуш токтойт» деди эле. Эмнегедир Россия-Украина согушуна анчалык таасир эте албай жатат го?
Албетте, бул аспектиде АКШ дүйнөлүк лидер катары эсептелет. Ошондуктан Трамп мындай процесстерге таасир эте алат. Дүйнөдөгү согуштарды анын ичинен Россия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу анын шайлоо алдындагы күчтүү саясий программасы болчу. Себеби муну АКШнын экономикасына таасир эткен фактор катары дагы алып чыгып жаткан. Тагыраагы, «буга чейин президент болгон Байден дагы бул согушту токтотуп кала албады. Согуш Байдендин убагында башталып калды» деген күнөөлөрдү коюп, шайлоодо АКШны мигранттардан тазалоодон тышкары дагы ушул маселени көтөргөн. «Евразия алкагында ушул эки өлкөнүн согушун токтотом» деген. Чынында бул нерсе Трамп үчүн дүйнөлүк аспектиден тышкары дагы ички саясий рейтингине да таасир этип турган маселе болчу.
Негизи АКШнын Орусияга да, Украинага дагы таасир эте турган көп механизмдери, институттары, инструменттери жана ресурстары бар. Алар ушул багыттагы аракеттерин биз көрүп жана байкап жатабыз. Европа мамлекеттери эмнегедир АКШ айткандай эмес, башкачараак позицияны карманышканы байкалууда. Зеленскийдин жана Путиндин дагы позициясы ар кандай болуп жатат. Бирок, алардын тынчтык жолуна кадам таштап жатканын байкап жатабыз. Мына ушундай демилгелер боло бериши керек.
Албетте, бул маанилүү фактор Орусияга, Украинага да маанилүү. Анткени, булар ынтымакка келбей тирешти күчөтө берсе, үчүнчү дүйнөлүк согушту жаратып, бүткүл адамзатына коркунуч алып келип коюшу мүмкүн. Ошон үчүн Трамптын демилгесин колдошубуз керек. Албетте, чоң саясатта ар кандай кызыкчылыктар болот. Бирок, ушул учурда тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактоого дүйнөдөгү бардык мамлекеттер салым кошуп, Украина менен Россияны ынтымакка чакыруу аракетин көрүшсө жакшы болмок.
