13 октябрь

Манас Саматов: Айыл чарбага жаңы формула киргизбесе – дыйкан алсырайт, чайкоочу жыргайт

Эмне себептен жыл сайын күзүндө, түшүм жыйналган маалда дыйкандардын эмгеги акталбай жатканы тууралуу маселе пайда болот. Мисалы, картошканын килограммын дыйкан 13 сомдон 20 сомго чейин сатса, аны алган ортомчу базарга 80-100 сомдон чыгарат.

Эмнеге жыл сайын кайталанчу маселенин чечүү жолдору ушул убакка чейин табыла элек? Дыйкандын эмгегинин акыбети кайтпай, бирок ортомчулардын капчыгы калыңдап жатканына ким күнөөлүү? Дыйканга бүгүнкү күндө эмне жетишпейт? 

Бул суроого жооп берүү үчүн ички базарлардагы түзүлгөн кырдаалдын терс жактарын белгилей кетели. Мөмө-жемиш базарлары менчик. Сатуу орундарын базаркомдор эптүүлөргө (ортомчу, чайкоочу жана башка маклерлерге) ижарага берип салган.

Ошондуктан фермерлер үчүн мындай базарлардын эшиктери жабык. Кымбатчылык дал ошол базарлардан башталат.

Бул көйгөйдү жоюп, жокко чыгаруунун бир эле жолу бар.

Ар бир райондо, шаарларда бардык шарттары менен муниципиалдык "Фермерлер базары" деп куруп, ал жерде жалаң өндүрүшчү фермерлер гана өздөрү өндүргөн продукциясын кардарларга түздөн түз сатуу мүмкүнчүлүгүн жаратуу зарыл.

Болгондо да мындай базарларды райборборлордун, шаарлардын бир четине, хан жолдорунан бир аз алыстатып куруу максатка ылайык болоор эле.

Ошол базардан 15-20 чакырым аралыкта жашаган эл да, фермерлер да ошого көнөт.

Мындай кадам өндүрүшчү үчүн да, кардар үчүн да ыңгайлуу - чайкоочу оюндан чыгарылат.

Мындан кем эмес маанилүү маселе – экспорт.

Сырткы базарлардын талаптарын дагы дайыма дыкаттык менен анализдеп, туура пайдалануу фермерлер үчүн өз өндүрүмдөрүн жакшы сатуунун дагы бир чоң жолун ачаар эле.

Өкмөт айыл чарба өндүрүмдөрүн экспорт кылууга ар түрдүү тыюу салуулар практикасын тык токтотушу зарыл.

Тирүү мал, эт, картошка, сабиз, пияз, алма, малина, кулпунай бүт баарын сыртка чыгаруу пайдалуу болсо, чек араларды толук ачып, тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат бериш керек.

Эспорт жасоо укугуна ар бир фермер ээ болушу шарт.

Фермердин статусун мыйзамдык деңгээлде ачык, так белгилей турган мезгил келди.

Министрлик менен биргеликте биз "Үй-бүлөлүк фермердик чарба" жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун иштеп чыкканбыз. Министрлик тез арада ал мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна коюп, өткөрүп берсе жакшы болмок.

Анткени өлкөбүздө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын дээрлик 97 пайызы дал ошол үй-бүлөлүк фермердик чарбалар аркылуу алынат.

Дыйкандын эмгеги эмнеге бааланбай калышы мүмкүн. 

Алардын баёолугу, эски көз караштары, ортомчулардын эптүүлүгү, мамлекеттик органдардын иш билги эместиги - баары аралашып отуруп бүгүнкү туңгуюкка алып келди.

Фермерлер көр тиричиликтин тузагына чалынып, өзү менен өзү. Чайкоочу эптүүлөр кырдаалды жакшы өздөштүрүп алышкан. Талаага келип акчасынын күчү менен фермерге “арзан сат” деп басым жасайт, базарга барып беш колун оозуна салып, кардардын чөнтөгүн кактайт.

Чиновниктер аралашууга амалсыз, сырттан байкоочу катары эле карап турушат. Анткени айыл чарба продукцияларын талаадан керектөөчүлөрдүн дасторконуна чейин жеткирүүнүн туруктуу системасын түптөй алышкан жок.

Жер-жемиш, мөмө-жемиш өндүрүүнүн да, сатуунун да, импорт-экспорт иштерин жөнгө салуунун да принциптери, эрежелери иштелип чыккан жок.

Ошондуктан айылдарыбыздын күндөлүк турмушу башаламандыктын кучагында өтүп келе жатат.

Айыл чарба тармагын терең, чечкиндүү реформалап мамлекет менен фермерлердин ортосундагы мамиленин формуласын, арифметикалык, социалдык параметрлерин илимий негизде, дыккаттык менен иштеп чыгуу мезгили келип жетти.

Кесипкөй кишилерди ишке тартуу керек. Болгондо да жаңы формуланы санариптештрүү деңгээлинде иштеп чыгуу зарыл. Антпесек кайра эле заман талаптарынан артта кала калып сүйрөлүп жүрө беребиз.

Манас Саматов
Манас Саматов фермер, техника илимдеринин кандидаты, эл аралык консультант